КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 30-декабры ПЖ № 179
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
Абжалбек кызы Зарина;
Ажимуратов Болотбек Камилович;
Арзиев Ачылбек Муракимович;
Бекенов Туратбек Орозбаевич;
Бекишов Эрлан Дуулатбекович;
Болотбаев Мелис Жаныбекович;
Дыйканов Нургазы Пиримбердиевич;
Жаназаков Бакытбек Маасыдыкович;
Жолдошалиев Расул Абдыракманович;
Калыбеков Урмат Анварбекович;
Мамбетов Элдияр Асантурович;
Моютова Назгүл Аманбековна;
Оболбеков Бактияр Аскарбекович;
Салиев Канатбек Камчыбекович;
Шаназаров Карабай Кожомбердиевич;
Энкилбаева Эльнура Батырбаевна.
2. Орозалиев Алмазбек Касыевич курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |