Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 6- сессиясы
2017-жылдын 14-апрели № 7/3
«Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунан жерлерин» ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-111 бекиген токтомундагы «Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунан жерлерин» ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү» типтүү жобонун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 бекиген токтомунун жана Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тийешелүү «Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунан жерлерин» ижарага берилген, келишими бүткөн жерлерди кайра берүү максатында жана жаздын кеч келгендигине байланыштууДөбөлү айыл аймагынын айылдык депутаттар Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тийешелүү «Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунан жерлерин» ижарага берилген, келишими бүткөн жерлери кайра ижарага берилсин.
2. АЖМФ жерлери ижарага тоорукка (аукцион, конкурс жана түз берүү) 1,0 га (бир гектардан) коюлсун.
3. АЖМФ жерлеринен талап кылынбаган жер участкаларын түз берүү жагы менен гектары чектелбеген аянттарына жеңилдетилген баалар менен берилсин.
4. Дөбөлү айыл аймагынын жер жанатурак жай боюнча комиссиясынын 2017-жылдын 27-март айындагы отурумунун токтому бекитилсин.
5. АЖМФ жерлери ижарага тоорук (аукцион, конкурс жана түз берүү) жагы 2017-жылдын 27-апрель айында Кеңеш айылында өткөрүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Токталиевге тапшырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Касымовага тапшырылсын.
Төрага | А. Бектемиров |