Редакцияот 10.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2020-жылдын 10-январы ПЖ № 2

Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө

Кыргызстандын согуштан кийинки социалдык-экономикалык калыптануусуна зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун ысымын түбөлүккө калтыруу жана 2020-жылы анын туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. И.Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгы жогорку улуттук деңгээлде белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

- бир айлык мөөнөттө И.Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү, ошондой эле иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгуу жана бекитүү;

- аталган планды ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен зарыл финансылык каражаттарды бөлүүнү кароо.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 14-январындагы N 3 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков