Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 22-январы ПЖ № 10
Н.С.Мирзахмедов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Мирзахмедов Нурболот Сабиржановичтин отставкасы кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызматынан бошотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Негиз: Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Н.С.Мирзахмедовдун арызы.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |