Редакцияот 02.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2019-жылдын 2-декабры ПЖ № 165

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу маселелерин алдын ала карап чыгуу үчүн

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

 

Салиев Алмамбет Абдимиталипович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, Комиссиянын төрагасы;

Тургунбеков Мирлан Эрмекович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары;

Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Шукурбеков Улугбек Абдималикович

-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы;

Мадмаров Азизбек Маматович

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич

-

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;

Сарымсаков Манас Болотович

-

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Мамбетов Алмаз Ишенбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;

Токтоболотов Самат Николаевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 12-апрелиндеги № 56 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 12-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 5-июлундагы № 91 Жарлыгы.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков