Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 56 Жарлыгына) |
Аймагына өзгөчө абал киргизилген Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун комендатурасы жөнүндө жобо
1. Аймагына өзгөчө абал киргизилген Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун комендатурасы (мындан ары - комендантура) жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо кызыкчылыгында, COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышы менен байланышкан кризистик кырдаалды тез арада турукташтыруу максатында түзүлгөн жумушчу орган болуп саналат, ал мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип өзгөчө абалдын режимин камсыз кылуу жаатында жетекчиликти жүргүзөт.
2. Комендатура өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн актыларына, башка ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
3. Комендатурага жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты (мындан ары - Комендант) жүргүзөт, ал комендатурага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана өзүнүн функцияларынын жүзөгө ашырылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Комендант өзгөчө абалдын режимин камсыз кылуу маселелери боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчиктин түрүнө карабастан бардык уюмдардын жана кызмат адамдарынын, жарандардын, ошондой эле коргоо, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаал маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, өзгөчө абал киргизилген аймакта жайгашкан аскердик түзүлүштөрдүн жана өзгөчө абалдын режимин камсыз кылуу үчүн кошумча тартылган аскердик түзүлүштөрдүн начальниктери (командирлери) аткарышы үчүн милдеттүү болгон өзгөчө абалдын режимин камсыз кылуу маселелери боюнча буйруктарды жана тескемелерди мыйзамда белгиленген тартипте чыгарат.
4. Комендатура мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өзгөчө абал киргизилген аймакта жайгашкан укук коргоо органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өкүлдөрүнөн түзүлөт.
Комендатуранын аппаратынын түзүмүн Комендант аныктайт.
5. Комендатура Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын имаратында жайгашат.
6. Комендатуранын ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен жүргүзүлөт.
7. Комендатуранын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) өзгөчө абал режими киргизилген жерде коомдук тартипти жана коопсуздукту, стратегиялык объекттерди, ошондой эле калктын жашоо-турмушун жана транспорттун иштешин камсыздаган обьекттерди коргоону камсыз кылуу;
2) COVID-19 коронавирустук инфекцияга шектелген адамды, ошондой эле өзгөчө абал режимин бузуп кармалган адамдарды кармоо жана коомдон бөлүү;
3) Коменданттын буйруктарынын жана тескемелеринин талаптагыдай аткарылышын контролдоо;
4) өзгөчө абалдын шарттарында киргизилген чаралардын жана убактылуу чектөөлөрдүн аткарылышын контролдоо;
5) медициналык изилдөөдөн жана дарылоодон, карантин режимин сактоодон качкан, эпидемиологиялык кырдаалды аныктоо үчүн мааниси бар маалыматтарды жашырган адамдарды, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдардын жоопкерчилик чарасын контролдоо;
6) өзгөчө абал киргизилген аймакта жагдайдын өнүгүшү жөнүндө маалыматты чогултууну, жалпылоону жана талдоону уюштуруу.
8. Негизги милдеттерди аткаруу үчүн комендатура төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) өзгөчө абал режимин камсыз кылуу маселелери боюнча Коменданттын буйруктарынын жана тескемелеринин долбоорлорун, ошондой эле өзгөчө абалды киргизүү үчүн негиз болгон жагдайды жоюу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгат;
2) контролдоо-өткөрүү режимин, жарандарды жана транспорт каражаттарын текшерүүнү жана карап чыгууну, аталган жердин жашоочусу болуп саналбаган коомдук тартипти бузгандарды, анын ичинде чет өлкөлүк жарандарды да алардын эсебинен алар туруктуу жашаган жерге же өзгөчө абал киргизилген аймактын чектеринен тышкары жерге чыгарууну уюштурат;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жана өзгөчө абал режимин камсыз кылуу боюнча Коменданттын буйруктарын жана тескемелерин калкка маалымдоону уюштурат;
4) COVID-19 коронавирустук инфекция бар деп шектелген адамдарды, ошондой эле өзгөчө абал режимин бузуп кармалган адамдарды кармоо жана коомдон бөлүү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылат;
5) эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртууга жана аталган жерде мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылууга багытталган ыкчам-профилактикалык иш-чараларды пландайт жана өткөрөт:
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
9. Комендант төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзгөчө абал киргизилген аймакта иштеген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык жыйналыштарына катышууга жана анын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуш киргизүүгө;
2) өзүнүн ишин жүргүзүү үчүн зарыл документтерди жана маалыматтарды мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан суратууга жана алууга;
3) Кыргыз Республикасынын коргоо жана ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрүн коомдук тартипти, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылган объекттерди коргоого тартууга;
4) өзгөчө абалды киргизүү үчүн негиз болгон жагдайларды жоюу маселелерин чечүү үчүн зарыл талдоочулук, эксперттик жана башка иштерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын адистерин тартууга;
5) өзгөчө абалды киргизүү үчүн негиз болгон жагдайларды жоюу боюнча милдеттерди аткарууга тийиштүү маселелерди кароо жөнүндө мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштарды киргизүүгө;
6) өзгөчө абал киргизилген жерде комендатурада журналисттерди аккредитациялоону уюштурууга;
7) зарыл болгондо "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган кошумча чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү колдонууга.
10. Коменданттын милдеттери:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин ушул Жарлыгында каралган чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү колдонууну камсыз кылуу;
2) күн сайын калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен COVID-19 коронавирустук инфекция бар деп шектелген адамдарды табууда түзүлгөн кырдаалды талдоо, аларды андан ары кармоо жана дарылоо, ошондой эле эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртууга багытталган ыкчам-профилактикалык иш-чараларды өткөрүү боюнча контролду күчөтүү;
3) күн сайын өзгөчө абал режими киргизилген аймакта жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен коомдук тартиптин жана коопсуздуктун талаптагыдай деңгээлин кармап туруу боюнча алардын ишинин уюштурулушун талдоо, укук бузууларды алдын алуу жана болтурбоо боюнча уюштуруучулук-практикалык чараларды аныктоо;
4) патрулдардын, ошондой эле өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди, ошондой эле калктын жашоо-тиричилигин жана транспорттун ишин камсыз кылган объекттерди коргоону жүзөгө ашырган посттордун кызмат өтөө тартибине текшерүү уюштуруу;
5) контролдук-өткөрүү режиминин абалына текшерүү уюштуруу;
6) өлкөнүн башка региондорунан кошумча күчтөрдүн жана каражаттардын келишине жана алмашып турушуна контролду жүзөгө ашыруу;
7) өзгөчө абал киргизилген аймакта иш жүргүзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү комендатуранын милдеттерин аткарууга тиешелүү маселелер боюнча өз ара аракеттенип туруу;
8) өзгөчө абалды киргизүү үчүн негиз болгон жагдайларды жоюу боюнча Коменданттын буйруктарынын жана тескемелеринин аткарылышы жөнүндө уюмдардын жетекчилерин угуу;
9) жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн басма сөз-конференцияларды же брифингдерди өткөрүү;
10) өзгөчө абал режимин кармап туруу боюнча иш-чараларга финансылык чыгымдарды эсепке алуу.
11. Комендатура өз ишин өзгөчө абалдын мөөнөтү бүткөндөн кийин, эгер ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен узартылбаса, же болбосо Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан өзгөчө абал алып салынганда токтотот.
12. Комендатуранын ишинин жүрүшүндө алынган жана даярдалган документтер жана материалдар санитардык-эпидемиологиялык кырдаалдан улам өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берилет.
13. Мыйзамдарга ылайык комендатуранын ишин камсыз кылуу үчүн берилген материалдык баалуулуктар жана мүлк бул материалдык баалуулуктарды жана мүлктү берген мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка уюмдарга өткөрүлүп берилет.