Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 3-апрели № 80
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2020-жылдын 18-мартынан баштап 28-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын COVID-19 коронавирустук инфекциясын (мындан ары - коронавирустук инфекциясы) жуктуруп алган 708 фактысы аныкталды.
Өзгөчө абалды жарыялоо жана күчөтүлгөн чектөө чараларын киргизүү коронавирустук инфекциясынын Кыргыз Республикасынын аймагында кеңири жайылышын токтотууга, жуктуруу очокторун локалдаштырууга, жалпысынан жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактап калууга мүмкүндүк берди.
Ишке тартылган мамлекеттик органдар коронавирустук инфекциясын жуктурган симптомдору бар жарандарды аныктоо, анын ичинде инфекция жуккандар менен мурда контакт болгондордун арасынан табуу боюнча иштерди улантууда.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын айрым шаарларында жана райондорунда санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруксуз деп мүнөздөлөт. Коронавирустук инфекциясы жуккан адамдар дагы эле табылууда, айрым жарандар ооруканаларда дарыланып жатат.
Ушуга байланыштуу жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун жана алардын коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында өзгөчө абалды дагы узартып туруу зарыл болууда.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3 жана 4-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 28-апрелиндеги № 8 чечимин көңүлгө алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президеитинин 2020-жылдын 24-мартындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-1-пункттагы "2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00ге" деген сөздөр "2020-жылдын 10-майына 24.00ге" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын аймагында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00ден баштап 2020-жылдын 10-майына саат 24.00ге чейин, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00ден баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00ге чейин өзгөчө абал киргизилсин.".
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы № 57 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизуу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
" 1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын аймагында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00ден баштап 2020-жылдын 10-майына саат 24.00ге чейин жана Сузак районунун аймагында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00ден баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00ге чейин өзгөчө абал киргизилсин.".
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 72 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизуу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1 -пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00ден баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00ге чейин жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00ден баштап 2020-жылдын 10-майына саат 24.00ге чейин өзгөчө абал киргизилсин".
5. Бул Жарлык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчун жиберилсин.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Президент | С.Ш. Жээнбеков
|