Редакцияот 04.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2020-жылдын 4-марты ПЖ № 46

С.И.Кузьменко жөнүндө

Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы С.И.Кузьменкону өз каалоосу боюнча ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кузьменко Сергей Иванович өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, анын Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков