КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 10-марты ПЖ № 52
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
Арзиев Марс Мусаевич;
Джолбунов Нурбек Болотбекович;
Джунушева Назгуль Турусбековна;
Жолдошова Мээрим Адамжановна;
Казаков Кеңешбек Осмонович;
Сатимкулов Убайдулла Акилбекович;
Суханбердиев Данияр Абдамитович;
Таджибаева Тахмина Саматкановна;
Шукуралиев Альгис Рыспекович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |