Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-январы № 2
Айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга бюджетин бекитүү жана 2018-19 жылдар үчүн бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Майдан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселе боюнча 1998-жылдын 11-июнундагы №78 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» , 2003-жылдын 25-сентябрындагы № 215 «Өз алдынча башкаруу органдарынын финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү», 2016-жылдын 16-майындагы №60 «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде түзүлүп, бюджет жана экономика комитеттеринде каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Майдан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджети кирешелер боюнча 25757,6 миң сом, чыгашалары боюнча 24005,9 миң сом өлчөмүндө аткарылган отчету бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү атайын каражаттар менен 15038,0 миң сом өлчөмүндө № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин чыгашалар бөлүгү 14573,7 миң сом (атайын каражатсыз) өлчөмүндө № 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн 2017-жылга атайын каражаттар боюнча кирешелери жана чыгашалары 464,3 миң сом өлчөмүндө №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдар үчүн негизги параметрлеринин болжолу 2018-жылга кирешелер жана чыгашалары 15197,0 миң сом өлчөмүндө № 4-тиркемеге ылайык, 2019-жылга кирешелер жана чыгашалары 15640,6 миң сом өлчөмүндө №5-тиркемеге ылайык жактырылсын.
6. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгекакы, социалдык фондко чегерүүлөр, тамак аш, коммуналдык чыгымдар) жургузулсун.
7. Чыгашалардын корголгон беренелерине каралган каражаттар штат бирдиктери жана нормативдик документтер өзгөртүлгөндө азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.
8. Бюджеттик жана атайын каражаттарды казыналыкты айланып өтүү менен иштөөгө тыюу салынсын.
9. Айыл өкмөттүн 2017-жылга бюджети 1-январь 2017-жылдан баштап ишке киргизилсин.
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Курмушуев |