КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 28-майы ПЖ № 97
Н.К.Каипова жана Б.О.Мажитов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу Каипова Нурила Кочкоровна жана Мажитов Бакытбек Омурзакович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, алардын Жалал-Абад облусунун административдик сотунун судьяларынын ыйгарым укуктары 2020-жылдын 25-майынан тартып токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |