Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 7-февралы ПЖ № 29
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы "Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы № 215 "Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууну контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун курамында:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси - министри, жетекчинин орун басары;";
жетинчи абзац алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Даутов Ялкун Умержанович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коррупцияга каршы кеңештин мүчөсү.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 13 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |