Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 15-июлу ПЖ № 148
A.З.Мырзабекованы (курман болгондон кийин) "Эрдик" медалы менен сыйлоо жөнүндө
Өз жанын аябай жасаган ыктыярдуу эмгеги жана коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Мырзабекова Адинай Замирбековна "Эрдик" медалы менен сыйлансын (курман болгондон кийин).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |