Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 261 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ Айыл чарба продукциясын даярдоо, кайра иштетүү жана сатып өткөрүү жагындагы кырдаалды жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө Соњку жылдары республиканын айылчарбасында айылчарба продукциясынынкээ бир түрлөрүн, атап айтканда, пахта, тамеки, фасоль, картошка жанажашылчаларды сатып өткөрүү жагында оор кырдаал түзүлүп жатат. Булжагында мамлекеттик жөнгө салуу жок болгондуктан терс тенденциялар күчалып, өстүрүлгөн продукция сатылбай жана иштетилбей калып же аныөндүрүүгө кеткен чыгымдарды жаппай турган арзан баага сатылып жатат.Мунун кесепетинен көп дыйкан чарбалары жакырланып, мезгил-мезгилименен сунуш менен талаптын ортосунда тењсиздиктер пайда болуп,кризистүү көрүнүштөр, айылдык калк арасында социалдык оор абал курчупжатат. Республиканын өкмөтү көрүп жаткан чаралар чынында орун алганмаселени эске албайт жана ошондуктан алар таасирдүү эмес жананатыйжасыз. Дыйкан (фермер) чарбаларыиа өздөрү өстүргөн айыл чарбапродукцияларын сатып өткөрүүгө таасирдүү көмөк көрсөтүү максатындатоктом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүөнөржай министрлиги башка таламдаш ведомстволор менен бирдикте ар жылыжыл башына карата мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлө турган айылчарба продукцияларыньн негизги түрлөрүн жана анын көлөмүн аныктасын. 2. Айыл чарба продукцияларын мамлекеттик сатып алуу жана сатыпөткөрүү функциясы "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасына жүктөлсүн. 3. «Кыргызресурстары» мамлекеттик ишканасы республиканын бүткүлаймагында айылчарба продукцияларын даярдоо жана сатып өткөрүүнү өзубагында жана сапаттуу жүргүзүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелердичечүүгө милдеттендирилсин. - айылчарба продукциясын даярдоо жана сатып өткөрүү боюнчаишканалардын тармагын кењейтүү боюнча иштиктүү иш-чараларды иштепчыксын; - айылчарба продукциясын даярдоо жана сатып өткөрүү жагындаишканаларды ачууга зарыл документтерди толтурууга бардык чарбажүргүзүүчү субъектерге ар тараптан колдоо жана көмөк көрсөтсүн. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө: - айылчарба продукциясын даярдоо жана сатып өткөрүү үчүн«Кыргызресурстары» мамлекеттик ишканасына ар жылдык жењилдетилгенкредит берүү үчүн финансы ресурстарын издеп тапсын; - менчигинин түрүнө карабастан айылчарба продукциясын даярдаганчарба жүргүзүүчү субъекттерге ар жылдык жењилдетилген кредит берүүүчүн зарыл көлөмдө ички жана четөлкөлүк тикелей инвестицияларды тартуубоюнча чараларды көрсүн; - республика өз керектөөсүн өзү канааттандыра ал турган айылчарбапродукциясынын импорттолуучу айрым түрлөрүнө колдонуудагы мыйзамдаргаылайык квота киргизүүнү карасын; - республикадан тышкары жерлерге айылчарба продукциясын авиацияжана темиржол менен ташууга жењилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгүн чечсин; - "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынындолбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизсин; - айылчарба продукциясын даярдоо жана сатып өткөрүү жагындаиштеген бардык чарба жүргүзүүчү субъекттерге алгачкы үч жыл ичиндепайдадан, ошондой эле коммерциялык банктар үчүн айылчарба продукциясындаярдоо жана сатып өткөрүү үчүн кредит берүүдөн алган пайдасына салыкалууну 10 процент өлчөмүндө белгилөө мүмкүнчүлүгүн карасын; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, КыргызРеспубликасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз РеспубликасынынКоргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактооминистрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактанкоргоо министрлигинин бюджеттик уюмдарынын муктаждыктары үчүн «Тамак-аш» статьясы боюнча айылчарба продукцияларын мамлекеттик сатыпалууларды уюштуруунун кыйла өркүндөтүлгөн рыноктук механизмдеринкиргизсин, муну менен катар конкретгүү дыйкан (фермер) чарбасынансатып алуулардын тепдердик сатып алуу формасынан келишимдик-контракттык формасына өтүү мүмкүнчүлүгүн карасын. 6. Кыргыз Республикасыныны Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик комитети иштебей турган жана чыгашалуу ишканалардын бошжана пайдаланылбай жаткан кампаларын жана жемишерди сактоочу жайларынкийин сатып алуу жагын кароо менен айылчарба продукциясын даярдоо жанасатып өткөрүү жагымда иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттердиноперативдүү башкаруусуна өткөрүп берүү боюнча зарыл чараларды көрсүн,ал эми Кыргызкерек-жарак союзуна бул маселени кароо сунуш кылынсын. 7. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, тышкы соода жанаөнөржай министрлиги: - чектеш мамлекеттердин чегараларында айылчарба продукциясын сатыпөткөрүү боюнча дүњ базарларды мүмкүнчүлүгүн карасын; - четөлкөлөрдө соода өкүлчүлүктөрүнүн ишин жандандыруу жанажакшыртуу боюнча ачык-айкын чараларды көрсүн; Кыргыз Республикасынан айылчарба продукциясын берүүгө мамлекеттераралык келишимдерди түзүүнү артыкчылыктуу багыт деп эсептесин. 8. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигилиги республиканынчегинде айылчарба жана кайра иштетүү тармагынын продукцияларын ташыгантранспорт каражаттарынын тоскоолсуз жүрүшүн камсыз кылсын. 9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайыккелтирсин. 10. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жанамамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. 11. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев