Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 28-августа № 164
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу төмөнкүлөр сыйлансын:
I даражадагы “Манас” ордени менен
Кудаяров Дуйшө Кудаярович | – | И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталдык педиатрия кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;
|
II даражадагы “Манас” ордени менен:
Мамакеев Мамбет Мамакеевич | – | И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;
|
Султанов Омор | – | акын, коомдук ишмер;
|
III даражадагы “Манас” ордени менен
Ашыралиев Кемел | – | коомдук ишмер; |
“Даңк” медалы менен:
Джолдошева Салия | – | пенсионер;
|
Рахимов Мамыржан Тойчиевич
| – | Баткен шаарынын мэри;
|
Рахимов Ахмаджон Каримович | – | Кара-Суу балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин эркин күрөш боюнча машыктыруучусу;
|
Султаналиева Рая Мамакеевна | – | И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча проректору;
|
ыйгарылсын:
“Кыргыз Республикасынын эл артисти”
деген ардак наам:
Алсеитова Шайгуль Токтакуновнага | – | Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артистине;
|
Бактыгулов Сталбек Алтымышовичке | – | композитор, “Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу” коомдук бирикмесинин мүчɵсү, композиторго;
|
Ивакова (Момушова) Гульмайрам Момушовнага
| – | ырчы, аткаруучуга; |
Малдыбаева Жылдыз Абдыласовнага | – | композитор, “Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу” коомдук бирикмесинин мүчɵсүнө;
|
Урманов Урканга | – | А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин артистине;
|
“Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу”
деген ардак наам:
Байгазиев Советбек Орозкановичке | – | жазуучу, Кыргыз билим берүү академиясынын башкы илимий кызматкерине;
|
Станалиев Самсак Станалиевичке | – | жазуучу, “Ала-Тоо” журналынын башкы редакторуна;
|
“Кыргыз Республикасынын эл акыны”
деген ардак наам
Закирова Тазагүлгө | – | акын, “Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсүнө;
|
“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти”
деген ардак наам:
Аликеев Малик Жунушовичке | – | Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын “Эл ырчысы–Эстебес тобу” фольклордук тобунун солистине;
|
Конушева Гульшан Ниязбековнага | – | К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын атайын фортепиано кафедрасынын башчысына;
|
Касымов Дуйшенбекке | – | Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин артистине;
|
Кочорбаев Рахатбек Сардарбековичке | – | Бишкек шаарындагы № 5 балдар музыкалык мектебинин комуз классы боюнча мугалимине;
|
Стамкулова Феруза Икрамовнага | – | А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солистине;
|
Черикчиева Токтобубу Апышовнага | – | ырчы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант К. Усенбеков атындагы Аскер институтунун маданий иш- чараларды өткөрүү боюнча инструкторуна;
|
“Кыргыз Республикасынын маданиятына
эмгек сиңирген ишмер” деген ардак наам:
Айтпаева Гульнара Амановнага | – | “Айгине” маданий-изилдөө борборунун директоруна;
|
Асакеева Бурул Амантуровнага | – | балдардын “Рабаят” чыгармачылык бирикмесинин жана “Рабаят” кɵчмɵ куурчак театрынын жетекчисине;
|
Бостонкулов Маматибраимге | – | ырчы-композитор, акын, драматург, жазуучу, “Кыргызстан театр ишмерлер союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсүнө;
|
Джапаркулова Венера Самарбековнага | – | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу М. Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатынын мугалимине;
|
Исабаева Жыпаркүл Ошуровнага | – | жазуучу, “Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү, “Кыргыз Туусу” гезитинин редакциясынын маданият бөлүмүнүн башчысына;
|
Калилов Кадырга | – | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Биринчи радио” коомдук радиоканалынын комментаторуна;
|
Калыбеков Нурланбек Осконалиевичке | – | жазуучу, “Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсүнө;
|
Камчыбекова Уулбүбүгө | – | Ош облусунун Ноокат райондук маданият үйүнүн ийриминин жетекчисине;
|
Касымова Мария Абдыжапаровнага | – | А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балетмейстерине;
|
Мамбеталиева Орозган Асаналиевнага | – | сүрөтчү, “Кыргызстандын сүрөтчү жана көркөм өнөр таануучу аялдар ассоциациясы” коомдук бирикмесинин төрагасына;
|
Маткеримова Тилек Борончиевнага | – | ырчы, хор уюштуруучу, “Кыргызстан театр ишмерлер союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсүнө;
|
Оторбаев Түгөлбек Турпановичке | – | акын, журналист, “Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу” жана “Кыргыз Республикасынын журналисттер союзу” коомдук бирикмелеринин мүчөсүнө;
|
Пасанова Зинаканга | – | акын, жазуучу, “Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсүнө;
|
Турумбаева Чолпон Мукашовнага | – | комузчу, дирижер, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин доцентине;
|
Чокиев Турдубек Асановичке | – | композитор, “Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсүнө;
|
“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы”
деген ардак наам:
Амангелдиева Канчайм Аскаровнага | – | Каракол шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык-бактериологиялык лабораториясынын башчысына;
|
Болотбеков Бакытбек Абдылдаевичке | – | Чүй облустук бириккен ооруканасынын директоруна;
|
Дворкин Михаил Ицковичке | – | И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын доцентине;
|
Джузумалиева Кулжамал Сардаровнага | – | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысына;
|
Кыргызбаев Жекшенбекке | – | Ысык-Көл райондук аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнүн хирург-врачына;
|
Cарымсаков Талантбек Бектемировичке | – | Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун медициналык тез жардам бөлүмүнүн башчысына;
|
Тулегабылова Нургуль Мукашевнага | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы” мамлекеттик мекемесинин диагностика бөлүмүнүн башчысына;
|
Тилеков Эрнис Абдышевичке | – | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун директоруна;
|
“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу”
деген ардак наам:
Джоошбеков Болотко |
| “МАКСАТ” көп тармактуу өндүрүштүк фирмасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директоруна, Токмок шаары;
|
Иязалиев Тургунбек Токтосуновичке | – | “Кант цемент заводу” ачык акционердик коомунун курулуш участкасынын начальнигине;
|
Кыдыров Абдыкайым Джалаловичке | – | “Сандвич” жоопкерчилиги чектелген коомунун директоруна, Ош шаары;
|
Маралбаев Асылбек Осконбаевичке | – | “ДСК “Азат” ачык акционердик коомунун “СМУ-3” жоопкерчилиги чектелген коомунун өндүрүш боюнча директорунун биринчи орун басарына, Бишкек шаары;
|
Сагынбеков Карыпбекке | – | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын курулуш-техникалык экспертизалар башкармалыгынын начальнигине;
|
“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими”
деген ардак наам:
Асанкадырова Гулумкан Асанкадыровнага | – | Бишкек шаарынын А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин башталгыч класстарынын мугалимине;
|
Аттокурова Урнисага | – | Чүй облусунун Чүй районундагы А. Жансеитов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалимине;
|
Бапышова Нуржамалга | – | Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы И. Умаров атындагы № 9 орто мектебинин тарых мугалимине;
|
Байматов Нуркалыйга | – | Бишкек шаарындагы А. Каниметов атындагы № 1 гимназия-интернатынын директоруна;
|
Джунушева Чолпон Мелсбековнага | – | Бишкек шаарындагы № 70 мектеп-гимназиясынын окуу-тарбиялоо комплексинин директоруна;
|
Жаңыбаева Гүлжамал Акуновнага | – | Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ж. Ашымов атындагы № 20 Арал жалпы орто билим берүү мектебинин директоруна;
|
Селезнева Елена Борисовнага | – | Бишкек шаарындагы № 26 француз тилин тереңдетип окутуучу гимназия-комплексинин директоруна;
|
“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи”
деген ардак наам
Осконбаев Эмиль Жолдошевичке | – | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасынын орун басарына; |
“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти”
деген ардак наам:
Джаилов Джумабек Сатаевичке | – | М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин үзгүлтүксүз ачык билим берүү институнунун профессоруна;
|
Шамшиев Насирдинге | – | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүүнүн макроэкономикалык саясаты башкы башкармалыгынын кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүү саясатын координациялоо бөлүмүнүн башчысына;
|
“Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер”
деген ардак наам
Асанканов Абылабекке | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б. Джамгерчинов атындагы тарых, археология жана этнология иститутунун директоруна;
|
“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наам:
Алиев Аскербек Тукешовичке | – | Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкек наабайкана” муниципалдык ишканасынын директоруна;
|
Эгамбердиева Джумагулгө | – | “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасына; |
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына
эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наам:
Абдижаминов Султанали Маматашимовичке |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчысына;
|
Баймырзаева Шаазада Касымовнага | – | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчысына;
|
“Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наам
Омуралиева Мунаркан Азимовнага | – | Бишкек шаарынын Биринчи май райондук бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун директоруна;
|
“Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө
эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наам:
Ситоленко Андрей Владимировичке | – | Бишкек шаарынын И.В. Гёте атындагы № 23 окуу-тарбиялоо гимназия-комплексинин директоруна;
|
Иметов Букарбайга | – | Ош мамлекеттик университетинин музыкалык тарбиялоо усулу, теориясы жана хорго дирижерлук кылуу кафедрасынын профессоруна;
|
Шакеева Чынара Асановнага | – | Кыргыз-Россия билим берүү академиясынын ректоруна;
|
Молдобаев Жусуп Шералиевичке
| – | Ош облусунун Ноокат шаарындагы А. Абдуваитов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалимине;
|
|
|
|
Халилов Абдыганы Дарманбековичке | – | Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин мезгилдүү басма сөз кафедрасынын доцентине;
|
Момуналиев Сатканбайга | – | Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасынын башчысына;
|
Эсенкулов Нурмамат Жокеновичке | – | И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин проректоруна;
|
“Кыргыз Республикасынын өнөр жайына
эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наам:
Кадыров Суюндук Кадыровичке | – | “Кант-Сүт” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун кеңешчисине, Бишкек шаары;
|
“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына
эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наам:
Бакиров Турсунбек Камчыбековичке | – | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин директоруна;
|
Досаев Ренад Абдулаевичке | – | “Балык чарба ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин директоруна, Бишкек шаары;
|
Черныш Иван Васильевичке | – | “Заря” айыл-чарба үрөнчүлүк кооперативинин башкармасынын төрагасына, Ак-Суу району, Ысык-Көл облусу;
|
“Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наам:
Орозбаев Маматка
| – | коомдук ишмерге; |
Садыкова Джылдыз Сейтбековнага | – | “Рука в руке” аутист балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинин төрагасына, Бишкек шаары;
|
“Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наам:
Астионов Александр Ивановичке | – | “Avia Traffic Company” (Авиа Траффик Компани) жоопкерчилиги чектелген коомунун сапат жана коопсуздук стандарттары башкармалыгынын начальнигине, Бишкек шаары; |
“Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наам:
Кенжебаев Байгазы Бобуновичке | – | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын улук машыктыруучусуна;
|
Нишанов Абдыгапырга | – | Баткен шаардык балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин волейбол боюнча машыктыруучусуна;
|
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Абакирова Бурул Аскарбековна | – | Бишкек шаарынын Биринчи май районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун медициналык айымы; |
Абдисатаров Камбарали | – | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Республикалык жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фондунун алдындагы Ош-Баткен жергиликтүү жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фондунун директору;
|
Анаркулов Бектур Суйоркулович | – | Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун № 1 травматология бөлүмүнүн башчысы;
|
Аширалиев Төлөгөн | – | Нарын облусунун Нарын районунун А. Сыдыков атындагы № 9 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
|
Баймуратов Залкарбек Аширбаевич | – | Баткен облусунун Кадамжай аймактык ооруканасынын директору;
|
Байтакова Гульнара Калыбаевна | – | А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын илимий катчысы;
|
Балбакова Джамалкан Султаналиевна | – | Чүй облусунун Токмок шаарынын № 11 жалпы орто билим берүүчү мектеп-лицейинин директору;
|
Ботокараев Бакытбек Пазылович | – | “Жалалабат адистештирилген көчмө механизацияланган колоннасы” ачык акционердик коомунун директору, Жалал-Абад шаары;
|
Бубаева Тынар Искановна | – | Ош облусунун Өзгөн районунун К. Раимбеков атындагы мектеп-гимназиясынын физика мугалими;
|
Гайченя Раиса Остаповна | – | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин № 35 жол тейлөө мекемесинин башкы адиси;
|
Давлетов Турдакун Бакирович | – | Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты;
|
Досалиев Султан Ташболотович | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти;
|
Екимовский Ян Александрович | – | “TEZ JET” жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору, Бишкек шаары;
|
Жолдубаев Жеңишбек Кудайбердиевич | – | “Ноокат үрөндүк картошка өндүрүүчүлөр кооперативи” айыл-чарба кооперативинин директору, Ноокат району, Ош облусу;
|
Жусупова Гульнара Адыловна | – | Талас облустук ВИЧ-инфекциясын алдын алуу жана күрөшүү борборунун эпидемиологунун жардамчысы;
|
Замирбекова Нуржан Замирбековна | – | И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын гигиена сабактары кафедрасынын ординатору;
|
Исираилов Бактыбек Мамбетович | – | “Кант-Сүт” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун кеңешчиси, Бишкек шаары;
|
Исраилова Бермет Койчумановна | – | Нарын аймактык ооруканасынын инфекцияны контролдоо боюнча адиси;
|
Каджиева Тамиля Сергеевна | – | Чүй облустук китепканасынын директору;
|
Казыбаев Нурдин Алышбаевич | – | Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директорунун орун басары;
|
Кенжебаева Гулбара Козубаевна | – | Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт станционарынын башчысы;
|
Кыргызбаева Гульзада Кыргызбаевна | – | Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын невролог-врачы;
|
Медетбеков Казбек Малабекович | – | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
|
Молдалиева Махабат Орозбековна | – | журналист, акын, “Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү;
|
Молдалиева Замиркуль Абыкановна | – | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы “Балажан” республикалык эстетикалык тарбиялоо окуу-усулдук борборунун директорунун окуу-тарбиялоо бөлүгү боюнча орун басары;
|
Мусаев Бактыбек Имашевич | – | сүрөтчү, “Кыргыз Республикасынын сүрɵтчүлɵр союзу” коомдук бирикмесинин мүчɵсү;
|
Оморов Ашыркул Орозбаевич | – | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын басма сөз- кызматынын улук консультанты;
|
Орозобеков Барчынбек Орозобекович | – | Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты, “Чаек ынтымагы” фракциясынын лидери;
|
Осмонов Нурлан Ибраимович | – | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы “Атайын байланыш кызматы” мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
|
Пшеничников Михаил Алексеевич | – | “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун маалыматтык технологияларды эксплуатациялоо боюнча департаментинин жетекчиси;
|
Райымбекова Лира Кадыркуловна | – | Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын А. Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлар” фольклордук тобунун артисти;
|
Рысов Аскат Эшмаматович | – | И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жалпы хирургия кафедрасынын ординатору;
|
Сагындыков Нурланбек Асанкариевич | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү;
|
Сайдаев Аттокур Шарабидинович | – | Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Т. Байзаков атындагы № 77 жалпы билим берүү орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;
|
Самыйкожо Мирлан | – | “Айтыш” коомдук фондунун теңтөрагасы;
|
Самыкбаева Зоя Калкановна | – | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын улук усулчусу;
|
Сатаев Кубанычбек Чубакович
| – | ырчы, обончу;
|
Сергеев Вадим Юрьевич | – | “Garden Lake” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси, Ысык-Көл облусу;
|
Степанюк Богдан Анатольевич | – | Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын актеру;
|
Сыдыков Дɵɵлɵтбек Качкынович
| – | манасчы; |
Терещенко Михаил Александрович | – | “Заря” айыл-чарба үрөнчүлүк кооперативинин механизатору, Ак-Суу району, Ысык-Көл облусу;
|
Тюлегенов Табалды Кадырович | – | “Таара” фермасынын башчысы, Жети-Өгүз району, Ысык-Көл облусу;
|
Чекиров Кубатбек Асангазиевич | – | “Кут Билим” гезитинин башкы редактору, ВВС кыргыз кызматынын редактору;
|
Чинбердиев Увайдилла Суюмбаевич | – | Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты, “Алис-Суу” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
|
Ысманова Зувайда | – | Баткен облустук мектеп-гимназия интернатынын информатика мугалими.
|
Президент | С. Ш. Жээнбеков
|