Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 10-марты ПЖ № 53
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары жергиликтүү сотторго жиберилсин:
- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна
Жолдошова Мээрим Адамжановна;
- Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна
Арзиев Марс Мусаевич;
- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотуна
Суханбердиев Данияр Абдамитович;
- Талас облусунун Кара-Буура райондук сотуна
Таджибаева Тахмина Саматкановна;
- Ысык-Көл облустук сотуна:
Сатимкулов Убайдулла Акилбекович;
Шукуралиев Альгис Рыспекович;
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотуна
Казаков Кеңешбек Осмонович;
- Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотуна
Джолбунов Нурбек Болотбекович;
- Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотуна
Джунушева Назгуль Турусбековна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |