Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2020-жылдын 25-сентябрындагы № 180
Жарлыгы менен бекитилген 2021-2024-жылдарга
Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия
Бишкек – 2020
МАЗМУНУ ы
Киришүү ………………………………………………………………………..... | 1 |
1. Стратегиянын преамбуласы …………………………………………………. | 2 |
2. Учурдагы кырдаал …………………………………………………………….. | 4 |
2.1. Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү оң тенденциялар ……. | 5 |
2.2. Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын келип чыгышынын негизги себептери …… | 7 |
2.3 Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдар, коррупцияны алдын алуу боюнча ведомстволор аралык координациялоо ……………….. | 8 |
2.3.1 “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ……………………………………...……... | 8 |
2.3.2 Коррупцияны алдын алуу боюнча ведомстволор аралык координациялоо …………………...……………………………………… | 8 |
2.4 Мамлекеттик органдардын антикоррупциялык пландары …………… | 9 |
2.5 Декларациялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар …………………………….... | 11 |
2.6 Кызыкчылыктардын кагылышуусу ……………………………………. | 11 |
2.7 “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясы …………………………………………………………………... | 13 |
2.8 Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр ……………... | 13 |
2.9 Антикоррупциялык экспертиза жана изилдөөлөр …………………….. | 14 |
2.10 Мамлекеттик чечимдерди кабыл алуунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана мамлекетти башкарууга жарандык коомдун катышуусу | 16 |
2.10.1 Ачык Өкмөттүн Улуттук иш-аракеттер планы ……………...…... | 16 |
2.10.2 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антикоррупциялык кеңеш ……………………………………………….. | 16 |
2.10.3 Маалыматка жеткиликтүүлүк жана мамлекетти башкарууга жарандык коомдун катышуусу …………………………………………... | 17 |
2.11. Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерлер ………………………………………………………………… | 19 |
2.12 Антикоррупциялык агартуу жана үгүттөө ……………………… | 19 |
2.13. Мамлекеттик кызматтагы жана жеке сектордогу коррупция ……… | 21 |
2.14. Саясий коррупция ……………………………………………………….. | 23 |
3. Стратегиянын негиз салуучу принциптери …….…………………………... | 23 |
4. Стратегиянын максаттары ………………………………………………….. | 24 |
5. Стратегиянын артыкчылыктуу багыттары …………………………………. | 25 |
6. Стратегиянын милдеттери …………………………………………………… | 26 |
7. Коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын түпкү (базалык) себептерин жоюу боюнча негизги кадамдар ……………………………………………….. | 28 |
8. Коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү …………………………………………………... | 41 |
9. Стратегияны ишке ашыруудагы чакырыктар жана тобокелдиктер ……… | 41 |
10. Стратегияны ишке ашыруу механизми ………………………………... | 42 |
11. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо ………………………………………... | 43 |
Тиркеме |
|
Эгемендүүлүк жана демократиялык кайра түзүүлөр жылдарында Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүүгө жана ага каршы күрөшүүгө өзүнчө жана өзгөчө көңүл бурулган.
Мурда 2012-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасында антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясында чагылдырылган коррупцияга каршы аракеттенүүнүн максаттары жана милдеттери Кыргыз Республикасында жүрүп жаткан социалдык-экономикалык жана саясий процесстерге концептуалдык жактан ылайык келген.
Бирок жогоруда көрсөтүлгөн стратегияны ишке ашыруу этабында кабыл алынып жаткан чаралар чар жайыт, системасыз мүнөзгө ээ болгон.
2018-жылдан тартып, өлкө жетекчилигинин көрсөткөн саясий эркинен улам Кыргыз Республикасы коррупциянын кандай гана болбосун көрүнүштөрүндө ага каршы элдешкис күрөштү активдештирди жана аны жүргүзүп жатат.
Оң натыйжаларга жетишүү болду, коррупцияга каршы күрөшүүнүн олуттуу жана биздин эл тарабынан таанылган тенденциялары тагыраак көрүнө баштады.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-2020-жылдардагы чечимдери менен сот, көзөмөл, укук коргоо органдарында, экономиканын тоо-кен казуу жана ага жакын тармактарында коррупцияны жоюуга багытталган маанилүү жана негиз салуучу саясий чечимдер кабыл алынган.
Коомду жалпы улуттук максаттардын айланасына топтоштурууга чакырган жана учурдагы кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн бекем негиз болуп кала турган, кабыл алынган 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында коррупциянын кандай гана болбосун көрүнүштөрүнө каршы аракеттенүү чагылдырылган.
Бул кадамдар өзүн толук актады: ар дайым келип чыгуучу коркунучтарга системасыз жооп кайтаруудан Кыргызстан стратегиялык жактан жөнгө салынган ички жана тышкы саясатка өттү.
Азыркы чакырыктарды жана коркунучтарды эске алуу менен бирдей маанидеги күн тартиби түзүлгөн – жарандарга сот, көзөмөл жана укук коргоо түзүмдөрүнө гана эмес, бардык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коррупциянын келип чыгышынын негизги себептери болгон ишенимин кайтарып берүү.
Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасы коррупцияга каршы аракеттенүүнүн жана ага каршы күрөшүүнүн кайсы бир моделин көчүрүп кайталабашы керек. Биздин мамлекет маданияттын, улуттук жана руханий баалуулуктардын, биздин элдин менталитетинин өзгөчөлүктөрүн эске алып, коррупцияга каршы күрөшүүнүн жана алдын алуунун өзүнүн улуттук системасын түзүүнү баштады жана улантып жатат.
Ушуга байланыштуу биздин мамлекетти өнүктүрүүнүн азыркы этабында 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча жаңы мамлекеттик стратегияны (мындан ары – Стратегия) иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү зарылчылыгы келип чыкты, ал биздин мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан антикоррупциялык күч-аракеттердин логикалык уландысы болуп калат.
Стратегияда негиз салуучу роль превентивдүү мүнөздөгү системалуу иш-чараларга бөлүнөт, алар мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түп тамырынан коррупцияны жоюуга же минималдаштырууга, анын тереңдеги себептерин жана шарттарын гана эмес, аны жаратуучу бардык жүйөлөрдү жоюуга жардам берет. Анын ичинде бизнести өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу үчүн администрациялык жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтат, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана чет элдик жарандардын, ошондой эле ата мекендик жана чет өлкөлүк ишкерлердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын аракеттүү коргоону камсыз кылат.
Ошентип, Стратегиянын негизине коррупциянын кесепеттери менен күрөшүү эмес, коррупциялык тобокелдиктердин келип чыгышы үчүн түпкү (базалык) себептерди жана жүйөлөрдү жоюу принциби киргизилген.
Ошол эле учурда Стратегия Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы күрөшүү конвенциясынын төмөнкүдөй негиз салуучу принциптерин өзүнө камтыйт:
– коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу жана координацияланган саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ал коомдун катышуусуна өбөлгө түзүүгө жана укуктук тартип, көпчүлүктүн иштерин жана көпчүлүктүн мүлкүн тийиштүү башкаруу, адилеттүүлүк жана сатылбастык, ачыктык жана жоопкерчилик принциптерин чагылдыруусу керек;
– коррупцияны алдын алууга багытталган практиканын натыйжалуу түрлөрүн орнотуу жана кубаттоо;
– коррупцияны алдын алуу жана ага каршы күрөшүү көз карашынан алганда тиешелүү укуктук документтердин жана администрациялык чаралардын адекваттуулугун аныктоо максатында, аларга мезгил-мезгили менен баа берүүнү жүргүзүү[1].
Коррупция – социалдык көрүнүш, ал негизинен конкреттүү укук бузуу түрүндө билдирилет. Ага пара алууну, аны талап кылууну же берүүнү гана эмес, жарандардан жана бүтүндөй мамлекеттен материалдык баалуулуктарды уурдоону киргизүүгө болот, ошондой эле ал мамлекеттин контролунда болбогон саясий, экономикалык жана социалдык укуктук мамилелердин бүтүндөй системасы, анын натыйжасында финансылык, материалдык жана башка ресурстардын ири мыйзамсыз (коррупциялык) жүгүртүлүшү камсыздалат.
Стратегия Кыргыз Республикасында коррупциянын келип чыгышынын негиз салуучу жана түпкү себептерин жоюу аркылуу коррупциянын жана анын көрүнүштөрүн алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча комплекстүү, системалуу мамилени орнотууга багытталган.
Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан күч-аракеттерди жарандык сектордун жана бизнес-коомчулуктун колдоосу жана ага катышуусу коррупцияга каршы аракеттенүүдө негизги жана өтө маанилүү элементтердин бири болуп саналат. Ушуга байланыштуу Стратегия кандай болбосун антикоррупциялык чаралардын бөлүгүн түзүүчү катары жарандык коомдун бардык институттарын ишке активдүү тартуу боюнча иш-чараларды камтыйт.
Кандай болбосун коррупциялык жана кызматтык кылмыштар үчүн жазанын шексиздиги мурдагыдай эле антикоррупциялык саясаттын бөлүгү бойдон калат, анткени мамлекет кайсы болбосун мыйзамды жана адилеттикти бузууга токтоосуз жооп кайтарууга милдеттүү.
Мында коррупцияга каршы реалдуу күрөш жазык мыйзамдарынын алкагынан чыгып жаткандыгын белгилеп кетүү керек. Ал үзгүлтүксүз жана кылдат иликтөөнү, өзгөчө системалуу мамилени жана ыкчам чара көрүүнү талап кылат.
Коррупцияны ар кандай отчеттордо жакшы көрсөткүчтөрдү чагылдыруу менен “кагаз жүзүндө” (формалдуу) жеңүүгө болот, бул коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүдө аракеттүү ыкма болуп саналбайт. Коррупцияны жоюуга системалуу мамиле кылуу өтө аракеттүү ыкма болот. Анын ичинде коррупциялык көрүнүштөрдү комплекстүү жоюу үчүн коррупциялык көрүнүштөргө жол берүүчү коомдук мамилелердин бүтүндөй системасын өзгөртүү талап кылынат, ал система коомчулукта кандай болбосун коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбей тургандыкты калыптандырат жана укук-ченемдик жүрүш-турушка жүйө берет, ошону менен жарандарды жана чиновниктерди укуктук талаанын чегинде аракет кылууга мажбур кылат.
Ошондуктан Стратегиянын стратегиялык максаттары биринчи кезекте мамлекеттик башкарууда жана коомдук мамилелерде коррупциялык көрүнүштөрдүн түпкү (базалык) себептерин жоюуга, аларга жетишүүнүн негизги артыкчылыктарын жана жолдорун аныктоого багытталат.
Бул Стратегия менен аныкталган максаттар, принциптер, милдеттер жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча негизги кадамдар кыймылсыз болбошу керек. Коррупциялык көрүнүштөргө, себептерге жана алардын келип чыгуусунун жүйөсүнө кеңири жана терең талдоо жүргүзүүнүн, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө иштин абалына толук, ар тараптуу жана объективдүү баа берүүнүн натыйжаларын эске алып, алар айрым антикоррупциялык чаралардын ишке ашырылышы боюнча түзөтүлүп жана толукталып турууга тийиш.
Кыргыз Республикасында 2012-жылдын башынан тартып Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы колдонулуп келет.
2020-жылга карата аталган стратегия коррупцияга каршы күрөшүүдөгү прогресске карабастан, анда чагылдырылган иш-чаралар бөлүгүн ишке ашырууда, ошондой эле жаңы коррупциялык тобокелдиктерге жана коркунучтарга каршы аракеттенүү үчүн ага кандайдыр бир маанилүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилбегенден, акырындан өзүнүн актуалдуулугун жогото баштаган жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө азыркы бардык чакырыктарга жана коркунучтарга жооп бербей калган.
Буга чейинки стратегияга ылайык мамлекеттик органдардын ишке ашырылган антикоррупциялык пландары өзүнүн оң натыйжаларын берген. Мурда орун алган коррупциялык көрүнүштөрдүн көптөгөн түрлөрү системалуу коррупциянын көптөгөн элементтерин демонтаждоо боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында барган сайын сейрек кездешүүдө. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аракеттердин Стамбулдук планын аткаруу боюнча Экономикалык жардам көрсөтүү жана өнүктүрүү уюму (мындан ары – ЭЖӨУ) сунуштаган сунуштамаларды ишке ашыруу ага өбөлгө түзгөн, алар натыйжалуу болгон[2].
Бирок коррупциялык көрүнүштөргө өбөлгө түзүүчү себептердин жана шарттардын толук жоюлушу жөнүндө билдирүү жасоого дагы деле эрте. Коррупциялык тобокелдиктер жана схемалар туруктуу трансформациялоого туш болууда. Мамлекеттик башкаруу системасынын айрым органдарында коом менен мамлекеттин ортосундагы мамилелерге өзүнүн терс таасирин тийгизген жаңы коррупциялык зоналар пайда болууда.
2.1 Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү оң тенденциялар
Коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган иш-чаралар 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында каралган.
2019-жылдын башында колдонууга жаңы жазык мыйзамдарын киргизгенден кийин бул жоболор жарым-жартылай ишке ашырылган. Анын ичинде ченем ишке ашырылган, ага ылайык кылмыштын өз алдынча курамы катары коррупция жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтүнүн эскириши жоюлган. Практикада мыйзамсыз баюу үчүн жазык жоопкерчилиги каралган ченемдер колдонула баштады.
Бирок мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата коррупциялык мыйзам бузууга тиешелүү айрым кылмыштар боюнча жазык жоопкерчилиги мурдагыдай эле жетишсиз бойдон калууда.
Декларациялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар өркүндөтүлүүдө, мыйзамсыз баюуну аныктоо үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын чыгашаларын жана кирешелерин өтө натыйжалуу байкоого алууга мүмкүндүк берүүчү ченемдер киргизилген.
“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” жана “Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары кабыл алынган, алар мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүүнүн маанилүү механизмдери болуп саналат. Бул багыттагы иш андан ары улантылышы керек.
Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын жоопкерчилигинин күчөтүлүшү менен бирге алардын социалдык кепилдиктери дагы өркүндөтүлүп жатат. Акыркы жылдарда укук коргоо органдарынын кызматкерелеринин эмгек акысын көбөйтүү боюнча чаралар көрүлдү, ал алардын өз кызматтык милдеттерин аткарууда жүйөсүн жана жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүндүк берди.
Кыргыз Республикасынын “Ачык Өкмөт” демилгесине кошулуусу жана бул долбоорду активдүү ишке ашыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сайттарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жарандардын маалыматка жана кабыл алынып жаткан башкаруучулук чечимдерге кеңири жеткиликтүүлүгүн камсыз кылды.
Бардык мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызмат адамдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо үчүн ишеним көрсөтүү телефондору киргизилген, арыздарды жана даттанууларды берүү системасы өркүндөтүлүп жатат.
Сот системасында соттук иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүүнүн механизмдери, бардык сот процесстерин жана соттордун аракеттерин видео-фиксациялоо колдонууга киргизилүүдө, бул болсо жарандардын жана ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого гана оң таасир тийгизбестен, процессуалдык чечимдерди кабыл алуунун ачык-айкындуулук деңгээлин жана объективдүүлүктү жогорулатууда.
Экономикалык ишмердикти өнүктүрүүгө бөгөт болгон бюрократиялык тоскоолдуктарды четтетүү жолу менен өлкөнүн инвестициялык бакубаттыгын жогорулатуу боюнча иш улантылууда.
Өлкөнү санариптештирүү, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү автоматташтыруунун алкагында 122 маалыматтар базасы түзүлгөн, 64 министрлик менен ведомствону жана 34 коммерциялык уюмду “Түндүк” ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына кошуу боюнча техникалык иш-чаралар жүргүзүлгөн, бул болсо онлайн-режимде 191 кызмат көрсөтүү жана сервис алууга мүмкүндүк берет. “Мамлекет платформа катары” долбоорунун алкагында байланыш операторлорунун мобилдик тиркемелеринин жардамы менен 85 кызмат көрсөтүүгө жана сервиске жеткиликтүүлүк бар.
Мамлекеттик сатып алууларды автоматташтыруу процесси жана ал процесстерде орун алган коррупциялык тобокелдиктерди жоюу улантылууда, бул болсо ишкердик чөйрөдө атаандаштыкты өнүктүрүүгө оң таасир тийгизет жана бюджеттик каражаттарды өздөштүрүүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатат.
Жарандык сектордун жана бизнес-коомчулуктун коомдук кеңештерге активдүү катышуусу аркылуу алардын мамлекеттик органдардын ишине тартылуусу күч алды. Азыркы учурда 36 мамлекеттик органда коомдук кеңештер иштеп жатат.
Коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган, аталган жана башка чараларды ийгиликтүү ишке ашыруу Кыргыз Республикасына эл аралык антикоррупциялык рейтингдерде өзүнүн позициясын пландуу түрдө жана динамикалуу жакшыртууга мүмкүндүк берди.
2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Transparency International эл аралык уюму тарабынан жүргүзүлгөн “Коррупцияны кабыл алуу индекси” (мындан ары – ККИ) изилдөөсүнүн жыйынтыгына ылайык Кыргыз Республикасы 154-орунду ээлеген. Андан ары 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 5 жыл ичинде өлкө өзүнүн позициясын 19 позицияга жакшырткан, андан аркы 2 жыл ичинде жакшыртуулар улантылган жана 9 позицияга көтөрүлүп, 126-орунду ээлеген[3].
2.2 Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын келип чыгышынын негизги себептери
Коррупцияга каршы натыйжалуу аракеттенүү системасын түзүү үчүн оболу азыркы шарттарда анын көрүнүштөрүнө өбөлгө түзгөн негизги себептерди аныктоо зарыл.
Азыркы учурда коррупциянын келип чыгышынын бир катар себептеринин ичинен төмөнкүлөр өтө актуалдуу болуп саналат:
1) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелерине жана чыгашаларына начар контроль жүргүзүү;
2) тармактык мыйзамдарда боштуктардын, коллизиялардын жана дискрециялык ыйгарым укуктардын болушу, ошондой эле аларды ишке ашыруу боюнча так регламенттин жоктугу;
3) чиновниктер менен калктын – мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги керектөөчүлөрүнүн ортосунда түз байланыштын болушу;
4) жаңы коррупциялык тобокелдиктерди өз учурунда аныктоого жана аларды ыкчам түрдө жоюуга мүмкүндүк берүүчү, коррупциянын деңгээлин өлчөөнүн улуттук системасынын жоктугу;
5) антикоррупциялык экспертизаны жүргүзүүдө заманбап системанын жоктугунун кесепетинен ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда кызыкчылыктарды сүрөмөлөө;
6) мамлекеттик башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда транспаренттүүлүктүн (ачыктыктын) жоктугу;
7) калктын айрым бөлүгүнүн укуктук нигилизми, жарандардын жүрүш-турушунун антикоррупциялык моделин түзүүгө жана коррупцияны кабыл албоо атмосферасын түзүүгө багытталган комплекстүү маалыматтык-профилактикалык иштин начар деңгээли;
8) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын эмгек акысынын төмөн өлчөмү жана кызматкерлердин айрым категорияларында кандайдыр бир социалдык жеңилдиктердин жана кепилдиктердин жоктугу;
9) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын антикоррупциялык жана башка мыйзамдарды аткаруу боюнча начар аткаруучулук тартиби;
10) кызматтык же коррупциялык кылмыштарды тергөөдө сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин сатып алуу;
11) укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда алардын чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү минималдаштыруу боюнча толук өз ара аракеттенүүсүнүн жоктугу.
2.3 Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдар, коррупцияны алдын алуу боюнча ведомстволор аралык координациялоо
2.3.1 “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери негизинен декларативдик мүнөздү алып жүрөт, анда аны практикада колдонуунун механизмдери жана башка мыйзамдар менен макулдашуу каралган эмес, ал тууралуу Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Экономикалык жардам көрсөтүү жана өнүктүрүү уюмунун Антикоррупциялык түйүнүнүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аракеттердин Стамбулдук планына мониторинг жүргүзүүнүн Төртүнчү раундунда белгиленген[4].
Көрсөтүлгөн мыйзам менен көпчүлүк учурда мыйзам алкагында колдонулуучу коррупциялык укук бузуу түшүнүгүнө түшүндүрмө берилген эмес, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коррупциялык мыйзам бузууларды жасоо менен кабыл алынган кандай болбосун өзүнүн чечимдерин күчүн жоготту деп таанууга тийиш болгон ченемдер каралган эмес.
Ушуга байланыштуу аталган мыйзамды укук колдонуу практикасын эске алуу менен эл аралык ченемдерге ылайык келтирүү зарыл.
– Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жана Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууну контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинде түзүлгөн Жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын системасында коррупциянын абалы жөнүндө маалыматты топтоону ишке ашырат, көрүлүп жаткан антикоррупциялык чаралардын натыйжалуулугуна баа берет, ошондой эле жүргүзүлгөн талдоонун негизинде системалуу коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан антикоррупциялык иш-чараларды ишке ашыруусуна координациялоону, мониторингди жүргүзүүнү жана антикоррупциялык билим берүү жана агартуу боюнча мамилелерди иштеп чыгууну ишке ашырат;
– Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы координациялык кеңештерде макулдашылган чечимдерди кабыл алуу жолу менен укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча ишин координациялайт.
Бүгүнкү күндө функциялардын так бөлүнүшүнүн жоктугунан улам жогоруда аталган органдардын милдеттери бири-бирин кайталайт жана айкалышат.
Бул факторлор антикоррупциялык чараларды колдонууга киргизүүнүн жана аны ишке ашыруунун натыйжалуулугун төмөндөтөт жана анын чечилишин талап кылат.
2.4 Мамлекеттик органдардын антикоррупциялык пландары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планы жана 2015-2017-жылдарга Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын иш-чаралар планы бекитилген. Аталган пландарда тиешелүү мамлекеттик башкарууну камсыз кылуу, коррупциялык схемаларды жоюу, мамлекеттик органдардын айкындуулугу, ачыктыгы жана отчеттуулугу, ошондой эле мамлекеттик органдардын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсү жана анын маалымдарлыгы сыяктуу багыттар базалык артыкчылыктар катары аныкталган.
Бул чараларды улантууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-сентябрындагы № 474 токтому менен бекитилген, 2019-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – План) кабыл алынган.
Планда коюлган милдеттер антикоррупциялык мыйзамдарды өркүндөтүү, антикоррупциялык саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, эл аралык стандарттарга ылайык маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө мыйзамды реформалоого, электрондук өкмөткө өтүүгө, коррупцияны алдын алуу жана мамлекеттик органдарда антикоррупциялык ишмердүүлүккө контролдук кылуунун колдонуудагы механизмин өркүндөтүүгө багытталган жарандык демилгелерди ишке ашыруу маселелерин камтыйт.
Көрсөтүлгөн Планды аткарууда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволук пландар иштелип чыккан жана ишке ашырылууда.
Мамлекеттик органдарда системалуу коррупцияны демонтаждоо боюнча деталдаштырылган пландарды даярдоодо Жумушчу топ негиз түзүүчү ролду ойнойт.
2013-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде көз карандысыз эксперттер жана мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрү менен биргеликте Жумушчу топ тарабынан мамлекеттик органдарда коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо боюнча тармактык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Азыркы учурда системалуу коррупцияны демонтаждоо боюнча 53 деталдаштырылган план иштелип чыккан жана бекитилген, алар ишке тартылган мамлекеттик органдар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болот.
Эгерде 2017-жылдын аягына чейин системалуу коррупцияны демонтаждоо боюнча деталдаштырылган пландарды тиешелүү түрдө же өз учурунда аткарбаган мамлекеттик органдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Жумушчу тобу тарабынан катуу сынга алынбаган болсо, 2018-жылдан тартып бул ишмердүүлүктө көрсөтүлгөн кемчиликтер үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилери ээлеген кызмат орундарынан бошотууга, айрым учурларда кылмыш жоопкерчилигине тартууга чейинки тартип жаза чарасына тартыла баштаганын белгилеп кетүү керек.
Ведомстволук пландарды жана системалуу коррупцияны демонтаждоо боюнча пландарды иштеп чыгуу антикоррупциялык ишмердүүлүктү кыйла активдештирүүгө алып келди. Бирок азыркы учурга чейин бул пландардын мамлекеттик органдардагы коррупциянын абалына жана деңгээлине тийгизген таасирине баа берүүнүн методикасы иштелип чыккан эмес. Ушуга байланыштуу өлкөнүн мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын деңгээлине баа берүүнүн улуттук методикасын түзүү зарылчылыгы келип чыгууда[5].
Жарандык сектор жана бизнес-коомчулук мурдагыдай эле антикоррупциялык иш-чараларды жана пландарды иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү процессине пассивдүү тартылган.
Антикоррупциялык пландарды ишке ашыруу боюнча отчеттор айрым мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан системалык негизде ведомстволук сайттарда жарыяланбайт же болбосо андагы маалыматтар бардык эле учурда чындыкка туура келбейт.
Антикоррупциялык пландарды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жөнүндө альтернативдик отчеттор мамлекеттик органдар тарабынан аракеттенүүгө колдонмо катары кабыл алынбайт.
Кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (мындан ары – БСД) толтуруу жана берүү тартибине ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан салык декларацияларын берүүнүн ачыктыгын жогорулатуу максатында БСДны салык органдарына электрондук түрдө берүүгө мүмкүн болду.
“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачыктыгын жана отчеттуулугун андан ары күчтөндүрүүгө багытталган.
Аталган Мыйзам менен төмөнкүдөй түшүнүктөр киргизилген: кызыкчылыктардын кагылышуусу коомдук кызыкчылык, жеке кызыкчылык, жеке кызыкчылыктарды декларациялоонун тартиби, декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды верификациялоо, ошондой эле кызыкчылыктардын кагылышуусунун ар кандай типтерин аныктоонун жана жөнгө салуунун тартиби.
Жалпысынан кызыкчылыктардын кагылышуусун системалуу ченемдик жөнгө салуу өлкөдө антикоррупциялык реформаларды ишке ашырууга өбөлгө түзүүгө, ошондой эле саясий, администрациялык жана экономикалык чечимдерди кабыл алууда тартиптүүлүктү колдоого багытталган.
Мыйзам тарабынан адамдардын кеңири чөйрөсү белгиленген, аларга анын аракети жайылтылат, алар мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар гана эмес, ошондой эле:
– ишмердүүлүгү мамлекеттик же жергиликтүү бюджеттен каржыланган же болбосо, алардын уставдык капиталында мамлекеттик үлүш болгон мекемелердин, уюмдардын же ишканалардын жетекчилери, ошондой эле мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруучулары;
– мамлекеттик же муниципалдык кызматчылар статусуна ээ болбогон адамдар, бирок аны менен бирге мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери же иш ордунда болбогон мамлекеттик жарандык кызматкердин, же болбосо муниципалдык кызматкердин ордун убактылуу ээлеген адамдар.
Эгерде мурда мыйзамда мамлекеттик жана муниципалдык кызматта кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуучу айрым ченемдер, ошондой эле аны чечүүнүн тартиби болсо, анда мыйзамга киргизилген калган адамдардын жеке кызыкчылыктарын декларациялоо маселелери бул категориядагы адамдардын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу үчүн жаңылык жана жетишкендик болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2018-жылдын 7-августундагы № 362 “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтому кабыл алынган, аны менен:
– Мыйзамды ишке ашыруу үчүн жооптуу болгон бир нече мамлекеттик органдар аныкталган;
– төмөнкүлөр бекитилген:
1) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчү жайылтылуучу адамдардын дипломатиялык белектерди эсепке алуусунун, каттоосунун, баалоосунун, сактоосунун, пайдалануусунун жана сатып алуусунун тартиби;
2) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчү жайылтылуучу адамдар кызматка шайланганда, дайындалганда же бекитилгенде, же ыйгарым укуктарынын көлөмү башкача болгон кызмат ордуна которулган учурда өздүк (жеке) кызыкчылыктары жөнүндө декларацияны толтуруунун тартиби.
“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына мыйзам алдындагы актылар иштелип чыккандыгына карабастан, дээрлик алар жана мыйзамдын өзүнүн ченемдери практикада өтө сейрек колдонулат, бул болсо укуктук колдонуунун орун алган, жоюуну талап кылган боштуктарды айгинелеп турат.
2.7 “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясы
Өлкөнү санарип өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттары “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясында (мындан ары – Концепция) чагылдырылган.
2019-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Концепцияны ишке ашыруу боюнча Жол картасы ийгиликтүү ишке ашырылууда, натыйжада көптөгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар электрондук форматта көрсөтүлүп жатат.
Азыркы учурда эле өлкөнү жалпы санариптештирүүдөн тышкары Концепцияны ишке ашыруу административдик процесстерди жана жол-жоболорду автоматташтыруу жана мамлекеттик санариптик кызмат көрсөтүү аркылуу адамдык фактордун таасир этүүсүн минималдаштыруу жолу менен мамлекеттик сектордо коррупцияны жоюуга чоң таасир тийгизүүдө, ошондой эле шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын добуштарын сатып алуу менен байланышкан коррупциялык көрүнүштөрдү төмөндөтүүгө таасир тийгизет.
Ошондой эле, билим берүүнү жана саламаттык сактоону кошо алганда, тиешелүү кызматтарды электрондук түрдө көрсөтүү коррупциогендүүлүктү төмөндөтүүгө өбөлгө түзүүчү социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү тармагында оң натыйжасын берди.
Жалпысынан алганда, электрондук форматта мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жана мамлекеттик процесстерди максималдуу түрдө автоматташтыруу Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүүдө борбордук өзөк болуп калууга тийиш.
2.8 Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы аракеттенүүнүн аракеттүү механизмдеринин бири болуп саналат.
Бул максаттар үчүн Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тарабынан Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы ишке киргизилген, анын жардамы менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жана сервистерди алууга болот. 2020-жылы жарандарга электрондук форматта көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын модернизациялоо боюнча иш-чаралар ишке ашырылууда: Идентификациялоонун жана аутентификациялоонун бирдиктүү системасы иштелип чыккан, Электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик системасы ишке ашырылып жатат.
Мамлекеттик кызматтардын модернизацияланган порталы алдыңкы эл аралык тажрыйбага негизделген. Жарандар өзүнүн жеке кабинетинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ар кандай базаларында камтылган, өзү жөнүндө бардык маалыматты гана көрбөстөн, бийлик органдарынан электрондук форматта мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү, маалымкаттарды ала алат. Бул иш улантылууга тийиш.
2.9 Антикоррупциялык экспертиза жана изилдөөлөр
Азыркы учурда ченемдик укуктук актылардын долбооруна антикоррупциялык экспертизаны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ишке ашырат. Бирок, практика көрсөтүп тургандай, жүргүзүлүп жаткан антикоррупциялык экспертиза көп учурда укуктук экспертизанын талаптарына көбүрөөк жооп берет (жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндигин жана милдеттерин камсыз кылуу; коомдук бирикмелердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктук статусу; мамлекеттик бюджет, салык системасы; экологиялык коопсуздук; мыйзам бузууларга каршы күрөшүү; ишмердүүлүк ишти мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрлөрүн колдонууга киргизүү маселелери). Бул болсо антикоррупциялык экспертизанын чөйрөсүн тарытат.
Ушуга байланыштуу ченемдик укуктук актыларга антикоррупциялык экспертизаны жүргүзүүнүн жеке системасын иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү зарыл, ал азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга жооп берет.
Мындан тышкары, ченем жаратуу ишинде мыйзам алдындагы актылардын массивин эске алуу менен кемчиликтерди аныктоо жана жоюу максатында колдонулуп жаткан ченемдик актыларга антикоррупциялык экспертиза жүргүзүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Мамлекеттин антикоррупциялык саясатын жүргүзүүдө коррупциялык схемалардын жана тобокелдиктердин келип чыгышына өбөлгө түзүүчү шарттарды жана себептерди аныктоо негиз салуучу звено болуп саналат.
Коррупциялык тобокелдиктерге баа берүү, алардын мамлекеттик ар кандай чөйрөлөрдө жана экономиканын тармактарында таралгандыгы антикоррупциялык ишти ченемдик укуктук жөнгө салууда боштуктарды, мындай жөнгө салууда келип чыгуучу көйгөйлөрдү аныктоого, ошондой эле антикоррупциялык иш процессинде мыйзам колдонуу практикасын өркүндөтүүгө багытталган ыкчам жана натыйжалуу чараларды иштеп чыгууга жардам берет.
Кыргыз Республикасында бул изилдөөлөр үзгүлтүксүз негизде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан туруктуу негизде жүргүзүлүп турат, ал жарым жылдык мезгилдүүлүк менен калкты сурамжылоону жүргүзүп турат, анын негизинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишинин натыйжалуулугуна баа беришет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 329 токтому менен изилдөө методикасы бекитилген. Ошондой эле бул токтом менен Калктын ишеним индекси жөнүндө жобо жана калктын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине болгон ишениминин деңгээлин өлчөө максатында сурамжылоо жүргүзүү үчүн типтүү анкета бекитилген.
Калктын ишеним индекси төмөнкүлөргө баа берүүгө мүмкүндүк берет:
– жарандын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеке ишеними (“Жарандын мамлекетке жеке ишеними” индекси);
– респонденттин көз карашында баа берилип жаткан мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын деңгээли (“Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын деңгээли тууралуу жеке түшүнүк” индекси);
– калктын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине болгон канааттануусу (“Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине баа берүү” индекси).
Бул изилдөөлөр социологиялык изилдөөлөрдүн негизинде коомдогу жана конкреттүү мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын абалы жөнүндө маалыматты өтө так жана объективдүү алууга мүмкүндүк берет.
Аталган мамлекеттик изилдөөлөрдөн тышкары, айрым коомдук өкмөттүк эмес бирикмелер мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын заказы боюнча ар кандай антикоррупциялык изилдөөлөрдү жүргүзөт, анын ичинде алар тарабынан Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Стамбулдук пландын аткарылышын ишке ашырууга альтернативдик баа берүү жүргүзүлөт.
Коррупциялык тобокелдиктердин келип чыгышынын себептери жөнүндө сапаттуу маалыматтарга талдоо жүргүзүүнүн негизинде аларды ишке ашырууда көрүлүп жаткан антикоррупциялык чараларды негиздөө максатында коррупциянын деңгээлин өлчөөнүн улуттук методикасын түзүү сунушталат, бул болсо мамлекеттик башкаруунун бардык чөйрөлөрүндө коррупциялык тобокелдиктерди илимий-негиздүү жол менен өз учурунда аныктоого, ошондой эле аларды минималдаштыруу боюнча заманбап жана натыйжалуу механизмдерди колдонууга киргизүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле Кыргыз Республикасында коррупциядан келтирилген зыянды баалоонун атайын методикасын иштеп чыгуу боюнча мурдагы антикоррупциялык стратегия тарабынан коюлган тапшырма ишке ашырылбай калганын белгилеп кетүү керек.
Анын натыйжасында коррупциядан келтирилген зыяндын абсолюттук масштабын сапаттык же суммардык чагылдырууну баалоо кыйын, бул болсо коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча аракеттүү чараларды иштеп чыгууну кыйындатат.
2.10 Мамлекеттик чечимдерди кабыл алуунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана мамлекетти башкарууга жарандык коомдун катышуусу
2017-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасы “Ачык Өкмөт” Өнөктөштүгүнө катышкан 75-өлкө болуп расмий түрдө кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 226 буйругу менен Ачык Өкмөттүн Улуттук форуму (мындан ары – Улуттук форум) түзүлгөн.
Улуттук форум тарабынан мамлекеттик органдардын ачыктыгын жана отчеттуулугун жогорулатууга, ошондой эле башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу процесстерине жана коррупцияны системалуу жоюуга жарандарды тартууга багытталган бир катар демилгелер бекитилген. Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-октябрындагы № 360 буйругу менен бекитилген, Ачык Өкмөттү куруу боюнча Улуттук иш-аракеттер планы (мындан ары – УИП) түзүлгөн, ал ар кандай мамлекеттик органдар алган 18 милдеттенмени өзүнө камтыйт.
УИП көрсөтүлгөн милдеттенмелердин ичинен 15 антикоррупциялык ишмердүүлүк менен түздөн-түз байланышкан.
2.10.2 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антикоррупциялык кеңеш
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 454 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антикоррупциялык кеңеш (мындан ары – Антикоррупциялык кеңеш) түзүлгөн. Бул институт коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу максатын көздөйт.
Бирок Антикоррупциялык кеңеш тарабынан ал түзүлгөн учурдан тартып 2019-жылдын ортосуна чейинки узак мөөнөт ичинде болгону эки жыйналыш өткөрүлгөн.
Антикоррупциялык кеңештин иши анын курамына мамлекеттик органдар гана эмес, жарандык сектордун жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү киргенде, 2019-жылы активдеше баштаган. 2019-жылдын бир нече айы ичинде Антикоррупциялык кеңеш тарабынан бир нече жыйналыш өткөрүлгөн, аларда ыкчам чечүүнү талап кылган коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча курч маселелер көтөрүлгөн.
Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда жарандык институттар менен өз ара аракеттенүү максатында Антикоррупциялык кеңешке мындан ары дагы өзүнүн жыйналыштарын системалуу негизде өткөрүү зарыл.
2.10.3 Маалыматка жеткиликтүүлүк жана мамлекетти башкарууга жарандык коомдун катышуусу
Башкаруучулук чечимдерди жана мыйзам демилгелерин кабыл алуу менен мамлекеттик аппаратка коомдук контроль жүргүзүү чет өлкөлөрдө ийгиликтүү колдонулуп жаткан антикоррупциялык механизм болуп саналат.
Коомдук контролдоо жарандык сектордун жана бизнес-коомчулуктун активдешүүсүн, ошондой эле бул процессти толук жана так мыйзамдык регламенттөөнү талап кылат.
Ушуга байланыштуу “Кыргыз Республикасында коомдук контролдун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын иштеп чыгуу жана кабыл алуунун зарылчылыгы мурда эле бышып жетилген. Бул болсо биздин өлкөдө коомдук контролду уюштуруунун жана ишке ашыруунун негизги эрежелерин жана регламенттерин ченемдик укуктук жактан бекемдөө аркылуу анын бүтүндөй системасын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Бул Мыйзамдын ченемдери алдыга коюлган антикоррупциялык милдеттерди жана максаттарды чечүүгө гана эмес, мамлекеттик башкаруунун бардык чөйрөлөрүндө жана экономиканын ар кандай секторлорунда саясий маанилүү чечимдерди кабыл алууга контроль жүргүзүүгө багытталат.
Башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн контролду жогорулатуу мамлекеттик бийликтин аброюн бекемдөөгө жана мамлекеттик аппарат менен коомчулуктун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Маалыматка жана мамлекеттик, муниципалдык органдардын ишине эркин жеткиликтүүлүк “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ошондой эле 2006-жылы эле кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
Бул мыйзамдар өлкөгө мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу чечимдер жөнүндө бардык маалыматтын ачыктык жана жеткиликтүүлүк жолу менен бийлик органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берди, ошондой эле жарандардын чиновниктер менен тике байланыштарын болтурбоого өбөлгө түзөт.
Мамлекеттик органдардын ишинде ачыктыкты жогорулатуу жана жалпы маалыматка жеткиликтүүлүк боюнча иш улантылууга тийиш.
Ошондой эле, азыркы учурда жарандык сектор жана бизнес-коомчулук тарабынан айрым мамлекеттик органдардын ишине мониторинг жүргүзүү мамлекеттик органдардын коомдук кеңештердеги алардын өкүлчүлүктөрү аркылуу ишке ашырылууда, алар органдардын ишине мониторинг жүргүзөт жана бул эки институттун өз ара тыгыз аракеттенүүсүн камсыз кылат.
“Коомдук кеңештер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик органдардын бардык коомдук кеңештери үчүн министрликтер/ведомстволор тарабынан антикоррупциялык пландарды иштеп чыгуусуна жана ишке ашыруусуна мониторинг жүргүзүү процессине катышуу жана мамлекеттик органдардын ишине коомдук контролду камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Коомдук кеңештер ар кандай маселелерди талкуулоо үчүн өзүнүн жыйналыштарына мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын чакыруу укугуна ээ болушат. Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрү конкурстук, тендердик, этика боюнча комиссия жана башкалар сыяктуу ар кандай ведомстволук комиссияларга киришет.
Бирок мамлекеттик органдардын айрым коомдук кеңештеринин иши натыйжасыз бойдон калууда жана тараптык байкоочулардын пассивдүү ролун аткарып калууда.
Өтө сейрек учурларда мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрү өздөрүнүн статусун колдонуу менен жеке пайда жана артыкчылыктарды алуу үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилерине таасир тийгизүүгө аракет кылышат.
Ушуга байланыштуу мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин ишин жигердештирүү жана күчтөнтүү, ошондой эле алардын ишинин натыйжалуулугуна баа берүүнүн өтө өркүндөтүлгөн методикасын колдонууга киргизүү талап кылынат.
2.11 Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкер
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын институту түзүлгөн. Бирок коррупцияны алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоого, ошондой эле келип чыгуучу коррупциялык тобокелдиктерди пландуу аныктоого жана каршы аракеттенүүнүн ыкчам чараларын кабыл алууга алардын жетишсиз тартылгандыгын практика көрсөтүп турат.
Биринчи кезекте ал коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерлердин мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринен көз каранды болуусу менен байланыштуу. Экинчиден, айрым учурларда мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында антикоррупциялык чараларды натыйжалуу институтташтырууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон билимдин, маалыматтын, иш тажрыйбасынын жана таасирдин жоктугу.
Аталган көйгөйлөрдү чечүү максатында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерлердин натыйжалуу иши жана алардын аброюн көтөрүү үчүн шарттарды түзүү зарыл.
2.12 Антикоррупциялык агартуу жана үгүттөө
“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттары жана Интернет-ресурстар аркылуу калк арасында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча укуктук үгүттөөнү, билимдерди кеңейтүүнү жана жайылтууну ишке ашырат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 Жарлыгы менен бекитилген, Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы туруунун мамлекеттик стратегиясына ылайык калк, анын ичинде мектептер үчүн укуктук жактан агартуу системасын түзүү, коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү жана тигил же бул чөйрөдөгү коррупциялык тобокелдиктер жөнүндө коомчулукту маалымдар кылуу аркылуу негизги багыттарга киргизилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 122 токтому менен бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясы дагы укуктук темада, анын ичинде коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жалпы билим берүү уюмдарында (мектептерде) жана жогорку окуу жайларында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түшүндүрүү лекцияларын өткөрүү, ошондой эле жарандардын антикоррупциялык аң-сезимин түзүүгө багытталган социалдык роликтерди түзүү жолу менен коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө коомчулуктун билим деңгээлин жогорулатуу жана аларды окутуу максатын көздөйт.
Бул багыттарда жасалып жаткан иштерге, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык түйүндөрдө тематикалык материалдарды системалуу негизде жарыялоого, ар кандай акцияларды жүргүзүүгө карабастан, коррупцияга каршы аракеттенүү маселелеринде үгүттөө жана агартуу системасы төмөн деңгээлде калууда. Негизинен ар кандай кызматтык жана коррупциялык мыйзам бузууларды жасаганы үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды кармоо жөнүндөгү материалдарды жарыялоо менен мөнүздөлөт же бир жолку акциялар жана кампаниялар, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы шаблондук чыгып сүйлөөлөр, ошондой эле Интернет-ресурстарды колдонуунун жетишсиздиги менен чектелет.
Калкты антикоррупциялык агартуу боюнча иш-чараларга, башка антикоррупциялык иш-чаралар сыяктуу эле мурдагыдай эле республикалык бюджеттен каржылоо бөлүнбөйт. Ушуга байланыштуу антикоррупциялык агартуу жана үгүттөө боюнча иш-чаралар системалуу эмес жүргүзүлөт. Ошондой эле ага калк арасында коррупциянын кандай болбосун көрүнүштөрүнө нөлдүк толеранттуулукту тарбиялоо максатында антикоррупциялык агартуу боюнча маалыматтык стратегиянын жоктугу өбөлгө түзөт.
Бул Стратегияны ишке ашыруунун алкагында каралган бардык антикоррупциялык иш-чараларды ишке ашырууга коомчулуктун кеңири чөйрөсүн тартуу зарыл.
Мамлекеттик жана жарандык институттардын туруктуу жана тыгыз өз ара аракеттенүүсү гана коррупцияга натыйжалуу каршы турууну камсыз кыла алат.
Коррупциянын кандай болбосун көрүнүштөрүнө нөлдүк толеранттуулук принциби улуттук маданиятыбыз үчүн жат көрүнүш катары биздин мамлекеттин калкынын бардык катмарынын, коомдун ар бир ячейкасынын абсолюттук жарандык позициясы болуп калууга тийиш.
Коррупцияны кабыл албоо, чынчылдык, сатылбастык жана патриоттуулук кыргызстандыктарда бала кезинен тарбияланышы керек жана жүрүш-туруштун милдеттүү ченеми болууга тийиш. Мектеп жашынан тартып жаш муундардын жүрүш-турушуна антикоррупциялык стандарттарды киргизүү коррупцияга бекем иммунитетти иштеп чыгууга өбөлгө түзөт, бул болсо акыр аягында ушул терс көрүнүштүн үстүндө жеңишке жетүүгө мүмкүндүк берет.
2.13 Мамлекеттик кызматтагы жана жеке сектордогу коррупция
Мамлекеттик кызмат кызматтык ыйгарым укуктарга ээ болгон адамдарга мыйзамсыз жеке материалдык пайда жана артыкчылыктарды алуу үчүн мурдагыдай эле кызыктырарлык бойдон калууда.
Бул абал Кыргыз Республикасына гана эмес, бүтүндөй дүйнөгө таандык. 2014-2017-жылдары “Global Corruption Barometer” тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык ар бир төртүнчү сурамжыланган тигил же бул мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө акыркы жыл ичинде пара бергендигин билдирген. Дүйнө боюнча орточо алганда полиция кызматкерлери жана шайлануучу чиновниктер өтө коррупцияланган деп эсептелет (аларды сурамжылангандардын 36 %ы аташкан)[6].
Коррупция мамлекеттик башкаруу системасындай эле, жеке сектордо болуу менен алардын өнүгүүсүнө терс таасир тийгизет жана мамлекеттик бийликтин авторитетин төмөндөтөт.
Ошондуктан биздин мамлекет коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бардык чараларды андан ары да көрүүгө, жеке максаттарда кызматтык ыйгарым укуктарды колдонуу пайдасыз жана мүмкүн эмес боло турган шарттарды түзүү жолу менен анын келип чыгышынын бардык себептерин жана жүйөлөрүн жоюу үчүн максималдуу күч-аракеттерди жумшоого милдеттүү.
Ал үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын эмгек акысын жогорулатуу, мамлекеттин финансылык мүмкүнчүлүгүнүн кеңейүүсүндө социалдык жеңилдиктерди жана кепилдиктерди көбөйтүү боюнча чараларды этабы менен колдонууга киргизүү, ошондой эле сый акыларды жана башка сыйлыктарды төлөп берүүдө субъективизм үчүн шарттарды жоюу зарыл.
Өз кезегинде, бийлик органдарынын коомчулук алдындагы отчеттуулугу жана контролдо болуусу, мамлекеттик жол-жоболордун ачыктыгы жана мамлекеттин кадр саясатында меритократиянын принциптерин катуу сактоо үчүн шарттар түзүлүүгө тийиш.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бөлүгү мамлекеттик эмес секторго өткөрүп берилиши керек, бул болсо мамлекеттик кызматкерлердин айрым дискрециялык ыйгарым укуктарын кыскартууга жана алардын штаттык санын оптималдаштырууга мүмкүндүк берет. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын штатын оптималдаштыруу менен бир эле учурда кызыкчылыктардын кагылышуу учурларынын келип чыгышын болтурбоо жана бардык кызматкерлердин кирешелеринин жана чыгашаларынын ачыктыгын жогорулатуу боюнча чараларды күчөтүү керек.
Эл аралык уюмдардын изилдөөлөрү коррупциянын мамлекеттик гана эмес, жеке секторго дагы терс таасир тийгизип жатканын ачык күбөлөндүрүп турат.
Жеке сектордо ачыктыктын жоктугу бул сектордо чечимдерди кабыл алуу бизди жол-жоболорунун отчеттуулугун, контролдоону жана ачык-айкындыгын камсыз кылуучу уюштуруучулук-укуктук механизмдерди колдонууга киргизүүнүн зарылдыгына алып барууда.
Ошону менен мамлекет коррупциянын жеке секторго жана анын аныктоосуна туш болгон адамдардын айланасына таралуу чөйрөсүн толук түшүнүүгө негизденип гана ишкердиктин субъекттеринин ишине кийлигише алат.
Жеке секторго аталган антикоррупциялык механизмдерди киргизүүдө кандай болгон учурда дагы кайсы бир бюрократиялык же администрациялык тоскоолдуктар түзүлбөшү керек, тескерисинче ата мекендик жана чет өлкөлүк ишкерлер үчүн ыңгайлуу инвестициялык климатты түзүүгө максималдуу жардам көрсөтүү зарыл.
Ишкердиктин субъекттеринин жана бизнес-ассоциациялардын “Кыргызстандын бизнеси коррупцияга каршы” Хартиясына инициациясы жана кошулуусу аркылуу коррупцияга каршы аракеттенүүгө жана аны алдын алууга өбөлгө түзүүчү принциптерди жана эрежелерди ишкердиктин субъекттеринин арасында алдыга жылдыруу жана аларды кынтыксыз сактоо ниети жөнүндө жеке сектордун эрки чагылдырылган.
Азыркы учурда бул Хартияга Кыргызстандын 30дан ашык ишкердиктин субъекттери жана бизнес-ассоциациялары кошулушкан.
Бул жеке сектордо коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү жолунда биринчи кадам гана болуп калды.
Мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан антикоррупциялык күч-аракеттерди улантууда 2020-жылы бизнес-омбудсмендин институту түзүлгөн, ал ак ниеттүү эмес чиновниктердин коррупциялык көрүнүштөрүнөн ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо жолунда чыныгы алгылыктуу кадам болуп калды.
Ушул оң процесстин токтолбошу зарыл, ал өсүп гана турушу керек.
Мында ачык-айкындыкты камсыз кылуу жана көрсөтүлүп жаткан кызматтарга тарифтерди аныктоо боюнча так критерийлерди бекитүү үчүн жеке сектордо санарип технологияларды колдонууну кеңейтүү зарыл.
2.14 Саясий коррупция
Саясий коррупция дале болсо өлкөдө болуп жаткан саясий процесстерде орун алган. Бул чөйрөдө финансы каражаттарынын көлөмдүү жүгүртүлүшүнүн болушу, айрым топтордун жана адамдардын болуп жаткан мамлекеттик процесстерге саясий таасир тийгизүүсү, шайлоо мыйзамдарынын, анын ичинде “Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин сактабагандык жана саясий партиялардын реалдуу кирешелеринин жана чыгашаларынын толук ачыктыгынын жоктугу ага шарт түзүүдө.
Ошондой эле ал эл аралык антикоррупциялык уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр менен тастыкталууда: ”2019-жылы изилдөө саясаттын, акчанын жана коррупциянын ортосундагы байланышты баса көрсөтөт. Ошондой эле саясаттагы чоң акчалардын жөнгө салынбаган агымдары мамлекеттик саясатты ашыкча таасир тийгизүүдөн аялуу кылууда. Коррупцияны кабыл алуу индекси көрсөтүп тургандай шайлоо өнөктүктөрүн каржылоонун эрежелерин кыйла катуу сактаган өлкөлөр коррупциянын өтө төмөн деңгээлине ээ болушат.”[7].
Кыргыз Республикасы саясий партиялардын финансылык чыгымдарынын ачык-айкындуулугуна талаптарды күчөтөт жана шайлоо мыйзамдарын сактабаганы жана бардык саясий институттарга шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликти жогорулатат.
Бул Стратегиянын негизинде төмөнкүдөй принциптер аныкталат:
– мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелеринин жана чыгашаларынын балансына байкоо жүргүзүү принциби. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын жана анын жакын туугандарынын кирешелеринин жана чыгашаларынын ортосундагы баланс жөнүндө эконометрикалык маалыматтарды топтоонун жана ага талдоо жүргүзүүнүн инструменттерин колдонуу. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын жана алардын жакын туугандарында алардын реалдуу кирешелерин жогорулатуучу жашоо деңгээлинин фактысын аныктоо антикоррупциялык текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болуп калууга тийиш;
– коомдук контролдоо. Коомчулук үчүн маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, мамлекеттик процесстердин транспаренттүүлүк (ачыктыгы), мамлекеттик маалыматтын толук ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү;
– парадигманын жана коомдун маданиятынын алмашуу принциби. Коомдун маданияты мамлекеттеги чечүүчү процесстерди так түшүнүүгө, адамдар тарабынан мыйзамдуу баюунун жана эмгек сиңирген жогорку социалдык статусту алуунун негизги жана натыйжалуу булактарын түшүнүп билүүсүнө негизденет. Азыркы учурда коомдун маданияты коррупциянын мурастуулук жана финансылык кызыктырарлык идеясына топтолгон. Калктын ой-жүгүртүү парадигмасын өзгөртүү, жогорку эмгек акылар жогорку социалдык статус сыяктуу эле, адилет жана ачык мыйзамдуу ишкердүүлүктүн негизинде гана боло тургандыгы жөнүндө ой жүгүртүүнүн образын коомчулукка культивациялоо боюнча чараларды түзүү. Ал эми мамлекеттик кызмат – мыйзамсыз баюу үчүн арналбаган, чынчыл жана татыктуу адамдардын артыкчылыктуу укугу;
– мамлекеттик кызматтын аброюн күчтөндүрүү. Айрым мамлекеттик функцияларды жеке секторго өткөрүп берүү жолу менен мамлекеттик аппаратты оптималдаштыруу жана кыскартуу, ошондой эле айрым мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттарын негизсиз көбөйтүүгө жол бербөө. Жашоонун жогорку деңгээлин камсыз кылуу үчүн бардык рангдагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын эмгеги үчүн татыктуу сый акыны камсыз кылуу жана финансылык жүйөлөр коррупциялык мыйзам бузууларды жасоонун кызыктыруусун баасыздандыруу. Меритократия принцибинин негизинде мамлекеттик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга талаптарды көбөйтүү. Кесипкөйлүк деңгээлине жана эмгек тартибине талаптарды катуулатуу;
– мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупциялык кызыгуу жаратуусун баасыздандыруу. Коррупциялык жана кызматтык мыйзамдык бузууларды жасагандыгы үчүн жазаны катуулатуу. Орун алган коррупциялык схемаларды легалдаштыруу;
– жазанын шексиздиги. Антикоррупциялык мыйзамдарды катуу сактоону камсыз кылуу, бардыгына карата сот адилеттигинин шексиздигин камсыз кылуу.
Стратегиянын башкы максаты – коррупциянын келип чыгуусунун базалык жана системалуу себептерин жоюу аркылуу Кыргыз Республикасында коррупцияны минималдаштыруу; мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан антикоррупциялык саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу; өлкөнү санариптештирүү жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү автоматташтыруу процессин аягына чыгаруу (анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мониторинг жүргүзүү боюнча процесстерди автоматташтыруу, алар тарабынан чечимдерди кабыл алуу жана пландаштыруу); бул процесске мамлекеттик бийликтин, жарандык сектордун жана бизнес-коомчулуктун бардык институттарын тартуу; кандай болбосун коррупциялык көрүнүштөргө “нөлдүк толеранттуулук” атмосферасын түзүү; мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жогорку абройду камсыз кылуу.
2024-жылга Кыргыз Республикасы коррупциянын деңгээлин аныктоочу дүйнөлүк рейтингдерде учурдагы көрсөткүчтөн 30%га өзүнүн позициясын жакшыртат. Аткаруу бийлиги бардык ведомстволук мекемелер боюнча калктын ишеним индекси боюнча 50%га чейин жакшырууну алат.
Мамлекеттин сот адилеттиги системасы мыйзамдын үстөмдүгүн, адилеттүүлүктү камсыз кылат жана коррупциядан эркин болот. Ошону менен сот, көзөмөл жана укук коргоо системалары ишенимдин жогорку деңгээли жана жарандык коомдун колдоосу менен кандай болбосун таасир тийгизүүдөн өзүнүн толук көз карандысыздыгын далилдей алышат, бул болсо мамлекеттик жана коомдук өнүгүүнүн бардык чөйрөлөрү жана өлкөдө экономикалык активдүүлүктү жогорулатуу үчүн кошумча импульс берет.
Мамлекетте төмөнкүлөр болот:
– БНДда чагылдырылган маалыматты ар тараптуу жана объективдүү верификациялоого мүмкүндүк берүүчү декларациялык мыйзамдар өркүндөтүлгөн;
– бардык коррупциялык мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик күчөтүлгөн, алар өзгөчө оор кылмыштарга гана келтирилет;
– ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна гана эмес, колдонулуп жаткан мыйзамдар үчүн дагы антикоррупциялык экспертизаны жүргүзүүнүн улуттук системасы колдонууга киргизилген.
5. Стратегиянын артыкчылыктуу багыттары
Стратегиянын артыкчылыктуу багыттары жана иш-чаралары Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыгынан, мамлекетке келтирилген зыяндын деңгээлинен, жакынкы 4 жылга чагылдырылган иш-чаралардын реалдуулугунан жана аткарылышынан улам аныкталган.
Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн негизги артыкчылыктуу багыттарын аныктоону эске алуу менен өзүнө төмөнкү артыкчылыктуу багыттарды камтыган, теңдештирилген система иштелип чыккан:
– коррупциялык көрүнүштөрдүн келип чыгышынын базалык (түпкү) себептерин жана анын таралышын жоюу үчүн шарттарды түзүү;
– коррупцияга каршы аракеттенүүнүн превентивдүү механизмдерин колдонууга киргизүү;
– коррупциялык мыйзам бузууларды жасагандыгы үчүн жазаны катуулатуу;
– мамлекеттик башкаруучулук чечимдерди кабыл алуунун ачыктыгы жана айкындуулугу;
– мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы аракеттенүүдө жарандык коомдун кеңири тартылуусу;
– жарандарда, ишкерлерде, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарда коррупцияга нөлдүк толеранттуулук принцибин бекемдөө, жаш муунду кандай болбосун коррупциялык көрүнүштөрдү кабыл албоо духунда тарбиялоо;
– мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын коррупцияланган чиновниктерден тазалоо.
Стратегиянын негизги милдеттери:
1. Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү.
Чакан милдеттер:
– коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү, коррупцияны алдын алуу маселелеринде мамлекеттик органдарды координациялоодо аракеттерди күчөтүү жана макулдашуу, мамлекеттик институттар ортосунда кайталоочу функцияларды жоюу;
– мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында орун алган коррупциялык тобокелдиктерди жана схемаларды минималдаштыруу. Натыйжаларга мониторинг жүргүзүүнүн жана верификациялоонун иштиктүү системасы;
– коррупциянын терең жана түпкү (базалык) себептерине талдоо жүргүзүү, мамлекеттик кызматтык системасын өзгөртүү жана мамлекеттик бийликти ишке ашыруу үчүн таасир тийгизүү ордун аныктоо.
2. Декларациялоо мыйзамдарды жана “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү.
Чакан милдеттер:
– жашоо деңгээлин реалдуу кирешелер менен салыштыруу системасын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын үй-бүлөсүнүн жашоо деңгээлин аныктоо менен алардын жашоо абалынын деңгээлин аныктоонун методикасын түзүү. Жашоо деңгээли тастыкталган кирешелеринен кыйла жогору болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды жана алардын жакын туугандарын аныктоо системасын түзүү;
– “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын натыйжалуу ишке ашыруу.
3. Мамлекеттик чечимдерди кабыл алуунун айкындуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу.
Чакан милдеттер:
– мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана автоматташтыруу жолу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын жарандар менен түз байланыштарын минимумга келтирүү. Монополизациялоого жол бербөө шартында бул кызмат көрсөтүүлөрдүн бөлүгүн жеке сектордун институттарына өткөрүп берүү, ошондой эле мамлекеттик электрондук башкаруунун компоненттерин күчтөндүрүү. Документ жүгүртүүнү, иш кагаздарын жүргүзүүнү, кеңешмелерди, документтерге виза жана кол коюуну электрондук негизге которуу;
– лицензиялоо-уруксат берүү системасын, мамлекеттик контроль жана көзөмөл системасын, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү;
– өлкө шарттарында колдонууга жаткан практикалык антикоррупциялык методологияларын түзүү;
– коомдук контролдоо институтун ишке киргизүү менен мамлекеттик башкаруу системасында коррупцияга каршы аракеттенүү маселелеринде жарандык сектордун жана бизнес-коомчулуктун ролун жогорулатуу.
4. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын баркын көтөрүү, мамлекеттик жана жеке секторлордогу коррупциялык көрүнүштөрдү минималдаштыруу.
Чакан милдеттер:
– мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, жеке сектордо коррупцияга чыдабастыкка жана элге кызмат кылуу идеясына багытталган корпоративдик маданиятты түзүү;
– мамлекеттик чыгашаларды оптималдаштыруу. Мамлекеттик кызматка жогорку деңгээлдеги кесипкөй адамдарды тартуу үчүн алардын эмгегине сый акыны рыноктук деңгээлге чейин көбөйтүү максатында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын штатынын оптималдуу өлчөмүн камсыз кылуу. Меритократия принцибине негизденген кызматты уюштурууга жана аткарууга мамилелерди радикалдуу өзгөртүү;
– инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ар кандай коррупциялык жана бийлик органдарынын башка кол салууларынан коргоо;
– коррупциялык схемалардын орун алышынын негизин жок кылуучу, коомдук контролдоо жана жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ачык болгон, салыктар жана алымдар алынуучу мыйзамдуу ишке алардын багытын өзгөртүү менен объективдүү себептер боюнча иштеп жаткан коррупциялык схемаларды легалдаштырууга өбөлгө болуучу акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын өркүндөтүү жана санариптештирүү;
– жеке сектордогу коррупциялык көрүнүштөрдү пайда кылуучу шарттарды жана себептерди жоюу.
5. Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарына ишенимди жогорулатуу жана коррупциялык кылмыштар үчүн жазанын шексиздиги.
Чакан милдеттер:
– коррупциялык укук бузуулар үчүн сөзсүз жоопкерчиликке тартуунун шексиздиги принцибинин сот, көзөмөл жана укук коргоо органдары тарабынан толук сакталышы;
– коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликтин натыйжалуу системасын түзүү.
6. Саясий коррупцияны болтурбоо.
7. Эл аралык антикоррупциялык программаларды ишке ашыруу жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды каржылоо.
Чакан милдеттер:
– коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;
– антикоррупциялык иш-чараларды каржылоону камсыз кылуу.
Стратегиянын максаттары жана милдеттери 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында чагылдырылган максаттарга жетишүүгө багытталган.
7. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн жана анын түпкү (базалык) себептерин жоюунун негизги кадамдары
Коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын түпкү (базалык) себептерин жоюу боюнча негизги чаралар коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү боюнча эл аралык оң тажрыйбаны жана ЭКӨУнун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн Антикоррупциялык тармагынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Стамбул иш-аракеттер планына мониторинг жүргүзүүнүн Төртүнчү раундунун сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан:
– коррупцияга каршы аракеттенүү жана алардын ортосундагы кайталанган функцияларды жоюу маселелеринде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын антикоррупциялык институттарынын координациялоосуна кыйла натыйжалуу механизмди киргизүү;
– “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү:
декларативдүүлүктү тартипке келтирүү жана четтетүү;
кабыл алынган антикоррупциялык ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүү;
мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын алардын кызмат адамдары тарабынан коррупциялык/кызматтык укук бузууларды жасоодо кабыл алынган актылардын (чечимдердин) колдонулушун жокко чыгарууну милдеттендирүүчү ченемдерди киргизүү;
– антикоррупциялык пландарды ишке ашыруу жөнүндө отчетторду (өкмөттүк антикоррупциялык план, ведомстволук пландар, мамлекеттик органдардагы системалуу коррупцияны демонтаждоо боюнча пландар), коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү методикасын, алардын аткарылышынын натыйжалуулугун баалоону унификациялоо;
– мамлекеттик органдардагы системалуу коррупцияны демонтаждоо, тиешелүү пландардын жана иш-чаралардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана аларды актуалдаштыруу боюнча ишти күчөтүү;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында системалуу коррупцияны демонтаждоо боюнча антикоррупциялык пландарды иштеп чыгуу жана алардын ишке ашырылышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү;
– мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калктын ишеними жөнүндө социологиялык сурамжылоо механизмин, санариптик инструменттерди колдонуу менен, эл аралык стандарттарга негизделген жана улуттук өзгөчөлүктөрдү, маданиятты жана менталитетти эске алуу менен өздүк индикаторлор системасы жана баалоо критерийлери менен коррупциянын деңгээлин аныктоочу улуттук системасын түзүү;
– мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциянын деңгээлине жана абалына антикоррупциялык пландардын таасирин баалоонун методикасын иштеп чыгуу;
– мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын БСДсын текшерүүнүн (анын ичинде саясий жана атайын кызмат орундарын ээлегендерди), ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын жана алардын жакын туугандарынын чыгымдарынын деңгээлинин алып жаткан кирешелери менен шайкештигин талдоонун натыйжалуу жана заманбап антикоррупциялык механизмдерин туруктуу негизде киргизүү;
– мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, жарандык коом институттары тарабынан мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдын БСДга чагылдырылган маалымат менен анын иш жүзүндөгү мүлктүк абалына, ошондой эле анын жакын туугандарынын мүлктүк абалына шайкеш келбестикти контролдоону күчөтүү, анын ичинде ири сатып алууларды (курулушту), өзгөчө ири сатып алуунун түшүнүгү башталган мүлктүн ар бир категориясынын (кыймылдуу жана кыймылсыз) чектик суммасын аныктоо менен контролдоо;
– түшүндүрмөлөрү жок кирешелердин/чыгымдардын жана финансылык/мүлктүк абалдын болушунун фактыларын белгилөө ыйгарым укуктуу органдардын тиешелүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө милдеттүүлүгүн аныктайт (декларацияны толук текшерүү), андан ары алынган жыйынтыктарын прокуратура органдарына жөнөтүү жана маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында автоматтык түрдө окулуучу (ачык) форматта жарыялоо;
– мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар (анын ичинде саясий жана атайын кызматтарды ээлегендер) жана алардын жакын туугандары тарабынан БСДга толук эмес же так эмес маалыматтарды киргизүү үчүн жоопкерчилигин күчөтүү;
– чыгымдар менен кирешелердин шайкеш келбестиги мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын (анын ичинде саясий жана атайын кызматтарды ээлеген адамдардын) ишенимди жоготкондугу боюнча кызматтан бошотуу үчүн негиз болуп саналып, мүлктү мыйзамдуу кирешелерге сатып алынгандыгы жөнүндө далилдери жок болгон шарттар ал мүлктү жана андан түшкөн кирешелерди мамлекеттин пайдасына конфискациялоого (өндүрүп алууга) алып келет деп мыйзамда аныктоо;
– коррупциялык жол менен алынган же мыйзамдуу келип чыкканы аныкталбаган чет мамлекеттерге (оффшордук зоналарга) чыгарылган финансылык каражаттарды аныктоо жана аларды андан ары мамлекеттик кирешеге айлантуу үчүн Кыргыз Республикасына кайтаруу механизмдерин өркүндөтүү;
– 1990-жылдын 8-ноябрында Страсбург шаарында кол коюлган Европа кеңешинин Кылмыш ишинен түшкөн кирешелерди адалдоо, аныктоо, алып коюу, конфискациялоо жөнүндө конвенциясына кошулуу жөнүндө маселени кароо;
– декларацияларды текшерүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк, анын ичинде аймактык бөлүмдөрүнүн кесиптик жана материалдык-техникалык потенциалын күчөтүү. Автоматташтырылган негизде ар кандай ведомстволордун маалыматтарын салыштыруу мүмкүнчүлүгүн түзүү менен салык органдарынын башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү;
– мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген же ээлеп турган адамдар (FORM STI-155) тарабынан БСД формасын толтуруу учурунда “Түндүк” ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик органдардан маалымат алуу менен кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк бар экендиги жөнүндө маалыматты автоматтык түрдө толтурууга мүмкүндүк берүүчү программалык камсыздоону киргизүү;
– “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын натыйжалуу жүзөгө ашыруу, бул үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
бардык ченемдик укуктук актыларды аталган Мыйзамга ылайык келтирүү;
“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу үчүн жооптуу бирдиктүү ыйгарым укуктуу орган катары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматын аныктоо;
декларациялары жарыялоого жатпаган адамдардын так тизмесин аныктоо, ал эми декларациялары жарыялануучу жактарга карата мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын расмий сайттарында жарыялоонун мөөнөттөрүн жана тартибин аныктоо;
ишмердүүлүгү республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын тизмесин, чарбалык эсептик негизде иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын же болбосо уставдык капиталында мамлекеттик жана муниципалдык үлүш бар, ошондой эле мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруучулардын тизмесин аныктоо жана ачык жеткиликтүүлүккө жайгаштыруу;
кызыкчылыктардын кагылышуусу жана аларды башкаруу ыкмалары, жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды верификациялоо боюнча бирдиктүү окуу материалдарын иштеп чыгуу. Ушул Мыйзам жайылтылган жактардын арасында окутууларды өткөрүү;
коомдук кызыкчылык, жеке кызыкчылык, кызыкчылыктардын кагылышуусу, мамлекеттик кызматтагы адептүүлүк жана башка ушул сыяктуу түшүнүктөрдү жакшыраак түшүнүү үчүн калк арасында кеңири масштабдуу маалымат кампаниясын жүргүзүү;
кызыкчылыктардын кагылышуу учурларын болтурбоо жана алдын алуу башкаруу чараларын же ротациялык жол-жоболорун кабыл алуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын ортосундагы туугандык, достук же ишкердик мамилелерди аныктоонун методикасын киргизүү;
– “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында төмөнкүлөрдү бекитүү:
а) саясий жана атайын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын билдирүүлөрүн жарыялоо менен кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө арыз берүүнүн типтүү тартибин;
б) материалдык жооптуу жана/же техникалык персонал катары мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген жактардын ортосундагы кызыкчылыктарынын кагылышуусун жөнгө салуунун типтүү тартибин;
в) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жайылтылган жактардын бардык категорияларынын ортосундагы кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу боюнча методикалык колдонмосун;
– кызыкчылыктардын кагылышуусунун пайда болуусу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдарга билдирбөөсү же өз убагында билдирбегени үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды (анын ичинде саясий жана атйын кызмат орундарын ээлеген адамдарды) ишенимди жоготкондугу негизи боюнча ээлеген кызматынан бошотууга чейин тартиптик жоопкерчиликке тартууну камтыган жоболорду мыйзамдуу түрдө бекитүү;
– сот жана көзөмөл органдарынын кызматкерлеринин жана укук коргоо системасынын кызматкерлеринин ишин уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн жана ыйгарым укуктарын эске алуу менен алардын кызыкчылыктарынын кагылышуусу жөнүндө жоболорду аныктоо максатында, ошондой эле жеке кызыкчылыктар жана ушул ченемдерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө декларацияларын берүү, верификациялоо жагынан тармактык мыйзамдарга тиешелүү толуктоолорду киргизүү менен мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
– салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын толук киргизүү;
– “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясын толук ишке ашыруу аркылуу коррупциогендик факторлорду жана көрүнүштөрдү азайтуу, анын ичинде сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүндө “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” жана “Бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системаларын киргизүү процессин аяктоо;
– алдыңкы эл аралык тажрыйбаны колдонуп, бардык мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иш кагаздарын жүргүзүү жана иш жүргүзүү процесстерин автоматташтыруу;
– лицензиялык-уруксат берүү системасындагы мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө системасындагы, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар системасындагы бардык жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү, оптималдаштыруу, өркүндөтүү жана так жөнгө салуу;
– мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ведомстволук сайттарда жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сайтында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тендерлер жөнүндө ар жылдык пландарды милдеттүү түрдө жарыялоо;
– мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн бардык процесстеринде коомчулук үчүн максималдуу ачыктыкты орнотуу менен алардын жол-жоболорун жана механизмдерин өркүндөтүү, анын ичинде, товарларды автоматташтырылган тандап алууну киргизүү, мамлекеттик сатып алуулар процесстерин онлайн режиминде чагылдыруу менен аткарылган жумуштарды жана кызматтарды кабыл алуунун жол-жоболорун өркүндөтүү. Жаңы коррупциялык тобокелдиктерди жана схемаларды өз убагында аныктоо жана аларга каршы натыйжалуу механизмдерди киргизүү;
– боштуктарды, коллизияларды, коррупциялык тобокелдиктерди жана кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыккан учурларды аныктоо максатында коомчулуктун катышуусу менен мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышына терең мониторинг жана талдоо жүргүзүү, жыйынтыгы боюнча аларды жоюу жана андан ары өркүндөтүү үчүн тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
– мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин жана функцияларын аныктоо менен монополияны болтурбоонун шарттарында аларды андан ары жеке секторго өткөрүп берүү;
– ар бир мамлекеттик органдан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды комплекстүү алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында бардык мамлекеттик каттоолорду жана маалыматтар базаларын борборлоштуруу жана автоматташтыруу;
– ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна гана эмес, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарга антикоррупциялык экспертиза жүргүзүүнүн жаңы системасын иштеп чыгуу жана киргизүү менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун антикоррупциялык экспертизадан өткөрүү системасын толук кайра карап чыгуу;
– ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна антикоррупциялык экспертиза жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигин, ал эми колдонуудагы мыйзамдар боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасын аныктоо;
– ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жана колдонуудагы мыйзамдарга антикоррупциялык экспертиза жүргүзүүнүн, ошондой эле жөнгө салуучу таасирди талдоонун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында же Интернет-ресурстарда кынтыксыз жарыялоону камсыз кылуу;
– коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө толук отчетту жана четке кагылган сунуштардын негиздемелерин даярдоо жана жарыялоо аркылуу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо жол-жоболорун өркүндөтүү;
– мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук сайттарында финансылык каражаттардын чыгымдалышынын бухгалтердик отчетторунда ачык чагылдыруу жана калк үчүн жеткиликтүү кылуу менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык отчеттуулугунун ачык системасын түзүү;
– улуттук кызыкчылыктарга тиешелүү чечимдерди кабыл алуудагы транспаренттүүлүктү (ачыктыкты) максималдуу жогорулатуу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жарандык коом тарабынан контролду күчөтүү, ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана башкаруунун бардык деңгээлдеринде башкаруу чечимдерин кабыл алуу процесстерине жарандардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле аларга мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоого укук берүү;
– мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин ишин күчөтүү, алардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун кыйла алдыңкы методикасын иштеп чыгуу жана киргизүү;
– “Кыргыз Республикасында коомдук контролдун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
– “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин жана талаптарын эске алуу менен бардык мамлекеттик ачык-айкын реестрлерди жана коомдук маанилүү маалыматтарды камтыган маалыматтар базаларын, ачыкка чыгаруу жана жеткиликтүү кылуу боюнча чараларды кабыл алуу менен талдоо;
– коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерлердин мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринен көз карандысыздыгын көтөрүү, функционалдык милдеттерин оптималдаштыруу, административдик мамлекеттик жана административдик муниципалдык кызмат орундарынын категориясын жогорулатуу, алардын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин кеңейтүү, укуктук билимин, квалификациялык жана кесиптик көндүмдөрүн жогорулатуу;
– укуктук агартуу жана калк үчүн коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү системасын өркүндөтүү жана белгилүү бир чөйрөдөгү коррупциялык тобокелдиктер жөнүндө коомчулукка маалымдоо, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү мекемелери үчүн антикоррупциялык адистештирилген курстарды киргизүү;
– коррупцияны кабыл албоо маданиятынын негиз түзүүчү элементтерин камтыган жана жарандардын активдүү жарандык позициясын калыптандырууга, алардын коррупцияга каршы аракеттенүү маселелеринде натыйжалуу жана активдүү катышуусуна шарт түзгөн маалыматтык стратегияны кабыл алуу;
– калк арасында системалуу жана кеңири масштабдуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу коомдогу укуктук нигилизмди минималдаштыруу, жаш-курактык, кесиптик жана башка өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен укуктук маданиятты жогорулатуу, ошондой эле жарандардын укуктары жана эркиндиктери, аларды жүзөгө ашыруу механизмдери жана мыйзамсыз же негизсиз кол салуулардан коргоонун укуктук негиздери жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу;
– мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга кирешелерди, чыгымдарды жана мүлктөрдү декларациялоо боюнча үзгүлтүксүз практикалык сабактарды өткөрүү;
– антикоррупциялык кошумча механизмдерди иштеп чыгуудагы жана киргизүүдөгү жыйынтыктарды колдонуу менен антикоррупциялык агартуу, пропагандалоо жана окутуу боюнча иш-чаралардын натыйжаларын жана таасирин баалоону жүргүзүү;
– “Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүлөрдү караган ченемдерди киргизүү:
коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген жактарды мыйзамсыз кызматтан бошотуудан жана башка алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуулардан коргоону;
коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген жактардын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузууларына прокуратура органдары тарабынан чара көрүүнү;
бардык процесстерди так жөнгө салууну (анын ичинде маалыматтарды тастыктоо түшүнүгүн чагылдырган), ошондой эле аткарылышынын натыйжалуулугуна үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү менен материалдык сый акыны төлөөнү;
– айрым мамлекеттик функцияларды жеке секторго өткөрүп берүү аркылуу мамлекеттик аппаратты оптималдаштыруу жана кыскартуу, ошондой эле айрым негизсиз көбөйтүлгөн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттарын кыскартуу;
– мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын эмгек акыларын жогорулатуу жана коррупцияга катышууга түрткү берген жүйөнү азайтуу максатында социалдык жеңилдиктерди көбөйтүү. Биринчи этапта мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын эмгек акыларын рыноктук эмгек акы төлөө деңгээлине ылайык келтирүү. Экинчи этапта социалдык тармактын кызматкерлерине социалдык жеңилдиктерди көбөйтүү (окутуучулар, мугалимдер, бала бакчалардын тарбиячылары, врачтар жана медициналык кызматкерлер). Үчүнчү этапта мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын эмгек акыларынын деңгээлин рынок көрсөткүчтөрүнөн жогору көтөрүү;
– мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга сый акыларды төлөө жана жеңилдиктер менен артыкчылыктарды берүү жөнүндө чечимдерди калыстык, отчеттуулук, ачыктык жана айкындуулук принциптеринин, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин кароосу боюнча эмес, кызматтык милдеттерин аткаруунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде гана кабыл алуу;
– инвесторлор жана инвестицияларды тартуу үчүн жасалма тоскоолдуктарды жаратуучу мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык факторлорду минималдаштыруу аркылуу жагымдуу инвестициялык климатты түзүү;
– жасалма тоскоолдуктарды жараткан жана башка укуктар менен мыйзамдуу кызыкчылыктардын бузулушуна алып келген коррупциогендик факторлорду аныктоо максатында бизнес коомчулук менен биргеликте ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо жаатындагы мыйзамдарына талдоо жүргүзүү. Жыйынтыгында аныкталган коррупциогендик факторлорду, мыйзамдардагы коллизияларды жана боштуктарды жоюу максатында ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;
– коомдук контролдун ачыктыгын камсыз кылуу жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын жоопкерчилигин жогорулатуу менен объективдүү себептер боюнча мамлекеттик органдарда орун алган коррупциялык схемаларды легалдаштыруу;
– мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү эсепке алуу механизмдерин өркүндөтүү, анын натыйжалуулугун баалоо жана аны пайдаланууда бардык коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу;
– социалдык стандарттарды жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү аркылуу медициналык-социалдык чөйрөдөгү коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү, категориялык, компенсациялык жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөдө даректүүлүктү камсыз кылуу, эл аралык функционалдык стандарттарга жана мамилелерге өтүү;
– жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык-айкын иш-аракеттерин түзүү жолу менен камкорчулук, көзөмөлчүлүк жана улуттук бала асырап алуу маселелерин кароодо коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу, балдарды асырап алуу, камкорчулукка алууну каалаган бардык жактардын маалыматтык порталын түзүү;
– жеке сектордо айрым чечимдерди кабыл алуунун контролго алынышын, айкындуулугун, акыйкаттыгын жана отчеттуулугун коррупциянын жайылуусу жана анын аныктамасына кирген адамдардын чөйрөсүн түшүнүүгө негизделген камсыз кылуучу механизмдерди киргизүү;
– жеке сектордогу коррупцияга каршы аракеттенүү максатында “Кыргызстан бизнеси коррупцияга каршы” Хартиясына ишкердик субъекттеринин максималдуу санынын кошулуусу;
– табигый монополиялар чөйрөсүндө тарифтерди аныктоонун так критерийлерин белгилөө жана аларды берүүнүн ачыктыгын жогорулатуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү үчүн жеке секторго алдыңкы санариптик технологияларды киргизүү;
– коррупциялык укук бузууларды жасоого катышкан юридикалык жактарга мамлекеттик сатып алууларга, тендерлерге, аукциондорго катышууга жол бербөө, ошондой эле аларга мамлекеттик насыяларды, субсидияларды, салыктык жеңилдиктерди берүүгө тыюу салуу жөнүндө жоболорду мыйзамдык жактан бекемдөө;
– жогорку пункту ишке ашыруу максатында коррупцияга аралашкан юридикалык жактардын системалуу жаңыртуу жана ачыкка жайгаштыруу менен маалыматтар базасын түзүү;
– коррупциялык жана кызматтык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликтин шексиздигин камсыз кылуу;
– сот адилеттиги системасынын ишинин кынтыксыздыгын төмөнкү жолдор аркылуу камсыз кылуу:
соттордун ишиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү, анын ичинде коррупциялык жана кызматтык кылмыштар үчүн жаза дайындоодо дискрециялык ыйгарым укуктарын жоюу;
судьянын талапкерлерине талаптарды күчөтүү;
бардык сот актыларын кабыл алуунун ачыктыгы жана аларды милдеттүү түрдө жарыялоо;
мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимдеринин кынтыксыз, толук жана натыйжалуу аткаруу;
кызматтык/коррупциялык кылмыштарды соттук кароо методикасын туруктуу өркүндөтүү жана жакшыртуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумдарын туруктуу өткөрүү, көрсөтүлгөн категориядагы кылмыштарды кароодогу тиешелүү колдонмолорду жана методикаларды чыгаруу;
– сот өндүрүшүн жеңилдетүү жана анын оперативдүүлүгүн жогорулатуу максатында соттордун ишин толук автоматташтырууну аяктоо;
– бардык сот инстанцияларында санкцияланбаган кийлигишүүдөн жана жасалма манипуляциялардан корголгон, иштерди бөлүштүрүүнүн критерийлеринин жана параметрлеринин ачыктыгын камсыз кылуу, ошондой эле бөлүштүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматты милдеттүү түрдө жарыялоо менен сот иштерин автоматташтырылган бөлүштүрүү системасын киргизүү;
– сот, көзөмөл жана укук коргоо органдары тарабынан жазык процессинин катышуучуларынын укуктарын жана эркиндиктерин бузуу тобокелдигине жол берген мүмкүн болгон боштуктарды жана коллизияларды жоюу боюнча аларга оңдоолорду киргизүү максатында жазык жана жазык-процесстик мыйзамдарына талдоо жүргүзүү;
– укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын арасындагы коррупцияны алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген чектөөлөрдү, тыюу салууларды жана милдеттерди кеңейтүү;
– инсанды коргоого жана коомдук тартипти камсыз кылууга, коррупцияны жоюуга, укук коргоо органдарынын баркын калыбына келтирүүгө жана калктын укук коргоо органдарына болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган укук коргоо органдарынын системасын реформалоону аяктоо, анын ичинде төмөнкүлөргө багытталган чараларды көрүү:
укук коргоо органдарынын ишинде жасалган коррупциялык кылмыштарды аныктоодон аларды алдын алуу жана профилактикалоо иштерин күчөтүүгө өтүү;
кадр саясатын меритократия принциптеринде гана жүргүзүү, бардык кызмат орундарына сынактык тандоо жүргүзүү, аттестация жана ротация жол-жоболорун өркүндөтүү;
укук коргоо системасын коррупциялашкан кызматкерлерден өзүн-өзү тазалоо, коррупциялык схемаларды аныктоо жана жоюу боюнча ички иликтөө/ички коопсуздук кызматтарынын ишин күчөтүү;
сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата коррупциялык укук бузуулар фактылары боюнча жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүлөр жөнүндө маалыматтарды милдеттүү түрдө жарыялоо;
– коррупцияга таандык кылмыштардын тизмесин (категорияларын) мыйзамдык аныктоо (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин беренелери);
– коомдук жана жеке секторлордогу коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартыла турган субъекттердин чөйрөсүн кеңейтүү;
– Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине коррупциялык кылмыштын предмети катары “укуксуз артыкчылык” деген так аныктаманы киргизүү (анын ичинде мүлктүк эмес жана материалдык эмес баалуулуктар);
– коомдук сектордо таасир этүү менен соодалашуу, убада кабыл алуу, пара суроо, пара сунуштоо/убада берүү, сунуш/убада кабыл алуу, жеке өзү же ортомчу аркылуу пара сурагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигин мыйзамдык түрдө бекитүү;
– “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде кызматтык кылмыш жасагандыгы үчүн кызматтан бошотулган адамдардын, анын ичинде коррупция, мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикти уурдоо менен байланышкан кылмыштар үчүн, ишенимди жоготкондугу боюнча, ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы укук бузуулар үчүн жазык жоопкерчилигинен реабилитациялабоочу негиздер менен бошотулган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын жумушка кайра келүү, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына орношуу мүмкүнчүлүгүн жоюу жоболорун мыйзамдуу түрдө бекитүү;
– мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын, саясий жана атайын кызмат орундарын ээлеген адамдар, анын ичинде алардын орун басарлары алардын түздөн-түз кол алдындагы кызматчылары тарабынан далилденген коррупциялык кылмыштарды жасалгандыгы үчүн милдеттүү түрдө терс негиздер боюнча кызматтан бошотуу түрүндө тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө жоболорун мыйзамдык бекитүү;
– кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды, ири жана өзгөчө ири өлчөмдөгү мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикти уурдоого байланышкан кылмыштарды (анын ичинде жеке сектордо) жасагандыгы үчүн жазаны катаалдаштыруу же күчөтүү максатында, анын ичинде мүлкүн конфискациялоо түрүндөгү жазаны милдеттүү түрдө дайындоону, ошондой эле ушул категориядагы кылмыштарды жасаган адамдарга карата камакка кармоо түрүндөгү гана бөгөт коюу чарасын тандоону камтуучу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү;
– күнөөсүн мойнуна алуу же кызматташуу келишими түзүлгөн учурларды кошпогондо, өзгөчө оор коррупциялык кылмыш жасаган адамдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү гана жазаны колдонууну камтыган жоболорду мыйзамдуу түрдө бекитүү;
– коррупциялык кылмыш иштеринин, сотко чейинки жана соттук өндүрүштөрдүн бардык категориялары боюнча конфискациялоону колдонуу жөнүндө деталдуу статистикалык отчетторду жана маалыматтарды, анын ичинде мыйзамсыз кирешелерге алынган мүлктөрдү мамлекеттин эсебине өндүрүү фактыларды жарыялоо;
– эл аралык стандарттарга жана алдыңкы тажрыйбаларга ылайык эффективдүү жана иштиктүү жоопкерчиликти камсыз кылуу максатында юридикалык жактардын коррупциялык кылмыштар үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле мындай жоопкерчиликтин автономдуу мүнөзүн белгилөө;
– Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын судьяны коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартууга макулдугун берүү жөнүндө көрсөтмөсүн кароого 10 жумуш күнүнөн ашпаган реалдуу мөөнөттү белгилөө;
– коррупциогендик факторлорду, коллизияларды жана боштуктарды жоюу максатында бүткүл шайлоо мыйзамдарына антикоррупциялык экспертиза жүргүзүү;
– бардык саясий институттарга карата ачыктык талаптарын жогорулатуу, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү;
– саясий партиялардын жалпыга малымдоо каражаттарына жана Интернет-ресурстарына жарыялоо аркылуу алынган кирешелер/чыгымдар жана бардык финансылык мүнөздөгү милдеттенмелер, анын ичинде партияны каржылоого финансылык салым кошкон адамдар жөнүндө толук маалыматтар камтылган өлкөнүн калкы алдында системалуу түрдө өз отчетторун берүүсү;
– төмөнкүлөргө багытталган иштиктүү механизмдерди түзүү:
“Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сакталышына, аларды каржылоо бөлүгүндө мониторинг жүргүзүү;
“Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бузулушун аныктоо жана андан ары күнөөлүүлөрдү тиешелүү административдик же жазык жоопкерчилигине тартуу менен сотко чейинки иликтөө жүргүзүү;
– антикоррупциялык чараларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн, ошондой эле ак ниеттүү кызмат өтөөнү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы жана коомдогу ар кандай коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу боюнча укуктук агартуу, пропагандалоо иш-чараларына керектүү каржылоону бөлүп берүү.
8. Коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча эл аралык кызматташууну өнүктүрүү
Кыргыз Республикасы коррупцияга каршы аракеттенүү маселелеринде бардык өлкөлөр менен өнөктөштүктү кеңейтүү жана тереңдетүү менен эл аралык кызматташууну улантуусу керек.
Кыргыз Республикасы эл аралык укуктун толук укуктуу субъекти катары БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясын ратификациялоо менен ушул тармактагы башка эл аралык укуктук документтерге кошулуп, эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү процесстерине толук жана жигердүү катышууну камсыз кылууда. Бул биздин өлкөгө мамлекеттин антикоррупциялык саясатын жүргүзүүдө алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды колдонууга жана эл аралык кызматташууну кеңейтүүгө жардам берүүдө.
Кыргыз Республикасы тарабынан эл аралык кызматташуунун алкагында Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген, алардын ичинде коррупциялык укук бузууларга катышкан адамдарды экстрадициялоо жана административдик, жазык жана жарандык иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө бир катар эл аралык келишимдер түзүлгөн. Ошондой эле мыйзамсыз чыгарылган активдерди кайтаруу боюнча иштерди активдүү улантууда.
Эл аралык тажрыйбага жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташууга негизделген улуттук антикоррупциялык системанын калыптануусу ошол эле учурда аймактык өзгөчөлүктөргө жана улуттук мыйзамдарга багытталган.
Эл аралык антикоррупциялык иш-чараларды өткөрүү жана авторитеттүү эл аралык уюмдарга катышуу практикасын улантуу зарыл.
9. Стратегияны ишке ашыруудагы чакырыктар жана тобокелдиктер
Стратегияны ишке ашыруудагы негизги тобокелдиктер болуп төмөнкүлөр саналат:
– Стратегияны ишке ашыруунун бардык деңгээлдериндеги коррупцияланган жетекчилердин каршы аракеттенүүсү;
– Стратегияда сунушталган антикоррупциялык реформалардын таасирин баалоо боюнча изилдөө методикасы толук жана туруктуу каржылоонун жоктугуна байланыштуу туруктуу болбошу мүмкүн;
– Стратегияда чагылдырылган иш-чаралардын акыркы жана олуттуу жыйынтыкка жетишүүгө багытталбаган формалдуу, толук эмес, өз убагында же так эмес аткарылышы;
– туура эмес башкаруу чечимдеринин кабыл алынышына мүмкүн болгон антикоррупциялык чаралардын ишке ашырылышы, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан антикоррупциялык ишмердүүлүк жөнүндө так эмес же анык эмес маалыматтарды алуу;
– коррупциялык кирешелери бар саясий жана кызмат адамдарынын тар топторунун саясий каршы туруусу;
– кызыкчылыктардын кагылышуусу, контролдоону ыйгарым укуктуу (контролдоочу органды) органдын жүргүзүүсү;
– антикоррупциялык мыйзамдарды атайылап эмес катачылык менен чечмелөө же айрым жактарга пайда жана артыкчылыктарды көрүү максатында антикоррупциялык ченемдерди атайылап бурмалоо;
– Кыргыз Республикасы тараптардын бири болгон укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жоктугу мыйзамсыз чыгарылган активдерди кайтарууда жана аларга күнөөлүү кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн алып келүүдө кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн;
– коррупциянын системалуу себептерин толугу менен жоюу үчүн финансылык, адамдык же башка ресурстардын жетишсиздиги.
10. Стратегияны ишке ашыруунун механизми
Стратегия бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, уюмдар жана мекемелер, мамлекеттик үлүшү бар компаниялар, саясий партиялар, жарандык коомдун институттары тарабынан төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат:
– башкаруу чечимдерин кабыл алууда;
– бардык кадрдык маселелерди чечүүдө;
– бардык деңгээлдеги бюджеттерди талдоодо, божомолдоодо, түзүүдө жана аткарууда;
– ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда жана киргизүүдө;
– мыйзам чыгаруу демилгеси укугун жүзөгө ашыруу жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу учурунда;
– мыйзамдардын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук жана башка антикоррупциялык пландарынын аткарылышына контроль жүргүзүүдө;
– коррупциялык укук бузуулар үчүн жазанын шексиздигин камсыз кылуу жана мыйзамдарды бардык укук бузуучуларга объективдүү колдонуу жолу менен;
– коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы иштердин абалын кеңири жана объективдүү чагылдырууда жалпыга маалымдоо каражаттарына көмөк көрсөтүү жолу менен;
– коррупцияга каршы аракеттенүү иштерине жарандык сектордун институттарын жана бизнес-коомчулугун активдүү тартуу жолу менен;
– мамлекеттин антикоррупциялык саясатын натыйжалуу жүргүзүүнүн жана бардык антикоррупциялык чараларды натыйжалуу ишке ашыруунун зарыл шарттары болгон республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгымдар бөлүгүн пландаштырууда жана божомолдоодо антикоррупциялык иш-чараларды ишке ашыруудагы чыгымдарды кошуу менен керектүү көлөмдө каржылоону камсыз кылуу жолу менен.
11. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Стратегияны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн аны ишке ашырууга туруктуу негизде мониторинг жана баалоо жүргүзүү маанилүү.
Коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын түпкү (базалык) себептерин жоюу боюнча негизги кадамдарды аткаруу боюнча иштин натыйжасын өлчөө коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруунун маанилүү элементи болуп саналат.
Мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасы так жол-жоболорго жана методикаларга негизделиши керек, ал эми аны ишке ашыруу практикада укук колдонуучу чаралар менен камсыз кылынат. Бул система прогресске байкоо жүргүзүү, натыйжаларына талдоо жүргүзүү жана алардын түзүлүп жаткан кырдаалга тийгизген таасирине баа берүү үчүн маалыматтарды топтоого жана аларды талдоого мүмкүндүк берет.
Бул Стратегияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун толуктук, объективдүүлүк жана калыстык максаттарында ага жарандык секторду жана бизнес-коомчулукту, өкмөттүк эмес уюмдарды жана көз карандысыз эксперттерди тартуу керек.
Аткаруучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үзгүлтүксүз отчетторунан тышкары, бул мекемелердин ишинин натыйжалуулугу, программалык документтерде каралган иш-чараларды аткаруунун деңгээли жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу башка анык жана актуалдуу маалыматтарды топтоо зарыл.
Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү кырдаалга таасир тийгизүүсү так багыттардын жана көрсөткүчтөрдүн (индикаторлордун) жардамы менен өлчөнүүсү керек. Антикоррупциялык иш-чараларды ишке ашыруу жөнүндө мезгилдүү отчеттор аткаруучу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жасалган сыпаттоолор менен гана чектелбеши керек, ошондой эле алар өзүнө жетишилгендерди талдоону, көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугуна баа берүүнү жана алынган натыйжаларды камтууга тийиш.
Иш-чараларды жүргүзүү жана алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жөнүндө маалыматтарды топтоо үчүн санарип технологиялардын негизинде кабыл алынуучу чечимдер колдонулушу керек.
Коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин ачыктыгын жана отчеттуулугун камсыз кылуу максатында антикоррупциялык иш-чараларды ишке ашыруу жөнүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчеттору милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаттарында жана ведомстволук сайттарда жарыяланууга тийиш.
2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана
анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча
ПЛАН
№ | Максаттар | Милдеттер жана чакан милдеттер | Иш-чаралар | Күтүлүүчү жыйынтыктар | Индикаторлор |
|
1. Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү |
| |||||
1 | Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик органдарды ведомстволор аралык координациялоонун натыйжалуу системасын түзүү | Коррупцияны алдын алуу боюнча мамлекеттик органдарды координациялоодо иш-аракеттерди күчөтүү жана аларды макулдашууну камсыз кылуу, КР ККК, КР БП жана КР ӨА ортосундагы кайталанган функцияларды жоюу
| Антикоррупциялык органдардын иш-аракеттерин ушул институттардын ортосундагы кайталануучу функцияларды жоюу менен координациялоонун кыйла натыйжалуу механизмдерин киргизүү | Мамлекеттик бийликтин антикоррупциялык институттары (КР ККК, КР БП, КР ӨА) мамлекеттик органдардын коррупцияны алдын алуу боюнча иш-аракеттерин алардын натыйжалуулугун жана өз ара аракеттенүүсүн жогорулатуу менен натыйжалуу координациялоодо | Негизги мамлекеттик антикоррупциялык институттардын (КР ККК, КР БП, КР ӨА) функциялары кайталанбайт | |
“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү | Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарга зарыл оңдоолорду жана толуктоолорду киргизүү | “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын төмөнкүлөрдү камтыган жаңы редакциясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу: 1) декларативдүүлүктү тартипке келтирүү жана жоюу; 2) кабыл алынган антикоррупциялык ченемдик укуктук актыларга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык келтирүү; 3) мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарды алардын кызмат адамдары тарабынан коррупциялык/кызматтык укук бузууларды жасоодо кабыл алынган актылардын (чечимдердин) колдонулушун жокко чыгарууну милдеттендирүүчү ченемдерди киргизүү | “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы практикада колдонулууда | “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынган.
| ||
2 | Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында антикоррупциялык иш-аракеттерди /чечимдерди кабыл алууда натыйжалуулукту жогорулатуу жана үзгүлтүксүздүктү сактоо | Мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык тобокелдиктерди жана схемаларды минимизациялоо. Мониторинг жүргүзүүнүн жана жыйынтыктарды верификациялоонун иштиктүү системасы | Бардык антикоррупциялык пландарды ишке ашыруу жөнүндө отчетторду, коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү методикасын, алардын аткарылышынын натыйжалуулугун баалоону унификациялоо | Андан аркы башкаруу чечимдерин кабыл алууга жана өлкөдөгү антикоррупциялык саясаттын натыйжалуулугун баалоого, антикоррупциялык пландарды ишке ашыруунун сандык жана сапаттык таасирин өлчөөгө мүмкүндүк берүүчү система түзүлгөн | 1. Бардык антикоррупциялык отчеттор антикоррупциялык иш-чаралардын натыйжаларын баалоого мүмкүндүк берген бирдиктүү унификацияланган формада берилүүдө. 2. Бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пландарда каралган бардык антикоррупциялык чараларды так жана өз убагында ишке ашырууда |
|
Мамлекеттик органдардагы системалуу коррупцияны демонтаждоо боюнча ишти күчөтүү. Тиешелүү пландарды жана иш-чараларды ишке ашырууга жана аларды актуалдаштырууга туруктуу мониторинг жүргүзүү | Антикоррупциялык активдүүлүктүн үзгүлтүксүздүгү жаралды, бул чөйрөдөгү мамлекеттин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу | Системалуу коррупцияны демонтаждоо боюнча антикоррупциялык пландар актуалдаштырылган жана 90-100%га ишке ашырылууда | ||||
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында системалуу коррупцияны демонтаждоо боюнча антикоррупциялык пландарды иштеп чыгуу жана алардын ишке ашырылышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү | ||||||
3 | Коррупциянын түпкү себептерин кыйла так жана конкреттүү түрдө аныктоо жана аларды жоюу. Коррупциялык аракеттердин аныктамаларын жана түшүнүктөрүн конкреттештирүү | Коррупциянын түпкү (базалык) жана терең себептерине талдоо жүргүзүү, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат системасын өзгөртүүгө жана мамлекеттик бийликти жүзөгө ашыруу үчүн таасир этүүчү багыттарды аныктоо | Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калктын ишеними жөнүндө социологиялык сурамжылоо механизмин, санариптик инструменттерди колдонуу менен, эл аралык стандарттарга негизделген жана улуттук өзгөчөлүктөрдү, маданиятты жана менталитетти эске алуу менен өздүк индикаторлор системасы жана баалоо критерийлери менен коррупциянын деңгээлин аныктоочу улуттук системасын түзүү (КДАУС) | Кыргыз Республикасы антикоррупциялык изилдөө иштерин натыйжалуу жүргүзүп, жыйынтыгында мамлекеттин антикоррупциялык саясаты өркүндөтүлүп, коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүүнүн натыйжалуу механизмдери киргизилүүдө
| 1.Төмөнкүлөр боюнча жөнөкөй жана натыйжалуу механизм түзүлгөн: – коррупциялык тобокелдиктерди жана схемаларды аныктоо боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү; – программалык жана стратегиялык документтерди системалуу антикоррупциялык баалоо. 2. Антикоррупциялык пландардын ишке ашыруунун мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциянын абалына жана деңгээлине тийгизген таасирин баалоо методикасы кабыл алынган. 3. КДАУСтун жыйынтыгынын негизинде мамлекеттик органдарга болгон улуттук ишеним рейтинги жыл сайын жарыяланууда. 4. Мамлекеттик органдар калктын ишеним индекси боюнча 50%га чейинки жакшыруусуна жетишти. | |
Мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциянын деңгээлине жана абалына антикоррупциялык пландардын таасирин баалоонун методикасын иштеп чыгуу | ||||||
4 | 2. Декларациялоо мыйзамдарын жана “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү | |||||
БСДда чагылдырылган маалыматтарды кылдат жана объективдүү верификациялоого мүмкүндүк берүүчү декларациялоо мыйзамдарын өркүндөтүү | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын жашоо деңгээлин чыныгы кирешелери менен салыштыруу системасын ишке ашыруу үчүн үй-бүлөсүнүн жашоо деңгээлин тактоо менен анын жашоо деңгээлин аныктоонун методикасын түзүү. Жашоо деңгээли тастыкталган кирешелеринен кыйла жогору болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын жана алардын жакын туугандарын аныктоо системасын түзүү. | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын бирдиктүү салык декларациясын текшерүүнүн (анын ичинде саясий жана атайын кызмат ордун ээлеген адамдарды), ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын жана алардын жакын туугандарынын чыгымдарынын деңгээлинин алып жаткан кирешелери менен шайкештигин талдоонун натыйжалуу жана заманбап антикоррупциялык механизмдерин киргизүү | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар жана алардын жакын туугандары ыйгарым укуктуу органдардан декларацияланбаган мүлктөрүн же коррупциялык киреше булактарын жашыра алышпайт
| 1. Тийиштүү ченемдик укуктук актылар иштелип чыкты жана кабыл алынды. 2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын 100%ы БСД тапшырууда. 3.Толук текшерүүгө жаткан 100% БСДлар, бузуулар аныкталган учурларда прокуратура органдарына материалдарды жиберүү менен талданууда. 4. Чыгымдары менен кирешелери туура келбеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын 100%ы мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартылууда. 5. Европа кеңешинин Кылмыш ишинен түшкөн кирешелерди адалдоо, аныктоо, алып коюу, конфискациялоо жөнүндө конвенциясына кошулуу тууралуу сунуш киргизилди. 6. Мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылган коррупция жолу менен алынган каражаттар аныкталган жана мамлекеттин бюджетине кайтарылган. | ||
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коом институттары тарабынан мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдын БСДга чагылдырылган маалымат менен анын иш жүзүндөгү мүлктүк абалына, ошондой эле анын жакын туугандарынын мүлктүк абалына шайкеш келбестикти контролдоону күчөтүү, анын ичинде ири сатып алууларды (курулушту), өзгөчө ири сатып алуунун түшүнүгү башталган мүлктүн ар бир категориясынын (кыймылдуу жана кыймылсыз) чектик суммасын аныктоо менен контролдоо | ||||||
Түшүндүрмөлөрү жок кирешелердин/чыгымдардын жана финансылык/мүлктүк абалдын болушунун фактыларын белгилөө ыйгарым укуктуу органдардын тиешелүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө милдеттүүлүгүн аныктоо (декларацияны толук текшерүү), андан ары алынган жыйынтыктарын прокуратура органдарына жөнөтүү жана маалыматтарды жалпы маалымат каражаттарында автоматтык түрдө окулуучу (ачык) форматта жарыялоо | ||||||
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар (анын ичинде саясий жана атайын кызмат ордун ээлеген адамдар) жана алардын жакын туугандары тарабынан БСДга толук эмес же так эмес маалыматтарды киргизүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү | ||||||
Чыгымдар менен кирешелердин шайкеш келбестигин төмөнкүдөй мыйзамдык түрдө аныктоо: 1) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар (анын ичинде саясий жана атайын кызмат орундарын ээлеген адамдардын) ишенимди жоготкондугу боюнча кызматтан бошотуу үчүн негиз болорун; 2) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар (анын ичинде саясий жана атайын кызмат орундарын ээлеген адамдар) мүлктү мыйзамдуу кирешелерге сатып алынгандыгы жөнүндө далилдери жок болгон шарттар ал мүлктү жана андан түшкөн кирешелерди мамлекеттин пайдасына конфискациялоого (өндүрүп алууга) алып келүүсүн | ||||||
Коррупциялык жол менен алынган же мыйзамдуу келип чыкканы аныкталбаган чет мамлекеттерге (оффшордук зоналарга) чыгарылган финансылык каражаттарды аныктоо жана аларды андан ары мамлекеттик кирешеге айлантуу үчүн Кыргыз Республикасына кайтаруу механизмдерин өркүндөтүү | ||||||
1990-жылдын 8-ноябрында Страсбург шаарында кол коюлган Кылмыш ишинен түшкөн кирешелерди адалдоо, аныктоо, алып коюу, конфискациялоо жөнүндө конвенцияга кошулуу мүмкүнчүлүгү маселеси боюнча ушул Конвенцияда каралган тартипте жана шарттарда кызыкдар болгон мамлекеттик органдар тарабынан координацияланган ишти жүргүзүү | ||||||
Декларацияларды текшерүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк, анын ичинде аймактык бөлүмдөрүнүн кесиптик жана материалдык-техникалык потенциалын күчөтүү. Автоматташтырылган негизде ар кандай ведомстволордун маалыматтарын салыштыруу мүмкүнчүлүгүн түзүү менен салык органдарынын башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттешүүсүн өнүктүрүү | ||||||
Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген же ээлеп турган адам (FORM STI-155) тарабынан БСД формасын толтуруу учурунда “Түндүк” ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик органдардан жана жергиликтъъ өз алдынча башкаруу органдарынан маалымат алуу менен кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк бар экендиги жөнүндө маалыматты автоматтык түрдө толтурууга мүмкүндүк берүүчү программалык камсыздоону киргизүү | ||||||
5 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар үчүн кызыкчылыктардын кагылышуусунун келип чыгуу мүмкүндүктөрүн минимизациялоо
| “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын натыйжалуу жүзөгө ашыруу | Бардык мыйзамдарды “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү | Мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызыкчылыктардын кагылышуусунун келип чыгышынын шарттары жана себептери жоюлган. Аларды өз убагында алдын алуу жана жөнгө салуу.
| 1. “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы иш жүзүндө ийгиликтүү колдонууда. 2. КР МКК мыйзамдын аткарылышы жана декларациялардан, ачык булактардан алынган маалыматтардын өзгөрүүсүнө негизделген кызыкчылыктардын кагылышуусунун келип чыгуусунун потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүдө. 3. “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген. 4. Кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдарга окутуулар өткөрүлгөн. 5. Кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча типтүү тартиптер жана методикалык колдонмолор кабыл алынган. 6. Күнөөлүү жактарды тиешелүү жоопкерчиликке тартуу менен аныкталган кызыкчылыктардын кагылышуусу учурлары 100%га жөнгө салынган. 7. Мамлекеттик органдар системасындагы коррупциялык фактылардын төмөндөшүнүн натыйжасында мамлекеттик бюджеттин үнөмдөөсү 10-15%га көбөйтүлгөн.
| |
“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу үчүн жооптуу бирдиктүү ыйгарым укуктуу орган катары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматын аныктоо | ||||||
Декларациялары жарыялоого жатпаган адамдардын так тизмесин аныктоо, ал эми декларациялары жарыялануучу адамдарга карата мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын расмий сайттарында жарыялоонун мөөнөттөрүн жана тартибин аныктоо | ||||||
Ишмердүүлүгү республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын тизмесин, чарбалык эсептик негизде иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын же болбосо уставдык капиталында мамлекеттик жана муниципалдык үлүш бар, ошондой эле мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруучулардын тизмесин аныктоо жана ачык жеткиликтүү кылып жайгаштыруу | ||||||
Саясий жана атайын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын билдирүүлөрүн жарыялоо менен кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө арыз берүүнүн типтүү тартибин бекитүү | ||||||
Материалдык жооптуу жана/же техникалык персонал катары мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген адамдардын ортосундагы кызыкчылыктарынын кагылышуусун жөнгө салуунун типтүү тартибин бекитүү | ||||||
“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонулган адамдардын бардык категорияларынын орнтосундагы кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу боюнча методикалык колдонмосун бекитүү | ||||||
Кызыкчылыктардын кагылышуусу жана аларды башкаруу ыкмалары, жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды верификациялоо боюнча бирдиктүү окуу материалдарын иштеп чыгуу | ||||||
“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонулган адамдардын арасында окутууларды өткөрүү | ||||||
“Коомдук кызыкчылык”, “жеке кызыкчылык”, “кызыкчылыктардын кагылышуусу”, “мамлекеттик жана жарандык кызматтагы адептүүлүк” жана башка ушул сыяктуу түшүнүктөрдү жакшыраак түшүнүү үчүн калк арасында кеңири масштабдуу маалымат өнөктүгүн жүргүзүү | ||||||
Кызыкчылыктардын кагылышуу учурларын болтурбоо жана алдын алуу башкаруу чараларын же ротациялык жол-жоболорун кабыл алуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын ортосундагы үй-бүлөлүк, достук же ишкердик мамилелерди аныктоонун методикасын киргизүү | ||||||
Кызыкчылыктардын кагылышуусунун пайда болуусу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдарга билдирбөөсү же өз убагында билдирбегени үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын (анын ичинде саясий жана атайын кызмат орундарын ээлегендерди) ишенимди жоготкондугу негизи боюнча ээлеген кызматынан бошотууга чейин тартиптик жоопкерчиликке тартууну камтыган жоболорду мыйзамдуу түрдө бекитүү | ||||||
Сот жана көзөмөл органдарынын кызматкерлеринин жана укук коргоо системасынын кызматкерлеринин ишин уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн жана ыйгарым укуктарын эске алуу менен алардын кызыкчылыктарынын кагылышуусу жөнүндө жоболорду аныктоо максатында, ошондой эле жеке кызыкчылыктар жана ушул ченемдерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө декларацияларын берүү, верификациялоо жагынан тармактык мыйзамдарга тиешелүү толуктоолорду киргизүү менен мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү | ||||||
3. Мамлекеттик чечимдердин кабыл алынуусунун ачыктыгын жогорулатуу, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу | ||||||
6 | Мамлекеттик органдардын ортосундагы, ошондой эле жарандар менен ишкердик субъекттеринин арасындагы өз ара аракеттенүүсүнүн ачык автоматташтырылган механизмин куруу аркылуу коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарды рефоормалоону улантуу | Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана автоматташтыруу жолу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар менен жарандардын ортосундагы түз контакттарды минимизациялоо. Аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн бөлүгүн монополияны болтурбоонун шарттарында жеке секторго өткөрүп берүү, ошондой эле мамлекеттик электрондук башкаруу компонентин күчөтүү. Электрондук документ жүгүртүүгө өткөрүү | Салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын толук киргизүү | Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдө автоматташтырылган системаларды жана технологияларды киргизүүнүн эсебинен мамлекеттик чыгымдар азайтылган. Салык жана бажы төлөмдөрү көбөйтүлгөн. Мамлекеттин лицензиялык-уруксат берүү системасындагы бюрократиялык звенолор жоюлган. Бардык мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук документ жүгүртүү киргизилген | 1. Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн 90%ы маалыматтык системалар, вебсайттар жана мобилдик тиркемелер аркылуу аткарылууда. 2. Мамлекеттик мүнөздөгү документтердин 95%ына электрондук кол коюу менен кол коюлууда. 3. Ведомстволордун 50%га чейин кеңешмелери жана жыйындары аралыктагы байланышты колдонуу менен өткөрүлүүдө. 4. Лицензиялык-уруксат документтеринин берилүүсү кыскартылган, эки жумадан көп эмес мөөнөттү түзгөн. 5. Мамлекеттик бюджетти 20-25%дан кем эмес үнөмдөө. 6. Салык жана бажы төлөмдөрүн 30-35%га көбөйтүлдү. 7. “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” жана “Бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системалары 100%га иштөөдө.
| |
“Санариптик Кыргызстан 2019-2023” Санариптик трансформациялоо концепциясын толук ишке ашыруу аркылуу коррупциогендик факторлорду жана көрүнүштөрдү азайтуу, анын ичинде сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүндө “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” жана “Бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системаларын киргизүү процессин аяктоо | ||||||
Алдыңкы эл аралык тажрыйбаны колдонуп, бардык мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иш кагаздарын жүргүзүү жана документ жүгүртүү процесстерин автоматташтыруу | ||||||
Лицензиялык-уруксат берүү системасын, мамлекеттик контролдоо жана көзөмөл системасын, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү | Лицензиялык-уруксат берүү системасындагы, мамлекеттик контролдоо жана көзөмөл системасындагы, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар системасындагы бардык процедураларды жөнөкөйлөштүрүү, оптимизациялоо, өркүндөтүү жана так жөнгө салуу | |||||
| Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн бардык процесстеринде коомчулук үчүн максималдуу ачыктыкты орнотуу менен алардын жол-жоболорун жана механизмдерин өркүндөтүү. Анын ичинде, товарларды автоматташтырылган тандап алууну киргизүү, мамлекеттик сатып алуулар процесстерин онлайн режиминде чагылдыруу менен аткарылган жумуштарды жана кызматтарды кабыл алуунун жол-жоболорун өркүндөтүү. Жаңы коррупциялык тобокелдиктерди жана схемаларды өз убагында аныктоо жана аларга каршы натыйжалуу механизмдерди киргизүү | |||||
Ведомстволук сайттарда жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сайтында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун пландалган тендерлеринин жылдык пландарын милдеттүү түрдө жарыялоо | ||||||
Боштуктарды, коллизияларды, коррупциялык тобокелдиктерди жана кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыккан учурларды аныктоо максатында коомчулуктун катышуусу менен мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышына терең мониторинг жана талдоо жүргүзүү, жыйынтыгы боюнча аларды жоюу жана андан ары өркүндөтүү үчүн тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | ||||||
7 | Мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөгү коррупциялык тобокелдиктерди минимизациялоо максатында алардын санын кыскартуу | 6-п. кароо керек
| Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин жана функцияларын аныктоо менен монополияны болтурбоонун шарттарында аларды андан ары жеке секторго өткөрүп берүү | Мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси кыскартылган жана оптималдаштырылган. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөгү тиричилик коррупциясы минимизацияланган
| 1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн 10%дан аз эмеси мамлекеттик эмес секторго берилген (улуттук жана коомдук кызыкчылыктарга зыян келтирбейт жана коррупцияны азайтууга мүмкүндүк берет). 2. Төмөнкү механизмдер иштелип чыккан жана киргизилген: – мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсинге берүү; – алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү; – ушул кызмат көрсөтүүлөргө жарандык контролдоо | |
6-п. кароо керек
| Мамлекеттик органдан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды комплекстүү алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында бардык мамлекеттик каттоолорду жана маалымат базаларын борборлоштуруу жана автоматташтыруу | |||||
8 | Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна гана эмес, ошондой эле колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга антикоррупциялык экспертиза жүргүзүү улуттук системасын киргизүү, коррупциялык тобокелдиктер жана схемалар жөнүндө сапаттуу маалыматтарды талдоонун негизинде антикоррупциялык саясатты ишке ашыруу | Өлкө шарттарында колдонулуучу практикалык методологияларды туруктуу колдонууга басым жасоо менен түзүү
| Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна гана эмес, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарга антикоррупциялык экспертиза жүргүзүүнүн жаңы системасын иштеп чыгуу жана киргизүү менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун антикоррупциялык экспертизадан өткөрүү системасын толук кайра карап чыгуу
| Иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорундагы коррупциялык ченемдерди минимизацияланган, колдонуудагы мыйзамдарда бардык коррупциялык тобокелдиктер жоюлган
| 1. Ченемдик укуктук актыларга жана колдонуудагы мыйзамдарга антикоррупциялык экспертиза жүргүзүүнүн жаңы системасы түзүлгөн. 2. Коомдук талкуулардын жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу менен бардык ченемдик укуктук актылар жана колдонуудагы мыйзамдар антикоррупциялык экспертизадан милдеттүү түрдө өткөрүлүүдө | |
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна антикоррупциялык экспертиза жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигин, ал эми колдонуудагы мыйзамдар боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасын аныктоо | ||||||
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жана колдонуудагы мыйзамдарга антикоррупциялык экспертиза жүргүзүүнүн, ошондой эле жөнгө салуучу таасирди талдоонун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында же Интернет-ресурстарда кынтыксыз жарыялоону камсыз кылуу | ||||||
Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө деталдуу отчетту жана четке кагылган сунуштардын негиздемелерин даярдоо жана жарыялоо аркылуу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун жол-жоболорун өркүндөтүү | ||||||
9 | Ачык Өкмөттүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коррупцияга каршы кеңешинин иш-чараларынын антикоррупциялык таасирин күчөтүү
| Мамлекеттик башкаруу системасында коррупцияга каршы аракеттенүү маселелеринде коомдук контролдоо институтун киргизүү менен жарандык сектордун жана бизнес-коомчулуктун ролун жогорулатуу
| Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук сайттарында финансылык каражаттардын чыгымдарын бухгалтердик отчеттордо ачык чагылдыруу жана калк үчүн жеткиликтүү кылуу менен ал органдардын финансылык отчеттуулугунун ачык системасын түзүү | “Ачык Өкмөт” демилгеси ийгиликтүү жана натыйжалуу ишке ашырылууда. Жарандарга бардык кабыл алынып жаткан саясий чечимдер жөнүндө маалыматтарды алууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу. Мамлекеттик органдардын, жарандардык сектордун жана бизнес-коомчулуктун ортосунда коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча натыйжалуу диалог түзүлгөн | 1. Ачык Өкмөттүн маалыматтык ресурстарындагы актуалдуу маалыматты жаңыртуу мөөнөтү - күн сайын. 2. Саясий чечимдерди кабыл алуу бардык процесстеринин 90%на коомчулук жеткиликтүү. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антикоррупциялык кеңешинин жыйындары бир жылда 2ден кем эмес жолу өткөрүлүүдө, аларда коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү өтө курч көйгөйлөр каралууда.
| |
Улуттук кызыкчылыктарга тиешелүү чечимдерди кабыл алуудагы ачыктыкты (айкындуулукту) жогорулатуу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жарандык коом тарабынан контролду күчөтүү, ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана башкаруунун бардык деңгээлдеринде башкаруу чечимдерин кабыл алуу процесстерине жарандардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле аларга мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоого укук берүү
| ||||||
10 | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги жарандык коомдун ролун күчөтүү | 9-п. кароо керек | Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин ишин күчөтүү, алардын ишинин натыйжалуулугунун жана баалоонун бир кыйла алдыңкы методикасын иштеп чыгуу жана киргизүү | Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерин коомдук контролдоо системасы түзүлгөн жана натыйжалуу иштөөдө
| 1. “Кыргыз Республикасында коомдук контролдун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы иштелип чыгып, кабыл алынып, натыйжалуу колдонулууда. 2. Ачык Өкмөттүн маалыматтарына коомдук топтордун суроо-талаптары боюнча 100% учурда жеткиликтүү. 3. Коомдук реестрлерге жана маалымат базаларына кеңири жеткиликтүүлүк камсыздалган | |
“Кыргыз Республикасында коомдук контролдун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын иштеп чыгуу жана кабыл алуу | ||||||
“Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин жана талаптарын эске алуу менен бардык мамлекеттик реестрлерди жана коомдук маанилүү маалыматтарды камтыган маалымат базаларын талдоо, аларды ачыкка чыгаруу жана жеткиликтүүлүктү жөнөкөйлөтүү боюнча чараларды кабыл алуу менен талдоо | ||||||
11 | Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын иши үчүн актуалдуу жана натыйжалуу методикаларды жана инструменттерди берүү.
| Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын ишин жаңыртуу жана өркүндөтүү
| 1. Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдарынын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринен көз карандысыздыгын көтөрүү. 2. Алардын функционалдык милдеттерин оптималдаштыруу. 3. Административдик мамлекеттик жана административдик муниципалдык кызматтын категориясын жогорулатуу. 4. Алардын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин кеңейтүү. 5. Алардын укуктук билимин, квалификациялык жана кесиптик көндүмдөрүн дайыма жогорулатуу. | Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулар мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү минимизациялоодо натыйжалуу звено болууда жана системалуу деңгээлде коррупцияга каршы аракеттенүүдө
| 1. Ыйгарым укуктуулардын административдик мамлекеттик жана административдик муниципалдык кызматынын категориясы жогорулатылган. 2. Ыйгарым укуктуулар өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринен көз каранды эмес. 3. Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын 100%ы өз убагында отчетторду берүүдө жана өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин баалоонун улуттук системасындагы антикоррупциялык талдоого жана рейтингдерди түзүүгө катышууда |
|
4. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадыр-баркын көтөрүү, мамлекеттик жана жеке сектордогу коррупциялык көрүнүштөрдү минимизациялоо |
| |||||
12 | Коррупцияга карата толеранттуулуктун жок болушуна жетишүү | Мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана жеке сектордо коррупцияга чыдамсыздыкка жана элге кызмат кылуу идеясына багытталган корпоративдик маданиятты түзүү
| Укуктук агартуу жана калк үчүн коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү системасын өркүндөтүү жана белгилүү бир чөйрөдөгү коррупциялык тобокелдиктер жөнүндө коомчулукка маалымдоо, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү мекемелери үчүн антикоррупциялык адистештирилген курстарды киргизүү | Коррупцияны толугу менен четке кагуу атмосферасы жаралган. Коррупция элементтерин пайдалануу менен алынган материалдык жана саясий баалуулуктар айыпталат жана таанылбайт
| 1. “Коррупцияны коомдо четке кагууну” камтыган жаңы маалыматтык стратегия кабыл алынган. 2. Бардык органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, билим берүү уюмдарында, менчик формасына карабастан, антикоррупциялык жана укуктук курстар туруктуу негизде өткөрүлүүдө. 3. Социалдык сурамжылоону жүргүзүүдө коомдун коррупцияга 100% терс мамилеси. 4. “Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кошумча ченемдер киргизилген. 5. Ушул мыйзам натыйжалуу жана ар тармакта практикада колдонууда | |
Коррупцияны кабыл албоо маданиятынын негиздөөчү элементтерин камтыган жана жарандардын активдүү жарандык позициясын калыптандырууга, алардын коррупцияга каршы аракеттенүү маселелерине натыйжалуу жана активдүү катышуусуна шарт түзгөн маалыматтык стратегияны кабыл алуу | ||||||
Калк арасында системалуу жана кеңири маалымат берүү иштерин жүргүзүү аркылуу коомдогу укуктук нигилизмди минимизациялоо, жаш-курактык, кесиптик жана башка өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен укуктук маданиятты жогорулатуу, ошондой эле жарандардын укуктары жана эркиндиктери, аларды жүзөгө ашыруу механизмдери жана мыйзамсыз же негизсиз кол салуулардан коргоонун укуктук негиздери жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу | ||||||
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдарга кирешелерди, чыгымдарды жана мүлктөрдү декларациялоо боюнча үзгүлтүксүз практикалык сабактарды өткөрүү | ||||||
Антикоррупциялык кошумча механизмдерди иштеп чыгуудагы жана киргизүүдөгү жыйынтыктарды колдонуу менен антикоррупциялык агартуу, пропаганда жана окутуу боюнча иш-чаралардын натыйжаларын жана таасирин баалоону жүргүзүү | ||||||
“Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүлөрдү камтыган ченемдерди киргизүү: 1) коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдарды мыйзамсыз кызматтан бошотуудан жана башка алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуулардан коргоону; 2) коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузууларга прокуратура органдары тарабынан чара көрүүнү; 3) бардык процесстерди так жөнгө салууну (анын ичинде маалыматтарды тастыктоо түшүнүгүн билдирген), ошондой эле аткарылышынын натыйжалуулугуна үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү менен материалдык сый акыны төлөөнү.
| ||||||
|
| |||||
13 | Мамлекеттик жана жарандык кызматтын жогорку кадыр-баркын жана анын эмгек акысы боюнча легалдуу финансылык жагымдуулугун камсыз кылуу
| Мамлекеттик чыгымдарды оптимизациялоо. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жогорку деңгээлдеги кесипкөй адистерди тартуу максатында алардын эмгек акыларын рынок деңгээлине чейин көтөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын оптималдуу штатын камсыз кылуу. Меритократия принциптерине негизделген кызматты уюштурууга жана өтөөгө болгон мамилелерди түп тамырынан өзгөртүү | 1. Айрым мамлекеттик функцияларды жеке секторго өткөрүп берүү аркылуу мамлекеттик аппаратты оптимизациялоо жана кыскартуу. 2. Айрым негизсиз көбөйтүлгөн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттарын кыскартуу | Мамлекеттик кызматтагы коррупциянын пайда болушунун негизги себептери жана шарттары минималдаштырылган | 1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын алган легитимдүү кирешелеринен жашоо деңгээлинин көтөрүлүшү камсыздалган жана жалпысынан мамлекеттик кызматтын аброю жогорулатылган. 2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын штаты 15-20%га кыскартылган. 3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын эмгек акылары 30-50%га көтөрүлгөн.
| |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын эмгек акысын жогорулатуу жана коррупциялык көрүнүштөргө катышууга түрткү берген мотивацияны азайтуу максатында социалдык жеңилдиктерди көбөйтүү. Биринчи этапта мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын эмгек акыларынын деңгээлин рыноктук эмгек акыга ылайык келтирүү. Экинчи этапта социалдык тармактын кызматкерлерине социалдык жеңилдиктерди көбөйтүү (окутуучулар, мугалимдер, бала бакчалардын тарбиячылары, дарыгерлер жана медициналык кызматкерлер). Үчүнчү этапта мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын эмгек акысынын деңгээлин рынок көрсөткүчтөрүнөн жогору көтөрүү | ||||||
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдарга сый акыларды төлөөнү жана жеңилдиктер менен артыкчылыктарды берүүнү акыйкаттык, отчеттуулук, ачыктык жана айкындуулук принциптеринин, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткаруунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде гана жүзөгө ашыруу | ||||||
14 | Инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу
| Коррупцияны изилдөө боюнча эл аралык институттарга ачыктыкты камсыз кылуу. Инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бийлик органдарынын ар кандай коррупциялык жана башка кийлигишүүсүнөн коргоо | Инвесторлор жана инвестицияларды тартуу үчүн жасалма тоскоолдуктарды жаратуучу мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциогендик факторлорду минималдаштыруу аркылуу жагымдуу инвестициялык климатты түзүү | Ата мекендик жана чет элдик инвестициялардын жана өнүккөн өлкөлөрдөн технологиялык трансферттин өсүшү
| 1. Бийлик органдарына инвесторлордун ишениминин деңгээли өскөн. 2. Инвестициялардын 20%дан аз эмес өсүүсү камсыздалган. 3. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерине болгон инвесторлордун арыздары жана даттануулары 70-80%га азайган | |
Жасалма тоскоолдуктарды жараткан жана башка укуктар менен мыйзамдуу кызыкчылыктардын бузулушуна алып келген коррупциягендик факторлорду аныктоо максатында бизнес коомчулук менен биргеликте Кыргыз Республикасынын ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо жаатындагы мыйзамдарын талдоо. Жыйынтыгында аныкталган коррупциогендик факторлорду, мыйзамдардагы коллизияларды жана боштуктарды жоюу максатында ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу | ||||||
15 | Коррупциялык схемаларды легалдаштыруу жана мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупцияны минималдаштыруу | Коомдук контроль жана жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ачык болгон, салыктар жана алымдар алынуучу мыйзамдуу ишке алардын багытын өзгөртүү менен объективдүү себептер боюнча иштеп жаткан коррупциялык схемаларды легалдаштырууга көмөктөшүүчү акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар системасын өркүндөтүү жана санариптештирүү | Объективдүү себептер менен мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында орун алган коррупциялык схемалар боюнча талдоо жүргүзүү жана легалдаштыруу. Коомдук контролдоо үчүн ачыктыгын камсыз кылуу жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын жоопкерчилигин жогорулатуу.
| Мамлекеттик башкаруу системасында коррупциогендик факторлордун жоголушу | 1. Мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, айрыкча социалдык чөйрөдөгү коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча аларды укуктук негизге которуу менен талдоо жүргүзүлгөн. 2. Коррупциялык схемаларды легалдаштыруунун эсебинен бюджеттин киреше бөлүгү көбөйтүлгөн. 3. Социалдык сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча сурамжыланган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын 65%дан ашыгы кызматтагы расмий кирешенин деңгээлине канааттанышат.
| |
Коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу.
Антикоррупциялык иштин жыйынтыктуулугуна жана натыйжалуулугуна жетүү
| Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү эсепке алуу механизмдерин өркүндөтүү, анын натыйжалуулугун баалоо жана аны пайдаланууда бардык коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу | |||||
Социалдык стандарттарды жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү аркылуу медициналык-социалдык чөйрөдөгү коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү, категориялык, компенсациялык жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөдө даректүүлүктү камсыз кылуу, эл аралык функционалдык стандарттарга жана мамилелерге өтүү | ||||||
Жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык-айкын иш-аракеттерин түзүү жолу менен камкорчулук, көзөмөлчүлүк жана улуттук бала асырап алуу маселелерин кароодо коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу, балдарды асыроого, камкорчулукка алууну каалаган бардык адамдардын маалыматтык порталын түзүү | ||||||
16 | Жеке сектордогу коррупцияны минимизациялоо. | Жеке сектордогу коррупциялык көрүнүштөрдү жаратуучу шарттарды жана себептерди жоюу | Жеке сектордо айрым чечимдерди кабыл алуунун контролдуулугун, ачыктыгын, акыйкаттыгын жана отчеттуулугун камсыз кылуучу механизмдерди киргизүү | Жеке сектордогу коррупцияны жаратуучу шарттар жана себептер минималдаштырылган
| 1. Чечимдерди кабыл алуунун ачыктыгын жогорулатуучу механизм түзүлгөн, анын ичинде жеке сектордо тарифтерди аныктоо боюнча ж.б. 2. “Кыргызстан бизнеси коррупцияга каршы” Хартиясына кошулган ишкердик субъекттеринин саны 200%га көбөйтүлгөн. 3. Коррупциялык укук бузууларга катышкан ак ниетсиз юридикалык жактардын, аларга карата чектөөлөрдү киргизүү менен маалымат базасы түзүлгөн. |
|
“Кыргызстан бизнеси коррупцияга каршы” хартиясына кошулган ишкердик субъекттеринин санын көбөйтүү | ||||||
Табигый монополиялар чөйрөсүндө тарифтерди аныктоонун так критерийлерин белгилөө жана аларды берүүнүн ачыктыгын жогорулатуу максатында оптималдуу шарттарды түзүү үчүн жеке секторго алдыңкы санариптик технологияларды киргизүү | ||||||
Коррупциялык укук бузууларга катышкан юридикалык жактарга мамлекеттик сатып алууларга, тендерлерге, аукциондорго катышууга жол бербөө, ошондой эле аларга мамлекеттик насыяларды, субсидияларды, салыктык жеңилдиктерди берүүгө тыюу салуу жөнүндө жоболорду мыйзам менен бекитүү | ||||||
Жогорку пункту ишке ашыруу максатында коррупцияга аралашкан юридикалык жактардын маалымат базасын системалуу жаңыртуу жана ачыкка жайгаштыруу менен түзүү | ||||||
17 | 5. Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарына ишенимди жогорулатуу жана коррупциялык кылмыштар үчүн жазанын шексиздиги | |||||
Улуттук сот адилеттиги системасы нын акыйкаттыкты жана мыйзамдуулукту камсыз кылуусу жана коррупциядан арылуусу. Сот, көзөмөл жана укук коргоо системаларынын жарандык коомдун жогорку деңгээлдеги ишеними жана колдоосу менен ар кандай таасирлерден толук көз карандысыздыгы
| Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык жана кызматтык кылмыштар үчүн шексиз жоопкерчиликке тартуу принцибинин сакталышы.
| Коррупциялык жана кызматтык кылмыштарды жасагандыгы үчүн шексиз жазага тартууну камсыз кылуу | Коррупциялык же кызматтык кылмыштарды жасаган бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар шексиз түрдө жазык жоопкерчилигине тартылууда жана катуу жазаланууда | 1. Коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштөрдүн 100%ы сотко жөнөтүлүүдө. 2. Өзгөчө оор коррупциялык кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдын күнөөсү далилденген сот өндүрүштөрүнүн 100% боюнча эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо менен гана байланышкан өкүмдөр чыгарылууда. 3. Күчүнө кирген соттордун чечимдеринин 100%ы аткарылууда. 4. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму туруктуу өткөрүлүп, колдонмолор жана методикалар чыгарылууда. 5. Республиканын бардык сот инстанцияларында сот иштери адамдык таасири жок автоматташтырылган система менен гана бөлүштүрүлүүдө. 6. Судьялыкка талапкерлерге квалификациялык талаптар күчөтүлгөн. 7. Коррупцияны алдын алуу максатында сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн жаңы чектөөлөр жана тыюу салуулар киргизилген, кадрлар ишинде меритократия принциптери аныкталган. 8. Коррупцияга байланыштуу бардык укук бузуулардын так тизмеси (беренелери менен) белгиленген. 9. КР ЖКга төмөнкүлөр боюнча оңдоолор киргизилген: – таасир этүү менен соодалашуу үчүн жоопкерчиликти белгилөө ж.б.; – “мыйзамсыз артыкчылык” деген түшүнүктү так аныктоо. 10. Саясий кызмат орундарын ээлеген же ээлеп турган кызматкерлердин, орун басарларынын алардын түздөн-түз кол алдындагы кызматчылары тарабынан далилденген коррупциялык кылмыштарды жасалгандыгы үчүн катаал тартип жоопкерчилигин белгилеген мыйзам кабыл алынган. 11. Сот органдарынын кызматкерлерине карата коррупциялык иштерди жасагандыгы үчүн сотко чейинки өндүрүштү жана кылмыш үсүтндө кармоону каттоо жол-жоболору каралып чыккан. 12. Коррупциялык кылмыштарды жасагандарга мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтарды ээлөөгө өмүр бою тыюу салуу жагынан мыйзамдарга оңдоолор киргизилген. 13. Укук коргоо органдарынын коррупциялашкан кызматкерлери кызматтан бошотулган, аларга карата материалдар прокуратура органдарына жиберилген. 14. Өздүк коопсуздук/ички иликтөө кызматтары тарабынан укук коргоо системасындагы коррупциялык схемаларды аныктоо жана жоюу боюнча иш туруктуу негизде аткарылууда. 15. Коррупциялык кылмыштардын бардык категориялары боюнча конфискациялоону колдонуу, ошондой эле мыйзамсыз кирешелерге алынган мүлктөрдү мамлекеттин кирешесине өндүрүү фактылары жөнүндө статистикалык отчеттор жана маалыматтар туруктуу негизде жарыяланууда. | ||
Сот адилеттиги системасынын ишинин кынтыксыздыгын төмөнкү жолдор аркылуу камсыз кылуу: 1) соттордун ишиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү, анын ичинде коррупциялык жана кызматтык кылмыштар үчүн жаза дайындоодо дискрециялык ыйгарым укуктарын жоюу; 2) судьянын талапкерлерине талаптарды күчөтүү; 3) бардык сот актыларын кабыл алуунун ачыктыгы жана алардын милдеттүү түрдө жарыялануусу; 4) мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимдеринин кынтыксыз, толук жана натыйжалуу аткарылышы; 5) кызматтык/коррупциялык кылмыштарды соттук кароо методикасын туруктуу өркүндөтүү жана жакшыртуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумдарын туруктуу өткөрүү, көрсөтүлгөн категориядагы кылмыштарды кароодогу тиешелүү колдонмолорду жана методикаларды чыгаруу
| ||||||
Сот өндүрүшүн жеңилдетүү жана анын оперативдүүлүгүн жогорулатуу максатында соттордун ишин толук автоматташтырууну аяктоо | ||||||
Бардык соттук инстацияларда уруксатсыз кийлигишүүдөн жана жасалма манипуляциялардан корголгон, иштерди бөлүштүрүүнүн критерийлеринин жана параметрлеринин ачыктыгын камсыз кылуу, ошондой эле бөлүштүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматты милдеттүү түрдө жарыялоо менен сот иштерин автоматташтырылган бөлүштүрүү системасын киргизүү | ||||||
Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан жазык сот процессине катышуучулардын укуктары менен эркиндиктерин бузуу тобокелдигине жол берген мүмкүн болгон боштуктарды жана коллизияларды жоюу боюнча оңдоолорду киргизүү максатында жазык жана жазык-процесстик мыйзамдарына талдоо жүргүзүү | ||||||
Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдардын арасындагы коррупцияны алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген чектөөлөрдү, тыюу салууларды жана милдеттерди кеңейтүү | ||||||
Инсанды коргоого жана коомдук тартипти камсыз кылууга, коррупцияны жоюуга, укук коргоо органдарынын баркын калыбына келтирүүгө жана калктын аларга болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган укук коргоо органдарынын системасын реформалоону аяктоо | ||||||
Төмөнкүлөргө багытталган чараларды кабыл алуу: 1) укук коргоо органдарынын ишинде жасалган коррупциялык кылмыштарды аныктоодон алардын алдын алуу жана профилактикалоо иштерин күчөтүүгө өтүү; 2) кадр саясатын меритократия принциптеринде гана жүргүзүү, бардык кызмат орундарына сынактык тандоо жүргүзүү, аттестация жана ротация жол-жоболорун өркүндөтүү; 3) укук коргоо системасын коррупциялашкан кызматкерлерден өзүн-өзү тазалоо, коррупциялык схемаларды аныктоо жана жоюу боюнча ички иликтөө/ички коопсуздук кызматтарынын ишин күчөтүү; 4) коррупциялык кылмыштарга шектелген учурларда судьяларга жана прокуратура органдарынын кызматкерлерине карата ар кандай кол тийбестиктерди чектөө; 5) сот, көзөмөл органдарынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүлөр жөнүндө маалыматтарды милдеттүү түрдө жарыялоо | ||||||
Өзгөчө оор кылмыштарга гана теңелген бардык коррупциялык кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү | Коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликтин натыйжалуу системасын түзүү | Коррупцияга байланыштуу кылмыштардын тизмесин мыйзамдуу түрдө аныктоо (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин беренелери) | ||||
Коомдук жана жеке секторлордогу коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартыла турган субъекттердин чөйрөсүн кеңейтүү | ||||||
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине коррупциялык кылмыштардын предмети катары “мыйзамсыз артыкчылык” деген так аныктаманы киргизүү | ||||||
Коомдук сектордо таасир этүү менен соодалашуу, убада кабыл алуу, пара суроо, пара сунуштоо/убада берүү, сунуш/убада кабыл алуу, жеке өзү же ортомчу аркылуу пара суроо үчүн жазык жоопкерчилигин мыйзамдуу түрдө бекитүү | ||||||
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде кызматтык кылмыш жасагандыгы үчүн кызматтан бошотулган адамдардын, анын ичинде коррупция, мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикти уурдоо менен байланышкан кылмыштар үчүн, ишенимди жоготкондугу боюнча, ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы укук бузуулар үчүн жазык жоопкерчилигинен реабилитациялабоочу негиздер менен бошотулган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын жумушка кайра келүү, мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн жоюу жоболорун мыйзамдуу түрдө бекитүү, | ||||||
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген, саясий жана атайын кызмат орундарын ээлеген адамдар, анын ичинде алардын орун басарларынын алардын түздөн-түз кол алдындагы кызматчылары тарабынан далилденген коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн милдеттүү түрдө терс негиздер боюнча кызматтан бошотуу түрүндө тартиптик жоопкерчиликке тартылуусу жөнүндө жоболорду мыйзам менен бекитүү | ||||||
Кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды, ири жана өзгөчө ири өлчөмдөгү мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикти уурдоого байланышкан кылмыштарды (анын ичинде жеке сектордо) жасагандыгы үчүн жазаны катаалдаштыруу же күчөтүү максатында, анын ичинде мүлкүн конфискациялоо түрүндөгү жазаны милдеттүү түрдө дайындоону, ошондой эле ушул категориядагы кылмыштарды жасаган адамдарга карата камакка кармоо түрүндөгү гана бөгөт коюу чарасын тандоону камтыган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү
| ||||||
Күнөөсүн мойнуна алуу же кызматташуу келишими түзүлгөн учурларды кошпогондо, өзгөчө оор коррупциялык кылмыш жасаган адамдарга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү гана жазаны колдонууну камтыган жоболорду мыйзамдуу түрдө бекитүү | ||||||
Коррупциялык кылмыштардын бардык категориялары боюнча конфискациялоону колдонуу, ошондой эле мыйзамсыз кирешелерге алынган мүлктөрдү мамлекеттин кирешесине өндүрүү фактылары жөнүндө статистикалык отчетторду жана маалыматтарды жарыялоо | ||||||
Эл аралык стандарттарга жана алдыңкы тажрыйбаларга ылайык натыйжалуу жана иштиктүү жоопкерчиликти камсыз кылуу максатында юридикалык жактардын коррупциялык кылмыштар үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу, анын ичинде мындай жоопкерчиликтин автономдуу мүнөзүн белгилөө | ||||||
Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын судьяны коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартууга макулдугун алуу талабын жокко чыгаруу | ||||||
18 | 6. Саясий коррупцияны болтурбоо | |||||
Саясий партияларды каржылоодо коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, алардын ишине коомдук контролду күчөтүү | “Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын натыйжалуу ишке ашыруу | Коррупциогендик факторлорду, коллизияларды жана боштуктарды жоюу максатында бүткүл шайлоо мыйзамдарына антикоррупциялык экспертиза жүргүзүү | Шайлоо өнөктүгү мүмкүн болушунча ачык-айкын өткөрүлүп, элдин саясий партияларга, шайлоолорго жана референдумдарга ишеними жогорулаган | 1. “Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайлоо өнөктүгүн өткөрүүдө жана саясий партиялардын ишмердүүлүгүндө партиялардын каржылоо, чыгымдары жана кирешелери, аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо ж.б. боюнча бардык процесстерин ачык жана ар тараптуу жөнгө салган мыйзам алдындагы актыларды иштелип чыккан. 2. Көрсөтүлгөн мыйзамга мониторинг жүргүзүү боюнча натыйжалуу система түзүлгөн. 3. Ушул мыйзамды бузган жактардын 100%ы тиешелүү жоопкерчиликке тартылууда. 4. Шайлоо мыйзамдарына антикоррупциялык экспертиза жүргүзүлгөн | ||
Бардык саясий институттарга карата ачыктык талаптарын жогорулатуу, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү. Бардык саясий коррупциялык көрүнүштөрдү минимизациялоо | ||||||
Саясий партиялардын алынган кирешелер/чыгымдар жана бардык финансылык мүнөздөгү милдеттенмелер, анын ичинде партиянын ишин каржылоого финансылык салым кошкон адамдар жөнүндө толук камтылган маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо аркылуу өлкөнүн калкынын алдында системалуу түрдө өз отчетторун берүүсү | ||||||
Төмөнкүлөргө багытталган иштиктүү механизмдерди түзүү: 1) “Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аларды каржылоо бөлүгүнүн сакталышына мониторинг жүргүзүү; 2) “Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бузулушун аныктоо жана андан ары күнөөлүү адамдарды тиешелүү жоопкерчиликке тартуу менен сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү
| ||||||
7. Эл аралык антикоррупциялык программаларды ишке ашыруу жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды каржылоо |
| |||||
19 | Дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээли боюнча негизги рейтингдердеги позицияны жакшыртуу | Коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча эл аралык кызматташууну өнүктүрүү
| Антикоррупциялык эл аралык иш-чараларды жүргүзүү тажрыйбасын улантуу жана авторитеттүү эл аралык уюмдарга катышуу | Антикоррупциялык программаларды жана иш-чараларды жүзөгө ашыруу эл аралык деңгээлде натыйжалуу деп таанылган | Кыргыз Республикасы 2024-жылга карата Transparency International жарыялоочу “ККИ” боюнча алдыңкы 100 өлкөнүн катарына кирген
|
|
20 | Антикоррупциялык чараларды өз убагында жана толук каржылоону камсыз кылуу | Мамлекеттик ресурстарды колдонуу. Эл аралык донордук колдоону тартуу. Коомдун ресурстарын мобилизациялоо
| Антикоррупциялык иш-чараларды, ошондой эле укуктук агартуу, ак ниеттүү кызмат өтөөнү пропагандалоо жана мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жана коомдогу бардык коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу боюнча иш-чараларды натыйжалуу ишке ашыруу максатында аларды каржылоону толук камсыз кылуу
| Антикоррупциялык мыйзамдарда каралган иш-чаралар тийиштүү деңгээлде каржыланууда, бул алардын натыйжалуу жүзөгө ашырылышына шарт түзүүдө | 1. КР мыйзамдарында каралган антикоррупциялык иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн бюджет түзүлгөн. 2. Бюджет 95-100%га аткарылган |
|