Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 18-сессиясы
2017-жылдын 21-январы № 7
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчасы, Сары-Алтын айылындагы ФАП жана Майдан айылына курулуучу Маданият үйү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгач айылындагы 100 (жүз) орундуу, Кара-Дөбө айылындагы 60 (алтымыш) орундуу, Исфайрам айылындагы 60 (алтымыш) орундуу балдар бакчасын жана Сары-Алтын айылындагы ФАПтын ишке киришуу үчүн корутунду чыгарып берүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен курулуш жана сертификациялоо боюнча Республикалык борбордун туштук башкармалыгына акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Кадамжай райондук өрт коопсуздук кызматы тарабынан корутунду алуу үчүн айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларынын,ФАПтардын чатырларын,өрт коопсуздугун сактоо максатында,өрт кызматкерлери тарабынан сырдап берүү үчүн акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратылып берилсин.
3. Майдан айылындагы маданият үйү (клуб) эскилиги жеткендигине байланыштуу, жаңы маданият үйүн куруу үчүн тиешелүү проектилери түзүлсүн. Проектилерди түзүүгө кеткен чыгымдар айыл өкмөтү тарабынан каржылансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | М. Курмушуев |