ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2020-жылдын 09-октябрындагы № 185 «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн кызматтан кетүүсү жөнүндө» Жарлыгы

Редакция09.10.2020 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2020-жылдын 09-октябры № 185

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн кызматтан кетүүсү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясыныни 65-беренесине, 87-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Боронов Кубатбек Айылчиевичтин кызматтан кетүүсү жөнүндө өтүнүчү кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызматтан кетти деп эсептелсин.

3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин,

4. Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышсын.

Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

 

Президент

С. Ш. Жээнбеков