Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 14-октябры № 196
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүн бошотуу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, кызматтарынан бошотулсун:
— Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;
— Асрандиев Эркин Шамшудинович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;
— Мадумаров Акрам Камбаралиевич мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;
— Темиралиев Таалайбек Асанбекович мурда жүктөлгөн Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси — Кыргыз Республикасынын министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;
— Айдарбеков Чыңгыз Азаматович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;
— Жээнбаева Бактыгүл Жаныбековна мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын каржы министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;
— Бейшенов Жанат Саматович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;
— Аскаров Замирбек Марипбаевич мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;
— Исаков Каныбек Абдуваситович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;
— Жунушалиев Кашкар Астаканович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;
— Абдикаримов Сабиржан Токтосунович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;
— Жаманкулов Азамат Капарович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;
— Осмонбетов Эмил Кубатович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынын милдеттерин аткаруудан.
Президент | С. Ш. Жээнбеков
|