Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2020-жылдын 14-октябры ПЖ № 199
2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга карты аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө
2012-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясынын максаттары жана милдеттери өлкөдө жүрүп жаткан социалдык-экономикалык жана саясий процесстерге концептуалдык жактан ылайык келген.
Бирок аталган стратегияны ишке ашыруу этабында кабыл алынып жаткан чаралар чар жайыт жана системасыз мүнөзгө ээ болгон.
2018-жылдан тартып, өлкө жетекчилигинин көрсөткөн саясий эркинен улам коррупциянын кандай гана болбосун көрүнүштөрүнө каршы активдүү жана элдешкис күрөш жүргүзүлүп жатат. Өлкөнүн тарыхында биринчи жолу жогорку кызмат адамдарынын коррупциялык аракеттери боюнча жазыктык куугунтуктоолор башталды.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши 2018-2020-жылдарда сот, көзөмөл, укук коргоо органдарында, экономиканын тоо-кен казуу жана ага чектеш тармактарында коррупцияны жоюуга багытталган маанилүү жана негиз салуучу саясий чечимдерди кабыл алган.
Коррупциянын кандай гана болбосун көрүнүштөрүнө каршы аракеттенүү кабыл алынган 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында чагылдырылган.
Ар дайым келип чыгуучу коркунучтарга системасыз жооп кайтаруудан Кыргызстан стратегиялык жактан жөнгө салынган саясатка өттү.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 17-сентябрындагы № 13 чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 180 Жарлыгы менен 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча жаңы мамлекеттик стратегия бекитилди.
Көрсөтүлгөн Стратегиянын негизине коррупциянын кесепеттери менен күрөшүү эмес, коррупциялык тобокелдиктердин келип чыгышынын түпкү (базалык) себептерин жана жүйөөлөрүн жоюунун системалуу ыкмасы деген принцип киргизилген.
Ошол эле учурда Стратегия Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы күрөшүү конвенциясынын негиз салуучу принциптери менен бирге коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү, мамлекеттик институттардын ортосундагы кайталануучу функцияларды жоюу, ошондой эле айрым мамлекеттик органдарды аларга мүнөздүү эмес функциялардан бошотуу сыяктуу негизги милдеттерди өзүнө камтыйт.
Бул милдеттерди ишке ашыруу үчүн 80ден ашуун кадам, алардын ичинде укук коргоо органдарынын ишинде жасалган коррупциялык кылмыштарды аныктоодон алардын алдын алуу жана профилактикалоо иштерин күчөтүүгө өтүүгө багытталган чараларды кабыл алуу менен инсанды коргоону, укук коргоо органдарынын кадыр-баркын калыбына келтирүүнү жана калктын укук коргоо органдарына болгон ишенимин бекемдөөнү көздөгөн укук коргоо органдарынын системасын реформалоону аяктоо каралган.
Биринчи кезекте көрсөтүлгөн багыттар боюнча ченемдик укуктук актылардын системасын өркүндөтүү жүргүзүлөт.
Жогоруда жазылганды эске алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 180 Жарлыгы менен бектилген 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 14-декабрындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги Антикоррупциялык кызматты түзүү жөнүндө" Жарлыгы кучун жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруу чараларын кабыл алсын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
КР Президентинин 2020-жылдын 16-октябрындагы ПЖ № 3 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2020-жылдын 14-октябры ПЖ № 199
2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга карты аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө
2012-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясынын максаттары жана милдеттери өлкөдө жүрүп жаткан социалдык-экономикалык жана саясий процесстерге концептуалдык жактан ылайык келген.
Бирок аталган стратегияны ишке ашыруу этабында кабыл алынып жаткан чаралар чар жайыт жана системасыз мүнөзгө ээ болгон.
2018-жылдан тартып, өлкө жетекчилигинин көрсөткөн саясий эркинен улам коррупциянын кандай гана болбосун көрүнүштөрүнө каршы активдүү жана элдешкис күрөш жүргүзүлүп жатат. Өлкөнүн тарыхында биринчи жолу жогорку кызмат адамдарынын коррупциялык аракеттери боюнча жазыктык куугунтуктоолор башталды.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши 2018-2020-жылдарда сот, көзөмөл, укук коргоо органдарында, экономиканын тоо-кен казуу жана ага чектеш тармактарында коррупцияны жоюуга багытталган маанилүү жана негиз салуучу саясий чечимдерди кабыл алган.
Коррупциянын кандай гана болбосун көрүнүштөрүнө каршы аракеттенүү кабыл алынган 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында чагылдырылган.
Ар дайым келип чыгуучу коркунучтарга системасыз жооп кайтаруудан Кыргызстан стратегиялык жактан жөнгө салынган саясатка өттү.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 17-сентябрындагы № 13 чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 180 Жарлыгы менен 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча жаңы мамлекеттик стратегия бекитилди.
Көрсөтүлгөн Стратегиянын негизине коррупциянын кесепеттери менен күрөшүү эмес, коррупциялык тобокелдиктердин келип чыгышынын түпкү (базалык) себептерин жана жүйөөлөрүн жоюунун системалуу ыкмасы деген принцип киргизилген.
Ошол эле учурда Стратегия Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы күрөшүү конвенциясынын негиз салуучу принциптери менен бирге коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү, мамлекеттик институттардын ортосундагы кайталануучу функцияларды жоюу, ошондой эле айрым мамлекеттик органдарды аларга мүнөздүү эмес функциялардан бошотуу сыяктуу негизги милдеттерди өзүнө камтыйт.
Бул милдеттерди ишке ашыруу үчүн 80ден ашуун кадам, алардын ичинде укук коргоо органдарынын ишинде жасалган коррупциялык кылмыштарды аныктоодон алардын алдын алуу жана профилактикалоо иштерин күчөтүүгө өтүүгө багытталган чараларды кабыл алуу менен инсанды коргоону, укук коргоо органдарынын кадыр-баркын калыбына келтирүүнү жана калктын укук коргоо органдарына болгон ишенимин бекемдөөнү көздөгөн укук коргоо органдарынын системасын реформалоону аяктоо каралган.
Биринчи кезекте көрсөтүлгөн багыттар боюнча ченемдик укуктук актылардын системасын өркүндөтүү жүргүзүлөт.
Жогоруда жазылганды эске алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 180 Жарлыгы менен бектилген 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ: