Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 23-июну ПЖ № 136
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Судьялардын штаттык саны өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун иштеп жаткан айрым судьялары ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө андан ары судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Жалал-Абад облусунун төмөнкү жергиликтүү сотторуна которулсун:
- Жалал-Абад шаардык сотуна
Кангелдиев Калыйнур Ратбекович Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунан;
- Сузак райондук сотуна
Жантороева Элнура Мурадиловна Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунан.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |