Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 23-июну ПЖ № 137
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Судьялардын штаттык саны өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун иштеп жаткан айрым судьялары ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө андан ары судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Ош облусунун төмөнкү жергиликтүү сотторуна которулсун:
- Ош шаардык сотуна:
Алибаев Бактыяр Маликович Баткен облустук сотунан;
Алимбекова Жылдыз Кубанычовна Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунан;
Кожомкулов Алайбек Рамазанович Ош облусунун Алай райондук сотунан;
Маматалиев Таалайбек Ажибекович Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык сотунан;
Маматов Темирбек Тайырбекович Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунан;
Раимкулов Эрмек Раимкулович Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунан;
Токтосунов Тилек Калыкович Ош облусунун Кара-Кулжа райондук сотунан;
Турдалиев Ниязбек Назарович Баткен облусунун Лейлек райондук сотунан;
Шайымбеков Рахматулла Амирбаевич Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык сотунан;
- Кара-Суу райондук сотуна:
Гуламидин уулу Элчибек Баткен облусунун Сүлүктү шаардык сотунан;
Маматов Куштарбек Иссаевич Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук сотунан;
Сарыбаев Бакыт Абдылдаевич Ош облусунун административдик сотунан.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |