Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 23-июну ПЖ № 138
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Судьялардын штаттык саны өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун иштеп жаткан айрым судьялары ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө андан ары судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Чүй облусунун төмөнкү жергиликтүү сотторуна которулсун:
- Аламүдүн райондук сотуна:
Жумаков Жаныбек Темирбекович Нарын облусунун Ак-Талаа райондук сотунан;
Малдыбаев Нурлан Малдыбаевич Нарын облустук сотунан;
Мелсов Женишбек Мелсович Нарын облустук сотунан;
Султаналиев Нурлан Туруспекович Чүй облусунун административдик сотунан;
Чоткараев Тилек Устабаевич Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук сотунан;
- Сокулук райондук сотуна
Асанов Эрлан Джекшенбекович Чүй облусунун административдик сотунан;
- Ысык-Ата райондук сотуна
Курманов Ашырбек Такишович Чүй облусунун административдик сотунан.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |