Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 3-июлу ПЖ № 142
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьялары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары болуп шайлангандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, алардын судьялык ыйгарым укуктары 2020-жылдын 18-июнунан тартып токтотулсун:
- Ош шаардык сотунун судьясы Атаназаров Нурланбек Алайдиновичтин;
- Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Гилязетдинова Инара Ильгизовнанын;
- Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы Жоомартов Кумушбек Рысбековичтин;
- Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьясы Эшалиев Нурманбет Касымбековичтин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |