Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 13-июлу ПЖ № 147
Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьяларын жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2020-жылдын 6-июлунан тартып Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун төмөнкү судьялары жиберилсин:
- Абдуллаев Болотбек Абдырахманович;
- Архарова Кымбат Кадыровна;
- Джаналиев Бекболот Болотбекович;
- Джээнбекова Альбина Бакеновна;
- Жогоштиева Аида Токтосуновна;
- Назаров Дамирбек Дуйшоевич;
- Эсенбаев Нурлан Бердибекович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |