Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 20-июлу ПЖ № 149
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө сунушу боюнча
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Курагынын чегине жеткенге чейин 2020-жылдын 20-июлунан тартып төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялары болуп дайындалсын:
- Боромбаев Абдуразак Эсентаевич;
- Жаныбек кызы Венера;
- Исаева Кундус Кедейкановна;
- Каипов Эмилбек Осконбаевич;
- Калыбаев Алмаз Жээнкулович;
- Сатарова Айнура Мелисовна;
- Сыдыков Марат Райымбекович;
- Термечиков Мирлан Арстанбекович;
- Уметова Айгуль Таштанбековна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |