Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 27-июлу ПЖ № 153
Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-июлун улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө
2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын (мындан ары - коронавирустук инфекция) жайылышын пандемия деп жарыялады.
Кыргыз Республикасында коронавирустук инфекция жайыла баштаган учурдан тартып көптөгөн мекендештерибиз илдеттен каза тапты. Бул Кыргызстандын эли үчүн оор жоготуу болду.
Каза болгондорго аза күтүү менен, алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Коронавирустук инфекциянын пандемиясынан каза тапкан жарандарды эскерүү үчүн Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-июлу улуттук аза күтүү күнү деп жарыялансын.
2. Аза күтүү күнү зарыл иш-чаралар жүзөгө ашырылсын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |