КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 11-августу ПЖ № 155
А.А.Абылакимов жана С.З.Жороев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 2-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө андан ары судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр которулсун (ротациялансын):
- Абылакимов Абдимиталип Абдибалиевич Жалал-Абад облустук сотунан Баткен облустук сотуна;
- Жороев Султангазы Золотунович Баткен облустук сотунан Жалал-Абад облустук сотуна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |