Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 16-октябры ПЖ № 2
Кыргыз Республикасынын экс-президенти С.Ш.Жээнбеков жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы 2020-жылдын 15-октябрынан баштап:
1) Кыргыз Республикасынын экс-президенти С.Ш.Жээнбековду төмөнкүлөр менен камсыз кылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык эмгек акысынын 75 пайыз өлчөмүндө акчалай күтүүнү, муну менен акчалай күтүүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык акысынын өсүшүн эске алуу менен жогорулай тургандыгы аныкталсын;
- Кыргыз Республикасынын аймагында өкмөттүк байланыш жана байланыштын башка түрлөрүн;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын Клиникалык ооруканасы" мамлекеттик мекемесинде медициналык тейлөөнү;
2) Кыргыз Республикасынын экс-президентине төмөнкүлөр бекитип берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесиндеги мамлекеттик дача өмүр бою пайдалануу укугу менен;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын Автотранспорттук ишканасы" мамлекеттик мекемесинин айдоочусу бар белгиленген ченемге ылайык күйүүчү-майлоочу материалдары жана техникалык тейлөөсү менен автомобиль.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын экс-президентин Кыргыз Республикасынын чегинде мамлекеттик күзөт жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чаралардын толук көлөмүндө мамлекеттик күзөт менен камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) Кыргыз Республикасынын экс-президентин Кыргыз Республикасынын аймагында аэропорттор менен аэровокзалдардын, темир жол вокзалдары менен станциялардын расмий адамдар жана делегациялар үчүн залдарынан акысыз пайдалануу укугун камсыз кылсын;
2) республикалык бюджетте ушул Жарлыктан келип чыккан мамлекеттик органдардын чыгымдарын карасын.
4. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу |
| С.Жапаров |