Редакцияот 18.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2020-жылдын 18-сентябры ПЖ № 174

Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 7-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" жана "2003-жылдын 28-январында Бишкек шаарында кол коюлган Украинада туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Украинанын жарандарынын жарандыкты өзгөртүшүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жана жарансыздык жана кош жарандуулук учурларын болтурбоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасы менен Украинанын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунушун эске алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө төмөнкү адамдардын өтүнүчтөрү канааттандырылсын:

1) Артиков Мурзали Мойдунович, кыргыз, 1968-жылы Кыргыз ССРинин Ош облусунун Фрунзе районундагы Алга айылында туулган.

Аны менен бирге 2006-жылы туулган уулу Артиков Арсен;

2) Байрамов Байрам Насирдинович, азербайжан, 1980-жылы Кыргыз ССРинин Ош облусунун Араван районундагы Араван айылында туулган;

3) Гулалиева Амина Улугбековна, түрк, 1998-жылы Украинанын Херсон облусунун Чаплин районундагы Надеждовка айылында туулган;

4) Дараганова (Клюева) Галина Кирилловна, орус, 1947-жылы Кыргыз ССРинин Ысык-Көл облусунун Пржевальск шаарында туулган;

5) Захарченко (Чокоев) Артем Вячеславович, украин, 1992-жылы Украинанын Запорожье шаарында туулган;

6) Исмаилов Муса Ибрагимович, азербайжан, 1964-жылы Өзбек ССРинин Ташкент облусунун Бука районунда туулган;

7) Назаров Арат Асылбекович, кыргыз, 1972-жылы Кыргыз ССРинин Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылында туулган.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков