Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 19-сессиясы
2017-жылдын 12-апрели № 13
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын көйгөйлүү маселелери жөнүндө
Майдан айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 19-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Дөбө жана Бак айылдарындагы жаёыдан курулуп жаткан электр энергиясын чыналдыруучу көмөк чордонунун проектерине жана эксперттик корутундулары үчүн Перспект ЖЧКсына 110 000 (жуз он мин) сом бөлүнүп берилсин.
2. Сары-Алтын айылындагы кечүүгө, жолго керектелүүчү темир-бетон (ж/б) шакекчелерди алынып берилсин.
3. Кара-Дөбө айылындагы А.Темирбаев атындагы орто мектебине кабелдик интернет тартып келүү үчүн акча каражатын бөлүнүп берилсин жана Кара-Дөбө айылындагы «Анар Кара-Дөбө» балдар бакчасына жетишпеген керектелүүчү буюмдар алынып берилсин.
4. Тамаша - Кара- Жыгач автоунаа жолун көчкүнүн кесепетинен бузулган бөлүгүн оёдоого жана Кара-Кыштак айылындагы суу келүүчү лотоктордун жер кыртышынын жылуусунан ажыраган бөлүгүн оёдоо үчүн 80 000 (сексен мин) сом бөлүнүп берилсин.
5. Кара-Кыштак айылындагы жаёыдан курулган мечитке “Молдо Мамазир” аты берилсин.
6. Айыл өкмөтүнүн электрондук сатып алуу порталынан экономдолгон акча каражатынан Кара-Дөбө жана Сары-Алтын айылдарындагы таштандыларды таштоочу жайлардын айланасын тосуу үчүн сметадагы каражат бөлүнүп берилсин.
7. Каражыгач айылындагы спорттук залдын курулушунун кошумча сметасына 22 000 (жыйырма эки мин) сом ажыратылып берилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | М. Курмушуев |