Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 20-ноябры ПЖ № 46
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьялары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 2020-жылдын 13-октябрынан тартып токтотулсун:
- Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Усарова Мира Исаковнанын;
- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Сулайманова Салтанат Куванычбековнанын;
- Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Зикиров Арзыбек Камчибековичтин.
2. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 2020-жылдын 29-октябрынан тартып токтотулсун:
- Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Аттокуров Жолдошбек Абдрахмановичтин;
- Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьялары:
Агышаева Наргиза Токтоболотовнанын;
Джунушалиева Индира Акимджановнанын;
- Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьялары:
Алымбекова Бактыгул Турсуновнанын;
Маматкеримов Урмат Таалайбековичтин;
Марлес Феликстин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Мамытов |