ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2020-жылдын 11-июнундагы ПЖ № 105 «Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьяларын жиберүү жөнүндө» Жарлыгы

Редакция11.06.2020 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2020-жылдын 11-июну ПЖ № 105

Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьяларын жиберүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2020-жылдын 6-июлунан тартып Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун төмөнкү судьялары жиберилсин:

Джоошбеков Алмазбек Нарынкулович;

Сыдыкова Жылдыз Акбаралиевна;

Темирбекова Аида Абдрахмановна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков