Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 6- сессиясы
2017-жылдын 27-марты №7/1
Жазгы айдап себүү, оруп жыюу боюнча элге кызмат көрсөткөн механизаторлорго төлөнүүчү тарифтерди бекитүү жөнүндө
Жазгы жер айдап себүүгө кызмат көрсөткөн механизаторлорго төлөнүүчү тарифтерди бекитип беруу боюнча Дөбөлү айыл аймагынын тургундарынын сунушунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазгы айдап себүү, оруп жыюу мезгилинде механизаторлор тарабынан кызмат көрсөткөндүгү үчүн төлөнүүчү тарифтер төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин.
Жазгы талаачылык иштерин бүткөрүүдө трактористин соко менен айдоодо эмгек акысы ДТ-75 тракторго 1га жерге 30литр солярка майы, эмгек акысы 1000сом;
Дөңгөлөктүү тракторго 1га жерге 22 литр солярка май, эмгек акысы 900 сом;
Тырмоого 1га жерге10литр солярка майы, эмгек акысы 400сом;
Экинчи кайталап тырмаган болсо 1га жерге 7 литр солярка май, 150 сом;
Сеялкага 1га жерге 10 литр солярка майы, эмгек акысы 400 сом;
Шакап тарттыруу үчүн, 4 литр солярка майы, эмгек акысы 100 сом;
Чөп чаптырууда косилка менен 10 литр солярка майы, эмгек акысы 1000 сом;
Чөп чаптырууда Жадка менен 10 литр солярка майы, эмгек акысы 1300 сом
Чөп тартууда 1 тележкага Ак-Тамдан айыл ичине чейин10 литр күйүүчү май, 2тележкага 15 литр солярка май, эмгек акысы 600 сом;
Чөп тартууда Трактор менен 1 тележкага жакынкы жерден айыл ичине 5 литр солярка май, эмгек акысы 300сом, 2тележкага 5 литр солярка май, эмгек кысы 600 сом;
Чөп тартууда камаз менен Ак-Тамдан айыл ичине эмгек аксы 1500 сом, солярка майы ичинде, жакынкы жерлерде эмгек акысы 1000 сом, солярка майы ичинде;
Эгинди чаптырууда комбайнга 1 га жерге 25 литр солярка май, эмгек акы 1700 сом;
Топону камаз менен тартып келүүдө эмгек акысы 800 сом;
Шагылды камаз менен тартып келүүдө. Эмгек акысы 1500 сом;
Тегирменге талкан үчүн, 1 капка эмгек акысы 50 сомдон болуп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Дөбөлү айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | А. Бектемиров |