Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 15-декабры ПЖ № 59
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунушу боюнча
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2020-жылдын 2-декабрынан тартып курагынын чегине жеткенге чейин төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:
- Астаркулов Данияр Шаршенбекович;
- Байсов Кылыч Таштанбекович;
- Касымалиев Бакыт Мукамбетович;
- Самудинов Кубанычбек Бердибекович;
- Саткынбаев Рустам Шайлобекович;
- Тагаев Тилек Мамедович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Мамытов |