Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 20-январы ПЖ № 6
Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжаларын 2021-жылдын 20-январында расмий жарыялагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 63-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 58-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматка киришүү аземи (мындан ары - азем) 2021-жылдын 28-январында өткөрүлсүн.
2. Аземге катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башка органдарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары чакырылсын.
3. Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
4. Уюштуруу комитети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен өз ара аракеттенип:
- аземди даярдоо боюнча тиешелүү иш-чаралардын программасын иштеп чыксын жана бекитсин, аны өткөрүү ордун жана убактысын аныктасын;
- ушул Жарлыктын 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардан тышкары, чакырылгандардын тизмесин аныктасын;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте аземге катышуу үчүн чакырылгандардын тизмесине киргизилген чет өлкөлүк делегациялардын жана адамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын чакырылышын камсыз кылсын;
- аземди өткөрүү менен байланышкан башка маселелерди чечсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аземди өткөрүү менен байланышкан чараларды ишке ашырууну жана финансы каражаттарын бөлүүнү камсыз кылсын.
6. Уюштуруу комитетинин төрагасы зарыл болгон учурда жумушчу топторду түзүүгө укуктуу деп белгиленсин
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Мамытов |
|
| Тиркеме |
Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин
КУРАМЫ
Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Шайлдабекова Нуржан Кармабековна | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Новиков Артем Эдуардович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдеттерин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Аманбаев Бактыбек Абдилашимович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси - министр; |
Сабырбеков Алмазбек Амангелдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Жетекчиси; |
Омуралиев Таалайбек Барыктабасович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы; |
Казакбаев Руслан Айтбаевич | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Ниязбеков Улан Омоканович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Ажикеев Бообек Эргешович | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; |
Мукашев Кыялбек Белекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Бейшеналиев Алымкадыр Сабирдинович | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; |
Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри; |
Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Түлөбаев Балбак Зарлыкович | - | Бишкек шаарынын мэринин милдеттерин аткаруучу; |
Алиев Бактияр Жеңишбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору; |
Жумаев Алтынбек Мусаевич | - | "7 канал" ТРК жетекчиси. |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 20-январы ПЖ № 6
Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү жөнүндө
(КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжаларын 2021-жылдын 20-январында расмий жарыялагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 63-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 58-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматка киришүү аземи (мындан ары - азем) 2021-жылдын 28-январында өткөрүлсүн.
2. (КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Мамытов |