Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 20-январы ПЖ № 7
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжаларын 2021-жылдын 20-январында расмий жарыялангандыгына жана С.Н.Жапаров Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарын токтоткондугу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 2-бөлүгүнө, 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. С.Н.Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарын токтоткондугу жөнүндө арыз кабыл алынсын жана ал ээлеген кызматынан бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иштеп жаткан курамы кызматынан кетти деп эсептелсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин милдеттерин аткарат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдеттерин аткаруучу А.Э.Новиковго жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Мамытов |