Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 5-январы ПЖ № 1
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунушу боюнча
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2021-жылдын 5-январынан тартып биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:
- Абыкеев Талайбек Капарович;
- Алыбаев Замир Эрнисбекович;
- Байдаева Лейла Алиевна;
- Жарматова Айдай Жарматовна;
- Жолдошбаев Мирлан Эргешбаевич;
- Мырзаканова Бермет Низамидиновна;
- Омуралиев Мэлис Асанбекович;
- Тентимишов Марлэн Бактыгулович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Мамытов |