Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 29-январы ПЖ № 1
Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө
Дүйнө жүзү адамзаттын жашоо-турмушунун бардык чөйрөлөрүндө кайра баштоо жана глобалдуу трансформациялануу этабына өттү. Санарип технологияларын ишке киргизүү, жасалма интеллектти иштеп чыгуу, энергиянын жаңы түрлөрүнө өтүү жана жаңы технологиялык тартиптин инструменттери калыптанып калган коомдук мамилелерди түп-тамырынан өзгөртүп, тийиштүү түрдө өз ара мамилелерде жана башкаруучулук процесстерде жаңы ыкмаларды издөөнү талап кылууда.
Дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүн каптаган дүйнөлүк кризис өндүрүштүк мамилелердин түзүлгөн ыкмасы, тынымсыз керектөөчүлүк жарыш, жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу, анын натыйжасы катары саясий системанын, экономикалык мамилелердин кризиси жана адамдардын жүрүш-турушундагы руханий-адеп-ахлактык башаттын төмөндөшү менен байланышкан. Руханий чөйрөнүн үстүнөн материалдык мамилелердин артыкчылыгы дүйнөдөгү, анын ичинде Кыргызстандагы системалуу кризистин башталышы жана себеби болуп калды.
Кыргыз эли эгемен жылдары үч жолу саясий толкунду башынан кечирди жана бул түзүлгөн саясий, экономикалык жана социалдык стандарттарга жана мамилелерге карапайым элдин каршылык билдирүүсүнүн далили болду. Кыргыз элинин өзөгү жана табияты болгон адилеттүүлүк сезими бийликтин бар болушунун жана адамдардын ортосундагы өз ара мамилелердин көрсөткүчү жана өзүнчө күч болуп саналат. Биздин элдин миң жылдык тарыхы элдин сакталышынын жана өнүгүүсүнүн чыныгы себептерин жана шарттарын далилдеди. Бул биринчи кезекте биздин тил, маданият, салт, үрп-адат болуп саналат, алар биздин жашоо мүнөздү калыпка салат жана бекемдейт.
Дүйнө жаңы тартипти куруу этабына өтүп жаткан азыркы этапта коомдогу руханий-адеп-ахлактык, маданий баалуулуктар өзгөчө мааниге ээ болуп, кайра түзүүлөрдүн багыттоочу күчү болууда. Бул жарандардын, өзгөчө өсүп келе жаткан муундун руханий-адеп-ахлактык абалы жөнүндө дайыма камкордук көрүүнү, анын жаратман чыгармачылыгын колдоону, сергек жашоо ыңгайын жана үй-бүлө баалуулуктарын пропагандалоону талап кылат. Жогорку адеп-ахлактык баалуулуктар жана принциптер сакталбаса жана бекемделбесе биз өзүбүздүн жүзүбүздү жана адамдык касиетибизди жоготуп алышыбыз мүмкүн.
Руханий-адеп-ахлактык, маданий баалуулуктарды жана технологиялык прогресстин жаңы жетишкендиктерин кылдат жана акылга сыярлык айкалыштыруу мамлекеттүүлүктү да, элдин биримдигин да сактай алат. Кыргыз элинин жана Кыргыз Республикасында жашаган бардык улуттардын жана элдин каада-салтына, үрп-адатына таянып, биз цивилизациялуу жана гүлдөгөн мамлекетти ийгиликтүү куруп, алдыга илгерилей алабыз.
Ички саясаттын эң маанилүү багытын - жогорку моралдык ченемдерди, каада-салттарды, салттуу болгон үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону өздөштүрүү, Кыргызстан элдеринин маданияттарынын дөөлөтүн, кайталангыстыгын жана бирдиктүүлүгүн чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктардын системасына өтүү аркылуу жарандарды тарбиялоону колдоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:
- коомчулуктун, маданият, илим жана билим берүү ишмерлеринин, бардык кызыкдар тараптардын кеңири катышуусунда 2021-жылдын 1-июнуна чейин Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциясын (мындан ары - Концепция) иштеп чыксын жана киргизсин;
- бул чөйрөдө колдонулуп жаткан бардык ченемдик укуктук, концептуалдык, программалык документтерди аларды инвентаризациялоо жана иштелип чыгуучу Концепцияга ылайык келтирүү жагына кайра карап чыгуу;
- Концепцияны иштеп чыгууда төмөнкү принциптер эске алынсын:
турмуштук жүрүш-турушта руханий-адеп-ахлактык жүйөнүн материалдык кызыкчылыкка караганда артыкчылыгы;
коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктардын жеке кызыкчылыкка караганда артыкчылыгы жана аларды бири-бирине каршы койбоо;
мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдеринде, аракеттеринде калыстык принцибинин артыкчылыгы;
мамлекеттин жана коомдун негизи катары тарбиячылардын, мугалимдердин, врачтардын жана аскер кызматчыларынын статусунун барктуулугу жана баалуулугу;
патриоттуулук, каармандык, мамлекеттик жана муниципалдык бардык кызматтын элге жана Мекенге берилгендиги жана кызмат кылуусу;
- элдин мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына ишенич деңгээлин көтөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жаңы талаптарды төмөнкүдөй негиздерде иштеп чыгуу:
мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын Конституцияны жана мыйзамдарды сактоодо, кызмат ордундагы жана кызматтык ыйгарым укуктарды коомдук иште жана жашоо-турмушта ак ниет аткаруунун үлгүсү болуусу жана элдин пикирин жана талабын билдирүүсү;
мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн кыйла квалификациялуу, жогору адеп-ахлактуу жана кынтыксыз бедели бар адамдарды даярдоо жана алардын арасынан тандоо.
2. Маданият, билим берүү, илим жана спорт мамлекеттик органдары:
- билим берүү системасында тарбия берүүнүн улуттук маданий, руханий-адеп-ахлактык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга ылайык келүүсүн; жарандарды жана биринчи кезекте балдарды, анын ичинде турмуштук оор кырдаалдагы балдарды дене-бою жагынан, психикалык, социалдык, руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылсын;
- билим берүүнүн окуу стандарттарын кайра карап чыксын жана окуучуларды жана окуу жайларынын студенттерине этика, эстетика жана дене тарбиясы боюнча предметтерди киргизсин;
- ар бир жарандын чыгармачыл жөндөмдөрүн ачуу жана өнүктүрүү, аны эмгекти сүйүүгө жана жогорку адеп-ахлактык принциптерге, инсандын өзүн-өзү жетилтүү жана өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзсүн;
- балдарда жана жаштарда бүтүн дүйнө таанууну жана заманбап илимий көз карашты, эмгекке шыктанууну, активдүү жашоо жана кесиптик позицияны, табиятка этият мамиле кылууну калыптандырсын;
- билим берүү системасына жогорку деңгээлде окуу процессин жүргүзүүгө, жөндөмдүү таланттуу педагогикалык жана илимий кызматкерлерди, адистерди тартсын;
- дене тарбия жана спорт каражаттары аркылуу өсүп келе жаткан муундун жарандык-патриоттук тарбиясын жогорулатсын;
- жарандардын, анын ичинде майыптардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү, патриоттук жана дене тарбиясы жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
- тиешелүү аймакта калкты руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүүгө жана дене тарбиясына багытталган иш-чараларды туруктуу негизде уюштурсун жана өткөрсүн.
4. Жалпыга маалымдоо каражаттары:
- салттуу коомдун баалуулуктарын, үй-бүлө, сергек жашоо, Ата Мекенди сүйүү жана элге кызмат кылуунун идеалдарын үгүттөсүн;
- эл аралык деңгээлде өлкөнү жакшы жагынан көрсөтсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |