Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 29-январы ПЖ № 2
Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жарыяланган күндөн тартып кыргыз эли заманбап цивилизациялуу мамлекетти куруу багытында тарыхый убакыт аралыгын басып өттү. Бул жылдары мамлекеттик бийликтин жана жарандык коомдун институттары калыптанды, бардык жарандардын бирдей укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылган улуттук мыйзамдар иштелип чыкты, улуттук экономиканын негизи бекемделди.
Ошону менен бирге болуп өткөн элдик толкундоолор жана калктын жапырт каршылык көрсөтүүсү мамлекеттик башкаруунун орун алган системасы, экономиканын өнүгүүсүнүн төмөн деңгээли коомду канааттандырбагандыгын айгинелейт жана түп-тамырынан өзгөртүүгө муктаж. Коомдун нааразычылыгынын себептеринин бири адамдык ресурстардын натыйжалуу эмес менеджменти, жоопкерчиликтин жоктугу жана чиновниктердин түркөйлүгү болуп саналат.
Өлкөнүн өнүгүү процесстеринин туруктуулугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик аппарат өзүн коррупциялык көрүнүштөрдөн тазалай албады, экономикалык стагнациядан арыла алган жок, ушуга байланыштуу ага болгон жарандардын ишеними жоголо баштады.
Жарандардын 80%ынан көбү башкаруунун президенттик формасын чечкиндүү колдогон референдумдун жыйынтыгы адамдар жакшы тез жана түп-тамырынан өзгөрүүлөрдү күтүп жаткандыгын, өлкө жаңыланууга муктаж экендигин айгинелеп турат.
Мындай максаттарга кадр саясатына мамилени өзгөртүүсүз жетүү мүмкүн эмес.
Мамлекеттин өнүгүүсүнүн бардык векторлорун камсыз кылуучу мамлекеттик аппарат кесипкөй жана жоопкерчиликтүү болууга тийиш. Кесипкөй кадрлар - бул мамлекеттик бийлик органдарынын стратегиялык ресурсу.
Тилекке каршы, кадр саясатынын маселелерине системалуу көңүл буруунун жоктугу бул эң маанилүү багыттын кыйрашына жана мамлекеттик башкаруунун бардык чөйрөлөрүндө "кадрдык бөксөрүүгө" алып келди.
Коомду жана мамлекетти түп-тамырынан жаңылоо боюнча алдыбызда турган жаңы саясий, экономикалык жана социалдык милдеттер кадр саясатында принципиалдуу жаңы ыкмаларды талап кылат. Биз мамлекеттик кадрларды жаңыча калыптандырышыбыз керек, азыркы чакырыктарга жана заманбап технологиялык жана санарип дүйнөнүн талаптарына жооп берүүгө жөндөмдүү адамдарды ишке тартып, алардын квалификациясын жогорулатып, кайра даярдоодон өткөрүү керек.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга прогрессивдүү ой жүгүрткөн, эл алдында өзүнүн жоопкерчилигин сезген, талаптагыдай квалификацияга жана моралдык-адеп-ахлактык принциптерге ээ адамдар дайындалууга тийиш.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарга кадрларды тандоо системасын жана практикасын түп-тамырынан жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөргө болгон конституциялык укуктарын ишке ашыруу, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кесипкөй кадрларды жана келечектүү жаштарды тартуу, кызматчылардын моралдык-адеп-ахлактык сапаттарын жакшыртуу, мамлекеттик башкаруу системасында коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- мамлекеттик жаңы кадр саясатынын негизги милдети мамлекеттик жана муниципалдык кызматка калыс жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, дискриминацияга жол берилбестик, кесипкөй мамлекеттик аппаратты түзүү, карьералык өсүү, иштөө үчүн татыктуу шарттарды түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыга эмгек акыны төлөөнүн татыктуу шарттарын белгилөө, социалдык дем берүүнү камсыз кылуу болуп саналат деп эсептелсин;
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кадрларды тандоону жана коюуну талапкерлердин жалаң гана кесипкөй жана моралдык-адеп-ахлактык сапаттарынын негизинде жүргүзүү;
- кадрларды тандоодо жыныстык, улуттук жана тилдик белгиси, ошондой эле майыптык белгиси боюнча чектөөлөргө жол бербөө;
- адамдык потенциалга аяр мамиле жасоо, башкаруу органдарынын кесипкөй кадрдык курамын жолун жолдоочулукту улантуу жана келечеги бар жаштарды кызматка кабыл алуу менен сактоо;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарга кадыр-баркын түшүрүп алган, мурда коррупциялык кылмыштарга аралашкан адамдарды дайындоого тыюу салуу;
- калыстыкты, талапкерлерге карата тандоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү жана талаптарды жогорулатууну эске алып, кадрларды конкурстук тандоону өркүндөтүү;
- туруктуу негизде кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо;
- кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткаруу үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы:
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү жана коомчулук менен өз ара аракеттенип, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык потенциалын жогорулатуу боюнча чараларды, бардык түрдөгү мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кызмат орундарына жана муниципалдык кызмат орундарына дайындоодо кадрларды тандоонун жана карьералык көтөрүүнүн бирдей жол-жоболорунун эсебинен жарандардын тең укуктарынын кепилдиктерин аныктоочу Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик бүтүндүк стратегиясын иштеп чыксын;
- мыйзамдар менен белгиленген кадрлар резервинде турган адамдарды жогору турган кызмат орундарына дайындоонун артыкчылыгын камсыз кылсын;
- кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуунун туруктуу иштеген системасын түзсүн;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкер адамдар үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар менен бирге мыйзамдар менен белгиленген кадрлар резервинин сандык курамын түзүүнү уюштурсун, кардык дайындоолордо резервдердин маалыматтарын пайдаланууга контролду уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенип, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына, анын ичинде саясий кызмат орундарына, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда кызмат орундарына тандоо, жайгаштыруу жана көтөрүү принциптерин аныктаган мыйзам актыларынын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун тездетилген тартипте иштеп чыгуу;
- талапкерлердин коюлган квалификациялык талаптарга ылайык келишин катуу сактоо менен мыйзамдар менен белгиленген резервдерде турган кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын маселелери боюнча мамлекеттик органдар сунуш кылган жол-жоболор боюнча дайындоонун артыкчылыгын камсыз кылуу.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кадр саясатын өркүндөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген мыйзам актыларынын долбоорлорун кароо биринчи кезектеги тартипте сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Жарлыктын аткарылышын координациялоо жүктөлсүн.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |