Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 3-февралы ПЖ № 16
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүн бошотуу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык
БОШОТУЛСУН:
- Мамытканов Максат Сүйүналиевич мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдеттерин аткаруудан;
- Сабиров Равшанбек Азатович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдеттерин аткаруудан;
- Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдеттерин аткаруудан;
- Аманбаев Бактыбек Абдилашимович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси - министринин милдеттерин аткаруудан;
- Джаманкулов Марат Тургунбаевич мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын юстиция министринин милдеттерин аткаруудан;
- Мукашев Кыялбек Белекович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын финансы министринин милдеттерин аткаруудан;
- Муканбетов Санжар Турдукожоевич мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын экономика министринин милдеттерин аткаруудан;
- Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин милдеттерин аткаруудан;
- Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин милдеттерин аткаруудан;
- Токтогазиев Тилек Мурсалиевич мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин милдеттерин аткаруудан;
- Солтонбекова Ализа Карыпбековна мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдеттерин аткаруудан;
- Тердикбаев Эрлис Джекшенович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан;
- Сагынбаев Жиргалбек Калмуратович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан;
- Исмаилов Алтынбек Джапарович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |