Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 3-февралы ПЖ № 17
Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин жана Өкмөтүнүн башка мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык
ДАЙЫНДАЛСЫН:
- Марипов Улукбек Асамидинович Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
- Новиков Артем Эдуардович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;
- Кармышаков Улукбек Тойчуевич Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - экономика жана финансы министри;
- Асанкулов Женишбек Асанкулович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси - министри;
- Омуралиев Таалайбек Барыктабасович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
- Казакбаев Руслан Айтбаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
- Чынбаева Асель Рыспековна Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Ниязбеков Улан Омоканович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
- Бейшеналиев Алмазбек мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
- Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;
- Абдралиева Гулмира Курманбековна Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри;
- Турдубаев Кубанычбек Апышевич Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;
- Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
- Ажикеев Бообек Эргешевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
- Иманалиев Кайрат Олжобаевич Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
- Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |