Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 25-апрели ПЖ № 77
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун дайындалган судьялары төмөнкү райондор аралык сотторго жиберилсин:
- Чүй облусунун:
Асанов Эрлан Джекшенбекович;
Курманов Ашырбек Такишович;
Осмонова Шааркүл Келдибековна;
Султаналиев Нурлан Туруспекович;
- Бишкек шаарынын:
Досмамбетова Чолпон Моңолдоровна;
Эгембердиева Анар Раимжановна;
Эшалиев Азис Маратович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |