Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 25-апрели ПЖ № 78
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин Ош, Ысык-Көл, Баткен, Талас, Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
Абдыкадыров Куралбек Амантаевич;
Даркимбаев Таалайбек Кадралиевич;
Жаманкулов Мелис Раимбердиевич;
Ибраимов Темирбек Маданбекович;
Нартаев Нурман Канатбекович;
Сарыбаев Бакыт Абдылдаевич;
Тагаев Мелис Муктарович;
Туленбаев Таирбек Абдумаликович;
Чагалдакова Махабат Бекболотовна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |