Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 19-февралы ПЖ № 47
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. Кудайбергенов Азис Абылович биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |