Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 6-апрели ПЖ № 84
К.Т. Умоталиев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1 жана 2 бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 5 жылдык мөөнөт бүткөндүгүнө байланыштуу Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотуна мурда жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Умоталиев Кубаныч Токтомуратовичтин ыйгарым укуктары токтотулду жана ал ээлеген кызмат ордунан 2021-жылдын 23-мартынан тартып бошотулду деп эсептелсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |