Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 21-майы ПЖ № 94
А.А. Субанкулов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде токтом кылам:
1. Субанкулов Адылбек Анарбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан жеке каалоосу боюнча бошотулуп, анын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Ш. Жээнбеков |