Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 15-марты ПЖ № 74
Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 7-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" жана "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ортосундагы жарандык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунушун эске алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө төмөнкү адамдардын өтүнүчтөрү канааттандырылсын:
1) Абдивалиев Нургазы Акжолович, кыргыз, 1999-жылы Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Баткен районундагы Капчыгай айылында туулган;
2) Абдурахманов Абдурахман Абдулмажидович, лезгин, 1954-жылы Кыргыз ССРинин Сокулук районундагы Нижне-Чуйское айылында туулган;
3) Абдыкасымова (Тюлегабылова) Шаиргуль Чынгабаевна, кыргыз, 1967-жылы Кыргыз ССРинин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тамга айылында туулган;
4) Агайдарова Гулжан Мусурманкуловна, казак, 1980-жылы Өзбек ССРинин Ташкент облусунда туулган;
5) Аралов Талантбек Жорабаевич, кыргыз, 1980-жылы Кыргыз ССРинин Ош облусунун Сузак районундагы Сузак айылында туулган.
Аны менен бирге балдары: 2008-жылы туулган Аралова Нурзада, 2009-жылы туулган Аралов Ильгизбек, 2012-жылы туулган Аралова Сумая, 2018-жылы туулган Аралов Алинур;
6) Бегуленко Надежда Анатольевна, орус, 1987-жылы Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында туулган;
7) Березуцкий Сергей Петрович, орус, 1971-жылы Казак ССРинин Талды-Курган облусунда туулган;
8) Благовисный Вадим Алексеевич, орус, 1969-жылы Кыргыз ССРинин Кант районундагы Ленин айылында туулган;
9) Бредгауэр Игорь Владимирович, немис, 1968-жылы Казак ССРинин Кокчетав облусунун Ленинград районундагы Коммунизм айылында туулган;
10) Данилин Валентин Вячеславович, орус, 1949-жылы Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында туулган;
11) Демченко (Шухова) Валентина Валерьевна, орус, 1987-жылы РСФСРдын Красноярск крайындагы Минусинск шаарында туулган;
12) Джураев Бурхан Мусалиевич, өзбек, 1972-жылы Кыргыз ССРинин Ош шаарында туулган;
13) Идирисов Нурлан Рахымбердиевич, 1975-жылы Кыргыз ССРинин Талас облусунун Киров районундагы Ключевка айылында туулган;
14) Канищева Елена Александровна, орус, 1974-жылы Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында туулган.
Аны менен бирге балдары: 2007-жылы туулган Матвеева Варвара, 2010-жылы туулган Матвеев Егор;
15) Красникова (Гринченко) Алла Геннадьевна, орус, 1973-жылы Кыргыз ССРинин Калинин районундагы Калинин айылында туулган;
16) Пилипенко (Собко) Любовь Кириловна, орус, 1949-жылы Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында туулган;
17) Рихтер Евгений Александрович, орус, 1967-жылы Кыргыз ССРинин Кант районундагы Ново-Покровка айылында туулган;
18) Рузиев Тахир Белекович, өзбек, 1995-жылы Россия Федерациясынын Чита облусунун Чернышев районундагы Жирекен поселогунда туулган;
19) Садыкова Мадинахон Закировна, өзбек, 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында туулган;
20) Степанович Александр Николаевич, орус, 1962-жылы Кыргыз ССРинин Аламүдүн районундагы Военно-Антоновка айылында туулган;
21) Турнова Ирина Владимировна, орус, 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында туулган.
Аны менен бирге 2012-жылы туулган уулу Сапаров Руслан;
22) Федорченко Виктория Олеговна, орус, 1985-жылы РСФСРдын Москва облусунун Орехово-Зуев районундагы Давыдов кыштагында туулган.
Аны менен бирге 2017-жылы туулган кызы Федорченко Вероника;
23) Халилжанова Мадина Бахтияровна, өзбек, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылында туулган;
24) Халилов Дильмурад Мукарамджанович, өзбек, 1974-жылы Кыргыз ССРинин Ош шаарында туулган;
25) Харченко Вадим Олегович, орус, 1988-жылы РСФСРдын Краснодар крайынын Крылов районундагы Крылов станциясында туулган;
26) Эшанкулова Айжан Исмаиловна, кыргыз, 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Фрунзе районундагы Фрунзе поселогунда туулган;
27) Яровой Максим Николаевич, орус, 1986-жылы Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында туулган;
28) Яровая (Кучма) Ольга Александровна, орус, 1985-жылы Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында туулган.
Аны менен бирге балдары: 2011-жылы туулган Яровая София, 2015-жылы туулган Яровая Милана.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |