КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 7-июну ПЖ № 255
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 95-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. 2021-жылдын 17-июнунан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп курагынын чегине жеткенге чейин дайындалсын:
- Атаев Замирбек Исмаилович;
- Бектемирова Салтанат Кубанычбековна;
- Джунусов Заурбек Турдубаевич;
- Дуйшенбекова Майрагуль Мырзабековна;
- Калыков Бакыт Усенканович;
- Кудабаева Гульбара Ишеновна;
- Омуралиева Анара Медербековна;
- Султанканов Бактыбек Султанканович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |